Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

E+/taseffski/via Getty Images (Stock photo. Posed by model.)

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Өспүрүмдөрдүн акыл-эс саламаттыгы барган сайын жабыркоодо. Ыйык Китепте эмне делет?

Өспүрүмдөрдүн акыл-эс саламаттыгы барган сайын жабыркоодо. Ыйык Китепте эмне делет?

 2023-жылы 13-февралда, дүйшөмбү күнү, АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (ОКАБ) АКШда жашаган өспүрүмдөрдүн акыл-эс саламаттыгына байланыштуу отчёт берди. Ага ылайык, жогорку класстарда окугандардын 40 пайыздан көбүнүн дайыма көңүлү чөгүп, үмүтсүздүккө кабылып келет.

 «Акыркы 10 жылдан ашуун убакыттын ичинде өспүрүмдөрдүн акыл-эс саламаттыгы начарлап кеткени байкалып жатат,— дейт ОКАБга караштуу Жеткинчектердин жана мектеп окуучуларынын саламаттыгы бөлүмүнүн жетекчиси Доктор Кэтлин Айдер.— Айрыкча, өспүрүм кыздардын акыл-эс саламаттыгы болуп көрбөгөндөй начарлап кетти. Алардын көбү өмүрүмдү кыйсамбы деп ойлонот, атүгүл аракет кылгандары да аз эмес».

 Отчётто төмөнкү нерселер айтылган:

  •   Он өспүрүм кыздын бири (14 пайыз) эркине каршы жыныстык мамиледе болгонго мажбур болгон. «Бул көз жаздымда калбашы керек. Себеби силер тааныган 10 өспүрүм кыздын, бери дегенде, бири же балким, андан көбү зордукталган»,— дейт Доктор Айдер.

  •   Болжолу, үч өспүрүм кыздын бири (30 пайыз) өмүрдөн кечсемби деп олуттуу ойлонгон.

  •   Болжол менен беш өспүрүм кыздын үчү (57 пайыз) дайыма көңүлү чөгүп, үмүтү жок жашап келет.

 Бул билдирүү жүрөктү сыздатпай койбойт. Анткени балалык — ойноп, жыргап-күлө турган учур. Өспүрүмдөр болсо бүгүн стресске кабылып жатышат. Аларга күрөшкөнгө эмне жардам берет? Ыйык Китепте эмне делет?

Өспүрүмдөргө керектүү Ыйык Китептеги кеңештер

 Ыйык Китепте биздин «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатканыбыз ачык эле айтылат. Ошон үчүн кыйынчылыктын учугу уланып жатканы таң калыштуу эмес (2 Тиметей 3:1—5). Ыйык Китеп — мезгил карыса да, өзү карыбаган китеп. Андыктан андагы кеңештер дүйнө жүзүндөгү миллиондогон өспүрүмдөргө кыйынчылыктарын жеңгенге жардам берип келет. Ыйык Китепке негизделген төмөндөгү макалаларды окуп көргүлө:

 Өмүрүн кыйгысы келген өспүрүмдөргө

 Депрессияга, көңүл чөгөттүккө кабылган же терс сезимдер менен күрөшүп жүргөн өспүрүмдөргө

 Теңтуштарынан кордук көрүп жаткан же киберкуугунтукка кабылган өспүрүмдөргө

 Сексуалдык асылууга туш болгон өспүрүмдөргө

Ата-энелерге керектүү Ыйык Китептеги кеңештер

 Ыйык Китепте ата-энелер үчүн да пайдалуу кеңештер бар. Аларды колдонуп ата-энелер балдарына жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам бере алышат. Ыйык Китепке негизделген төмөндөгү макалаларды окуп көргүлө: