Мазмунун көрсөтүү

«Өмүр китебине» кимдердин аты жазылат?

«Өмүр китебине» кимдердин аты жазылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Өмүр түрмөгү» же «эстелик китеби» деп да аталган «өмүр китебинде» Жахаба Кудай кимге түбөлүк өмүрдү белек катары берүүнү чечсе, ошолордун аты жазылат (Аян 3:5; 20:12; Малаки 3:16). Кудай андай белекти ага тил алган жана ага ишенимдүү адамдарга гана берет (Жакан 3:16; 1 Жакан 5:3).

 «Дүйнө негизделгенден бери» Кудай андай адамдардын ар бирин, аттарын китепке жазып койгон сыңары, эсинде бек сактап келет (Аян 17:8). Түбөлүк өмүр ала тургандардын аттары жазылган каймана маанидеги ал китепке биринчилерден болуп, сыягы, Кудайдан корккон жана ага ишенимдүү бойдон калган Абылдын аты жазылса керек (Еврейлер 11:4). Өмүр китеби Кудайдын жөн эле белгилүү бир адамдардын тизмесин түзүп койгонун билдирбейт. Ал китеп Кудайдын «өзүнө таандык болгондорду» абдан жакшы билерин жана аларды жакшы көрөрүн айкын далилдеп турат (2 Тиметей 2:19; 1 Жакан 4:8).

«Өмүр китебине» жазылгандардын аттары чийилип салынышы мүмкүнбү?

 Ооба, мүмкүн. Анткени байыркы учурда Кудай ысрайыл элине: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону китебимден чийип таштайм»,— деп айткан (Чыгуу 32:33). Ал эми Кудайга ишенимдүү кызмат кылгандардын аты «өмүр түрмөгүнөн» өчүрүлбөйт (Аян 20:12).