Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Арктиканы байырлаган сары чычкандын мээси

Арктиканы байырлаган сары чычкандын мээси

ЧЭЭНГЕ кирип, кышы бою уктаган бул жаныбар уйкуга кеткенде, дене табы төмөндөй баштайт. Канчага чейин төмөндөйт? Макулуктардын арасынан Арктиканы мекендеген сары чычкандын дене табы эң төмөнкү градуска чейин, минус 2,9 градуска чейин, түшүп кетет. Андайда анын мээси эмне үчүн тоңуп калбайт? Анын тирүү калышына эмне жардам берет?

Көңүл бурсаңар: Сары чычкан уктап жатканда, анын денеси эки же үч жума сайын кыймылга келип турат. Ошол маалда анын дене табы баштапкы табына чейин, плюс 36,4 градуска чейин, көтөрүлөт жана 12—15 саатка чейин төмөндөбөйт. Окумуштуулардын айткандарына ылайык, так ошол маалдагы жылуулук, кыска мөөнөткө созулса да, сары чычкандын мээсинин тоңуп калбашына жардам берет. Андан тышкары, ал уктап жаткан убакта денесинин башка бөлүктөрүнө караганда баш бөлүгү жылуу болот. Лабораторияда изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан учурда, сары чычкандын моюнунун табы плюс 0,7 градустан төмөн түшкөн эмес.

Сары чычкан ойгонуп жаткан маалда, мээси эки сааттай убакыттын ичинде эле адаттагысындай иштей баштайт. Бир изилдөөдөн айкын болгондой, анын мээси ал ойгонгондон кийин атүгүл мурдагыдан да жакшыраак иштеп калат. Бул окумуштууларды таң калтырып келет. Алар муну өрттөнүп кеткен токойдун ордуна бир күндүн ичинде эле өсүмдүктөрдүн өсүп чыкканына салыштырышат.

Окумуштуулар Арктиканы мекендеген сары чычкандын мээсин изилдөө адамдын мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк түшүнгөнгө көмөк кыларына үмүттөнүшөт. Алар мээнин клеткаларын жабыркаткан оорулардын, анын ичинде Альцгеймер оорусунун кантип алдын алса болору, атүгүл өлүп калган клеткаларды кантип калыбына келтирсе болору жөнүндө көбүрөөк билгенге умтулуп жатышат.

Кандай деп ойлойсуңар? Мээси ушундай өзгөчөлүктөргө ээ болгон, Арктиканы байырлаган бул сары чычкан өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?