1 Корунттуктар 1:1—31

1  Кудайдын эрки менен+ Иса Машаяктын элчиси болууга чакырылган+ Пабылдан, ошондой эле Состен+ бир тууганыбыздан  Кудайдын Корунттагы*+ жыйналышына, Машаяк Исанын шакирттери катары ыйыкталган+ жана бардык жерде баарыбыздын Мырзабыз+ Иса Машаяктын ысмын+ чакырып жаткандар менен бирге ыйык болууга чакырылган+ силерге:  Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын+ ырайымы+, тынчтыгы+ силер менен болсун.  Мен Кудайдын силерге Машаяк Иса аркылуу+ ырайым көрсөткөнүн+ ойлоп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирем.  Себеби силер Машаяк аркылуу бардык жагынан байыдыңар+: сөздү жарыялоо жөндөмдүүлүгүнө, билимге толугу менен ээ болдуңар+.  Анткени Машаяк жөнүндөгү кабар+ жүрөгүңөрдөн бекем орун алды.  Ошондуктан эч бир белектен+ өксүгөн жоксуңар жана Мырзабыз Иса Машаяктын ачылышын+ чыдамсыздык менен күтүп жатасыңар.  Мырзабыз Иса Машаяктын+ күнүндө+ силерден эч кандай айып табылбашы үчүн+, Кудай силерди акырына чейин бекемдейт+.  Силерди өзүнүн Уулу Мырзабыз Иса Машаяк менен биримдикте болууга чакырган+ Кудай ишенимдүү+. 10  Бир туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан+ силерди буга чакырам+: баарыңардын сөзүңөр бир болсун+, ич ара бөлүнбөгүлө+, тескерисинче, бир ой, бир пикир аркылуу биримдикте болгула+. 11  Себеби, бир туугандарым, Клоянын үйүндөгүлөрүнөн араңарда пикир келишпестиктер бар экенин уктум+. 12  Айтайын дегеним, баарыңар «мен Пабылдын шакиртимин», «мен Аполостукумун»+, «мен Кейфаныкымын*», «мен Машаяктыкымын» деп бөлүнүп жатыптырсыңар. 13  Ошентип, Машаяктын жыйналышы бөлүнүп жатат+. Силер үчүн устунга Пабыл кадалды беле? Же Пабылдын аты менен чөмүлтүлдүңөр беле?+ 14  Криспос+ менен Гайдан+ башкаңарды чөмүлтпөгөнүм үчүн Кудайга шүгүр. 15  Андыктан араңардан эч ким менин атым менен чөмүлтүлгөнүн ырастай албайт. 16  Ооба, мен Истефандын үйүндөгүлөрүн+ да чөмүлткөм. Алардан башка дагы кимди чөмүлткөнүм эсимде жок. 17  Машаяк мени башкаларды чөмүлтүш үчүн эмес, жакшы кабар жарыялаш үчүн жиберген+. Бирок акылмандык менен сүйлөш үчүн жиберген эмес+, болбосо Машаяктын жаза устуну жараксыз болуп калмак. 18  Жаза устуну жөнүндөгү кабар — жок боло тургандар+ үчүн акылсыздык+, ал эми куткарыла турган+ биз үчүн Кудайдын күчү+. 19  Анткени Ыйык Жазмада: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам+, акылдуулардын+ акылын четке кагам»,— деп жазылган+. 20  Бул дүйнөнүн даанышмандары кайда? Мыйзам билермандары* кайда?+ Талаш-тартышты жакшы көргөн адамдары кайда?+ Кудай бул дүйнөнүн+ акылмандыгы акылсыздык экенин көрсөткөн жокпу?+ 21  Кудайдын акылмандыгын мындан көрүүгө болот: дүйнө өзүнүн акылмандыгы+ менен Кудайды таанып-билбегендиктен+, Ал ишенгендерди биз жарыялап жаткан, башкаларга акылга сыйбагандай көрүнгөн кабар+ аркылуу куткарууну туура көрдү. 22  Жүйүттөр жышаан көрсөтүүнү талап кылышат+, гректер акылмандыкты издешет+. 23  Биз болсо устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз+. Бул — жүйүттөр үчүн мүдүрүлүүгө себеп+, ал эми башка элдер үчүн акылсыздык+. 24  Бирок чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, грек болобу, Машаяк — Кудайдын күчү+, Кудайдын акылмандыгы+. 25  Анткени Кудайдын акылсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан акылдуу, алсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан күчтүү+. 26  Бир туугандар, Кудайдын кимдерди чакырганын+ өзүңөр көрүп турасыңар: араңарда пенделик көз караш боюнча акылман+, күчтүү же тектүү болгондор көп эмес+. 27  Акылмандарды уятка калтырыш үчүн Кудай дүйнөдө акылсыз деп эсептелгендерди тандап алды+, күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди тандап алды+. 28  Кудай дүйнөдө тексиз деп эсептелгендерди, баркка алынбагандарды тандап алды, бар болгондорду жок кылыш үчүн+ жок болгондорду тандап алды+. 29  Кудай Өзүнүн алдында эч бир адам мактана албашы үчүн ошондой кылды+. 30  Ал силердин Машаяк Иса менен биримдикте болушуңарга шарт түздү. Машаяк болсо бизге Кудайдын акылмандыгын+, ошондой эле адилдикти+, ыйыктыкты+ ачып берип, кун аркылуу бошонушубузга жол ачты+. 31  Ыйык Жазмадагы: «Ким мактанса, Жахаба менен мактансын»+,— деген сөздөр аткарылышы үчүн ошондой болду.

Шилтемелер

Коринф.
Элчи Петирдин дагы бир аты.
Сөзмө-сөз: «китепчилери».