Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?

Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, Ыйык Китепте биздин күндөрдө адамдардын болуп көрбөгөндөй деңгээлде бузулары алдын ала айтылган. Бул адамдардын адеп-ахлаксыздыкка белчесинен батып, коомдогу баалуулуктардын тебеленишине алып келмек a (2 Тиметей 3:1—5). Бирок Кудайдын Сөзүндө баары эле жаман жолго түшүп кетпей турганы айтылган. Андай адамдар Кудайдын жардамы менен башкалардын терс таасирине алдырбай, Кудайга жаккандай жашаганга умтулмак (Ышая 2:2, 3).

Бул макалада төмөндөгүдөй суроолорго жооп алабыз:

 Адамдардын биздин күндөрдө кандай болору жөнүндө күн мурун эмнелер айтылган?

 Ыйык Китепте биздин күндөрдө адамдардын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жаман жакка өзгөрөрү жана анын негизги себеби өзүмчүлдүк болору жазылган. Мисалы, алар «өзүн өзү кармай албаган», «өзүн өзү сүйгөн», «Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн» адамдардан болушмак (2 Тиметей 3:2—4).

 Бул сөздөрдүн бүгүнкү күндө аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Азыркы учурда керт башынын кызыкчылыгын ойлогон, өз пайдасын көздөгөн, «мага эле жакшы болсун, мен эле жыргайын» деген маанайды чагылдырган адамдар көп. Айрымдар ушундай адамдардын тобун «Мен деген муун», атүгүл «Мен, мен жана мен деген муун» деп атап коюшкан. Өз көмөчүнө күл тарткандан башканы билбегендер эч кимге «жакшылык кылгысы келбейт», керек болсо адамгерчиликтен кечип коюшат. Көптөр «жакшылыкты билбегендиктен» башкаларга ыраазычылык билдириш керек же алардын жакшылыгын баалаш керек деп ойлонушпайт (2 Тиметей 3:2, 3).

 Өзүмчүлдүк акыркы күндөрдү өзгөчөлөп турган башка жаман сапаттардын өрчүшүнө да себеп болууда.

  •   Ач көздүк. Бүгүнкү күндө «акчаны сүйүп», анын артынан сая түшкөндөр көп. Алар чөнтөгүң калың болсо же дүнүйө-мүлкүң көп болсо, ийгиликке жеткен адамсың деп ойлошот (2 Тиметей 3:2).

  •   Менменсинүү. Көптөр «мактанчаак, бой көтөргөн, текебер» (2 Тиметей 3:2, 4). Алар байлыгы, жетишкендиктери жөнүндө көбүртүп-жабыртып айтып, мактанганды жакшы көрүшөт.

  •   Каралоо. Азыр «жалаа жапкандардын», «акарат кылгандардын» заманы десе болот (2 Тиметей 3:2, 3). Алар башкаларга, ал тургай Кудайга көө жаап, карандай калпты таратышат.

  •   Өзүнүкүн бербегендик. Азыркы күндө «ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген» адамдар аз эмес (2 Тиметей 3:2—4). Андай кишилер менен жай отуруп сүйлөшүп, бир пикирге келе албайсың. Берген убадасына да турушпайт.

  •   Зордук-зомбулук. Бүгүнкү күндө өзүн кармай албай, ачууга тез эле алдырып жибергендиктен, башкаларга ырайымсыз мамиле кылгандарды көрүп эле жүрөбүз. Мындай терс көрүнүштөр чыр-чатактын, мушташтын көп болушуна себеп болууда (2 Тиметей 3:3).

  •   Мыйзамсыздык. Иса Машаяк биздин күндөрдө «мыйзамсыздык күч аларын» алдын ала айткан (Матай 24:12). Ошондой эле ошонун кесепетинде көтөрүлүштөр, «баш аламандык» болорун пайгамбарлык кылган (Лука 21:9).

  •   Үй-бүлөдө сүйүүнүн муздашы. Балдардын «ата-энесинин тилин албаганы», көптөрдүн «[үй-бүлөсүн] жакындарын сүйбөгөнү» үй-бүлөдөгү кайдыгерликке, кордуктун, зордук-зомбулуктун күч-алышына алып барууда (2 Тиметей 3:2, 3).

  •   Диний эки жүздүүлүк. Учурда «Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн» адамдар да көбөйдү (2 Тиметей 3:5). Андай кишилер Кудайга жакканга умтулгандын ордуна, өздөрү уккусу келгенди айткан диний жетекчилерди ээрчишет (2 Тиметей 4:3, 4).

 Өзүмчүл адамдардын залакасын башкалар кандайча тартууда?

 Көптөр өзүмчүл болуп калгандыктан, алардын азабынан акыл-эс, эмоциялык жактан жабыркагандар болуп көрбөгөндөй көбөйдү (Насаатчы 7:7). Мисалы, акчаны жакшы көргөндөр башкаларды өз пайдасы үчүн колдонот. Жакындарын сүйбөгөндөр болсо кылган мамилеси менен үйүндөгүлөрүн депрессияга, атүгүл жанын кыйганга чейин жеткирет. Ал эми жакындарына чыккынчылык кылгандар аларды азапка салып, жүрөгүнө айыкпаган так калтырат.

 Эмне үчүн адамдардын пейили мынчалык бузулду?

 Ыйык Китепте мунун себептери айкын түшүндүрүлөт:

  •   Адамдардын Кудайга жана бири-бирине болгон сүйүүсү сууп баратат (Матай 24:12). Анын ордуна, өзүмчүлдүк гүлдөгөндөн гүлдөп баратат.

  •   Шайтан Ибилис асмандан жерге куулуп түшүрүлгөн (Аян 12:9, 12). Ошондон бери дүйнө ыймансыздыкка толуп, адамдар, ага окшоп, мыкаачы, өзүмчүл болуп калышты (1 Жакан 5:19).

 Ушундай коомдо жашап жаткандар эмне кылышы керек?

 Кудайдын Сөзүндө: «Андайлардан алыс бол»,— делген (2 Тиметей 3:5). Бул коомдон бөлүнүп, өзүнчө жашаш керек дегенди билдирбейт. Болгону, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, Кудайдан коркпогон адамдар менен жакын мамиледе болгондон сак болушубуз керек (Жакып 4:4).

 Адамдардын баары жаман жакка өзгөрүп кетеби?

 Жок. Ыйык Китепте «бардык жийиркеничтүү иштерден улам үшкүрүнүп, онтоп жаткан кишилердин» болору алдын ала айтылган (Жезекиел 9:4). Алар өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлоп, Кудайдын талаптарына ылайык жашашмак. Ошондой эле сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен жалпы элден кыйла айырмаланып турмак (Малаки 3:16, 18). Мисалы, бардык адамдар менен тынчтыкта болуп, согушка катышпай, зордук-зомбулуктан алыс болушмак (Микей 4:3).

 Ушинтип отуруп дүйнөдө баш аламандык өкүм сүрүп калабы?

 Жок, андай болбойт. Кудай жакында ага баш ийгиси келбегендердин баарын жок кылат (Забур 37:38). Ал «жаңы жерди» — адамзаттын жаңы коомун — орнотот. Бул мүнөзү жумшак адамдардын биз жашап жаткан эле Жер планетасында түбөлүк өмүр сүрөрүн билдирет (2 Петир 3:13; Забур 37:11, 29). Мындай келечек тек гана куру кыял эмес. Себеби Ыйык Китепти окуп-изилдегендер Кудайдын адил жолдорун үйрөнүп, жашоосун азыртадан жакшы жакка өзгөртүп жатышат (Эфестиктер 4:23, 24).

a Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар жана дүйнөдөгү абал — «өзгөчө оор мезгил» деп сыпатталган «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбыздын далили (2 Тиметей 3:1). Бул тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе, «Кайсы белги „акыркы күндөрдө“ же „акыркы убакта“ жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?» деген макаланы окуп көрүңүз.