Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Өспүрүм кызыңар стресс болуп жатса...

Өспүрүм кызыңар стресс болуп жатса...

КӨЙГӨЙ

Кызыңар стресс болуп жатканын айтканда, ага ишене албай: «Кызым араң эле 13кө чыкты да, стресс деген эмне экенин билип коюптурбу!» — деп ойлоноттурсуңар. Бирок кызыңарга ушинтип айтардан мурда жашоо ага эмне себептен оор сезилип жатканын ойлонуп көргүлө.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Организминдеги өзгөрүү. Кыздар жыныстык жактан жетилип жаткан куракта, өзгөчө, курбуларынан эрте же кеч жетилгенде аябай бушайман болушат. «Эрте эле бюстгалтер тагынгандыктан аябай оңтойсузданчумун,— дейт 20 жаштагы Анна *.— Курбуларымдан бөтөнчө болгонума уяла берчүмүн».

Маанайынын өзгөрүшү. 17 жаштагы Карен мындай дейт: «Күндүз жадырап-жайнап, жакшынакай болуп жүрүп эле, түн ичинде көзүмдүн жашын көл кылып ыйлай берчүмүн. Эмнеден улам ошентип жатканымды түшүнчү эмесмин. Мага сезимдеримди башкара албай жатканымдай сезилчү».

Айызынын келе башташы. «Апам бул жөнүндө мурда көп эле айтып берсе да, айызымдын келиши мен үчүн күтүлбөгөн нерседей болду,— дейт Кэтлин деген жаш кыз.— Кирдеп кеткенсип жүдөй бергендиктен бир күндө бир нече жолу жуунчумун. Анысы аз келгенсип, үч байкем да мазактай берчү. Алар жетилип келаткан курактагы кыйынчылыктарымды тамаша көрүшчү».

Курбуларынын кысымы. 18 жаштагы Мари: «12, 14 жаштарымда мен теңдүүлөрдүн кысымы аябай күчтүү болчу. Мектептегилер башкалардан айырмаланып тургандарды басынта беришчү»,— дейт. 14 жаштагы Анита болсо: «Мендей куракта досторуңдун катарына кошулгуң келет. Ошондуктан сени бөлүп, кошпой койгондо, аябай жаман болосуң»,— дейт.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Стресс болуп жатканын ачык айтканга үндөгүлө. Кызыңар башында сүйлөшкүсү келбеши мүмкүн. Бирок чыдамдуу болгула жана Ыйык Китептеги: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө,.. шашпасын»,— деген кеңешке ылайык иш кылгыла (Жакып 1:19).

Стресс болуп жатканына олуттуу маани бергиле. Анын силердей болуп көп нерсени түшүнө электигин, стресс менен кантип күрөшсө болорун үйрөнө электигин унутпагыла. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 15:1.)

Өтө көп ийримдерге катыштырып, оор жүк артпагыла. Балдарды тарбиялоо жөнүндөгү бир китепте өтө эле көп милдет артылган жаштардын «стресс болору, бул, өзгөчө, башы, ашказаны ооруганынан байкалары» жазылган («Teach Your Children Well»). (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 1:9, 10.)

Уйкусу канып жаткан-жатпаганына көңүл бургула. Өспүрүмдөр уйкуга анча маани беришпейт. Бирок өспүрүм кызыңар уйкусун кандыра уктабаса, ой жүгүртүүсү начарлайт, стрессти да көтөрө албай калат. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 4:6.)

Стрессти чыгаруунун туура жолдорун тапканга жардам бергиле. Кыздардын айрымдарына көнүгүү жасоо көп бушайман болбогонго көмөк кылат. Ыйык Китепте да «денени машыктыруунун пайдасы» бар экени айтылат (1 Тиметей 4:8). Башкаларына стресс учурунда туура көз карашта болгонго күндөлүк жазуу жардам берет. 22 жаштагы Бриттани өспүрүм кезин мындай деп эскерет: «Чече албаган көйгөйлөрүмдү жазып койчумун. Бул ошол көйгөйгө карата кандай ойдо экенимди түшүнгөнгө жардам берчү. Ошонун аркасында аны чечүү оңоюраак болуп калчу же ага анча деле маани бербей калчумун».

Үлгү болгула. Ата-энелер, силер стресс менен кантип күрөшөсүңөр? Мойнуңарга көп ишти артып алып, бүтүрүш керек болгондо алапайыңарды таппай калбайсыңарбы? Кара жаныңарды карч уруп иштеп жатып маанилүү нерселерге убактыңар калбай калбайбы? «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— делет Ыйык Китепте (Филипиликтер 4:5). Кызыңар силерден үлгү аларын, силерден же жакшы, же жаман нерсени үйрөнөрүн эстен чыгарбагыла.

^ абз. 6 Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.