Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Швейцария

Швейцарияда жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн 60тан өткөн адамдардын башка күндөргө караганда туулган күнүндө өлүп калуу ыктымалдыгы 14 пайызга жогору болору айкын болгон. Туулган күнүндө жүрөгү кармап өлүп калгандар 18 пайызга, инсульт болгон аялдар 21 пайызга, өзүн өзү өлтүргөн эркектер 35 пайызга көп болот. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ошол күнү өзүн өзү өлтүргөндөрдүн жана кырсыктын көп болушуна стресс, ичимдик себеп болушу мүмкүн. Бирок айрым изилдөөчүлөр буга кошулушпайт. Алар адамдын өлгөн күнүнүн туулган күнүнө дал келип калганы жөнүндөгү билдирүүлөр ката жазылып калышы ыктымал экенин айтышат.

Израиль

Жумушка алардын алдында боло турган бир маекке резюмесине сүрөтүн чаптаган татынакай кыздарга караганда өңдүү-түстүү жигиттер чакырылган. Эмне үчүн? Израилдеги изилдөөчүлөр божомолдогондой, мунун себеби кадрлар бөлүмдөрүндө — маекке кимди чакырууну чечкен бөлүмдөрдө — негизинен аялдардын иштегенинде. «Экономист» журналында буга «болбогон нерсе, атап айтканда, кыз-келиндердин жумушка орношкусу келген сулуу кыздарга ич күйдүлүк кылганы себеп болгону» айтылат.

Кошмо Штаттар

Согушка каршы болгон агымдын үч мүчөсү — 82 жаштагы кечил кемпир, 63, 57 жаштагы эки шериги— жакында эле Окридж (Теннеси штаты) шаарындагы 100 тонна ядролук материал сакталган имаратка жашыруун кирип, согушка каршы экенин билдирген ураандарды жазып кетишкен. Энергетика министри Стивен Чу мырза «дүйнөдөгү эң жакшы кайтарылган ал имаратта» коопсуздукка көңүл бурулбай калганы «абдан тынчсыздандырарын» белгиледи.

Австралия

Жогорку сот тамеки чыгарган компаниялардан тамекинин сыртына соода маркасын жазууга жана компанияга мүнөздүү түстө чыгарууга тыюу салды. Эми тамекинин сырты киргилт боз болуп, ден соолукка зыяндуу экенин көрсөткөн сүрөттөр менен чыкмай болду.