Мазмунун көрсөтүү

Мариям Кудайдын энесиби?

Мариям Кудайдын энесиби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Мариямдын Кудайдын энеси болгону жана Кудайдын кызматчыларынын ага сыйынышы же аны аздектеши керектиги айтылбайт a. Көңүл бурсаңар.

  •   Мариям өзүнүн Кудайдын энеси болгонун бир да жолу айткан эмес. Ыйык Китепте анын Кудайды эмес, «Кудайдын Уулун» төрөгөнү жазылган (Марк 1:1; Лука 1:32).

  •   Иса Машаяк Мариямдын Кудайдын энеси болгонун жана анын аздектелиши керектигин эч качан айткан эмес. Тескерисинче, бир жолу бир аял Исаны төрөгөн аял кандай бактылуу деп айтканда, ал ага: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лука 11:27, 28).

  •   «Кудайдын энеси» жана «Теодокс» (Кудайды төрөгөн) деген наамдар Ыйык Китепте кездешпейт.

  •   «Асман канышасы» деген Ыйык Китептеги сөз айкашы Мариямга карата эмес, Кудайдан баш тартып кеткен ысрайылдыктар сыйынган жалган кудайга карата айтылган (Жеремия 44:15—19). Бабылдыктардын Иштар (Астарта) деген кудайы, кыязы, «Асман канышасы» деп аталган.

  •   Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары Мариямга сыйынышкан эмес, аны аздектешкен да эмес. Бир тарыхчынын айтымында, алар «бирөөлөрдү ыйык киши катары көрүп, аздектешчү эмес. Алар, сыягы, аял кудайга сыйынгандай көрүнүп калбаш үчүн, Мариямды өтө кастарлап, өзгөчө мамиле кылуудан качышчу» («In Quest of the Jewish Mary»).

  •   Ыйык Китепте Кудайдын түбөлүктөн түбөлүккө жашаары жазылган (Забур 90:1, 2; Ышая 40:28). Ал жаралган эмес, демек, анын энеси да болмок эмес. Мындан тышкары, Мариям Кудайды жатынына көтөрө албайт болчу, анткени аны Ыйык Китепте атүгүл асман да батыра албай турганы айтылган (1 Падышалар 8:27).

Мариям «Кудайдын энеси» эмес, Иса Машаяктын энеси болгон

 Мариям Жүйүт элинен чыккан жана Дөөтү падышанын урпактарынан болгон (Лука 3:23—31). Ал Кудайга бекем ишенген, берилген кыз болгондуктан, Кудайдын көз алдында ырайым тапкан (Лука 1:28). Кудай аны Иса Машаяктын энеси болушу үчүн тандаган (Лука 1:31, 35). Мариям күйөөсү Жусуптан да башка балдарды төрөгөн (Марк 6:3).

 Ыйык Китепте Мариямдын Исанын жолдоочусу болгону айтылса да, ал тууралуу кошумча маалымат жок (Элчилер 1:14).

a Бир нече диний агымдарда Мариям Кудайдын энеси деп айтылат. Алар аны «Асман канышасы» же «Теодокс» («Кудайды төрөгөн» деген маанини туюнткан грек сөзү) деп аташат.