Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыкты билгенибиз маанилүүбү?

Чындыкты билгенибиз маанилүүбү?

 Силерге эмне чындык, эмне калп экенин айырмалаш барган сайын кыйын болуп бараткандай сезилеби? Азыркы учурда адамдар фактыларга караганда сезимдерине, жеке көз карашына көбүрөөк таянышат. Ошондон улам бүгүнкү күндө көптөр чындык деген нерсе жок деп айтышат.

 Бирок мындай көз караш илгери эле болгон. Мындан 2 000 жылдай мурун Рим башкаруучусу Понтий Пилат Исадан: «Чындык деген эмне?» — деп сураган (Жакан 18:38). Бирок ал жөн эле сурап койгон, жооп алгысы деле келген эмес. Анткен менен ал маанилүү суроо берген. Ыйык Китептен эмне чындык, эмне калп экенин биле аласыңар. Анын жардамы менен чындык менен калп аралашып кеткен дүйнөдө туура жолду таба аласыңар.

Деги эле чындык деген нерсе барбы?

 Ооба, бар. Ыйык Китепте «чындык» деген сөз фактыларга негизделип, талашсыз, өзгөрүлгүс нерсеге карата колдонулат. Ыйык Китепке ылайык, Жахаба a Кудай төгүндөлгүс чындыктын булагы болгондуктан «чындыктын Кудайы» деп аталат (Забур 31:5). Кудай Ыйык Китепке чындыкты жаздырган. Анын Сөзүндө чындык азыркы караңгы дүйнөдө туура жолду тапканга жардам берген жарыкка салыштырылат (Забур 43:3; Жакан 17:17).

Чындыкты кантип таба аласыңар?

 Кудай Ыйык Китепте жазылган чындыкты сокур ишенимге жетеленип эле кабыл алышыбызды каалабайт. Ал бизди сезимдерге жетеленбей, акыл жөндөмүбүздү колдонуп, билгендерибиздин чын-төгүнүн текшерип, изилдеп көргөнгө чакырат (Римдиктер 12:1). Ал биздин аны «бүт акылыбыз» менен таанып-билип, сүйүшүбүздү каалайт. Ошондой эле Ыйык Китептен билгендерибиздин чындык экенине ынанууга үндөйт (Матай 22:37, 38; Элчилер 17:11).

Биринчи калп каяктан келип чыккан?

 Ыйык Китепте Кудайдын душманы Шайтан Ибилис эң биринчи калпты айтканы жазылат. Ошон үчүн ал «жалгандын атасы» деген атка конгон (Жакан 8:44). Ал биринчи түгөйлөргө Кудай жөнүндө калп айткан (Башталыш 3:1—6, 13, 17—19; 5:5). Ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин Кудай жөнүндөгү чындыкты жашырып, ар кандай калпты таратып келет (Аян 12:9).

Эмне себептен калп бүгүнкү күндө боло жүргөн нерсеге айланды?

 Ыйык Китепте биздин күндөр «акыркы күндөр» деп аталат. Учурда Шайтан жер бетиндеги адамдарды болуп көрбөгөндөй деңгээлде адаштырып жатат. Жалпы жонунан алганда, адамдар өз көмөчүнө күл тартыш үчүн башкаларды адаштырып, алдашат (2 Тиметей 3:1, 13). Көптөгөн диндерде да калп боло жүргөн нерсеге айланып калган. Ыйык Китепте биздин күндөрдө адамдар «өздөрү уккусу келген нерселерди сүйлөгөн окутуучуларды тандап», «чындыкты угуудан баш тартары» алдын ала айтылган (2 Тиметей 4:3, 4).

Чындыкты айырмалай билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

 Адамдар бири-бирине ишене алышы үчүн чындыкты айтуу абдан маанилүү. Ортодо ишеним болбосо, достук мамиле курулбайт, коом да чачырап кетет. Кудай биздин сыйынуубуздун чындыкка негизделишин каалайт. Ыйык Китепте бул тууралуу: «[Кудайга] сыйынгандар ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышы керек»,— деп жазылган (Жакан 4:24). Ыйык Китепте жазылган чындык Кудайга жакпаган жалган окууларды аныктаганга жана ага жаккандай сыйынганга жардам берет. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайды сүйүүгө тоскоол болгон жалган түшүнүктөр» деген катар макалаларды окуп көргүлө.

Эмне үчүн Кудай чындыкты билишибизди каалайт?

 Кудай силердин жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүңөрдү каалайт. Ан үчүн ал жөнүндөгү чындыкты билишиңер керек (1 Тиметей 2:4). Кудайдын алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин билсеңер жана ошого ылайык жашасаңар, аны менен ынак мамиле өрчүтө аласыңар (Забур 15:1, 2). Адамдар чындыкты билиши үчүн Кудай Иса пайгамбарды жерге жиберген. Кудай биздин Иса пайгамбардын айткандарын аткарышыбызды каалайт (Матай 17:5; Жакан 18:37).

Кудай качандыр бир убакта жалгандыкты жок кылабы?

 Ооба. Кудай башкаларды алдап, пайда көргөндөрдү жек көрөт. Ошондуктан ал калп айтканын токтотпогондорду жер бетинен жок кылууну убада кылган (Забур 5:6). Ошол убак келгенде, анын: «Чындыкты сүйлөгөн ооз түбөлүккө калат»,— деген убадасы да аткарылат (Накыл сөздөр 12:19).

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.