Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептеги туураны туура эместен айырмалаганга жардам берген мыйзамдар эскирип калдыбы?

Ыйык Китептеги туураны туура эместен айырмалаганга жардам берген мыйзамдар эскирип калдыбы?

 Көптөр, атүгүл Иса пайгамбардын жолун жолдойбуз дегендер Ыйык Китептеги жыныстык катнашка жана никеге карата берилген мыйзамдар эскирип калган деп эсептешет. Айрым чиркөөлөр болсо эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу көрсөтмөлөрүн заманга ылайыкташтырып өзгөртүп алышкан. Кудайдын Сөзүндөгү туураны туура эместен айырмалаганга жардам берген мыйзамдар эскирип калганбы? Жок, анда эмне үчүн ушинтип айтса болорун карап көрөлү.

Адам баласы Кудайдын эмне жакшы, эмне жаман экенине байланыштуу нормаларына муктаж

 Адамдар Кудайдан жетекчилик издегидей болуп жаратылган. Ыйык Китепте: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— делет (Жеремия 10:23). Жахаба a Кудай бизди өз алдыбызча чечим чыгара ала тургандай кылып жараткан. Бирок ал бизге эмне туура, эмне туура эмес экенин чечкенге укук же жөндөм берген эмес. Мына ошон үчүн бул жагынан ал ага таянышыбызды каалайт (Накыл сөздөр 3:5).

 Биз Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу көрсөтмөлөрүн Ыйык Китептен таба алабыз. Аларга кармануу эмне үчүн маанилүү экенинин эки себебине токтололу.

  •   Кудай бизди жараткан (Забур 100:3). Жахаба бизди жараткандыктан, ден соолугубуз чың болуш үчүн, акыл-эс, эмоциялык саламаттыгыбыз жакшы болушу үчүн жана бактылуу жашашыбыз үчүн эмне керектигин билет. Ошондой эле анын адеп-ахлак нормаларына карманбасак, кесепети кандай болорун да билет (Галатиялыктар 6:7). Жаратканыбыз бизге жакшылык эле каалайт. Мына ошондуктан Ыйык Китепте Кудайдын: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»,— деген сөздөрү жазылган (Ышая 48:17).

  •   Каалоолорубуз бизди жаман жолго түртүп коюшу мүмкүн. Көптөр эмне туура, эмне туура эмес экенин жүрөгүнө — каалоолоруна, сезимдерине — жетеленип аныктаса болот деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— делет (Жеремия 17:9). Эгер жүрөгүбүздү Кудайдын акылмандыгына бурбасак, кийин бармагыбызды тиштеп кала тургандай иштерди кылып алышыбыз мүмкүн (Накыл сөздөр 28:26; Насаатчы 10:2).

Диний жетекчилердин Кудай бекиткен принциптерди баркка албаганы туурабы?

 Жок! Ыйык Китепте Кудай жөнүндө чындык жазылган. Ошондой эле андан Кудай бизди кантип жашашыбызды каалаарын да биле алабыз (1 Корунттуктар 6:9—11; Галатиялыктар 5:19—23). Кудай бардык адамдардын ушуну билишин каалайт (1 Тиметей 2:3, 4). Ошондуктан Кудайдын кызматчылары анын Сөзүндө айтылгандарды башкаларга окутуп-үйрөтүшү керек (Тит 1:7—9).

 Кудайдын адеп-ахлак нормаларына кармангысы келбегендер «өздөрү уккусу келген нерселерди сүйлөгөн» диний жетекчилерге кайрылышат (2 Тиметей 4:3). Бирок Кудайдын Сөзүндө: «Жакшыны жаман, жаманды жакшы дегендердин... башына каран түн түшөт!» — деген эскертүү жазылган (Ышая 5:20). Кудай эмне туура, эмне туура эмес экенин элге так жеткирбеген диний жетекчилерди жоопко тартат.

Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларга кармангандардын адилсингени туурабы?

 Жок. Кудайга жаккысы келгендер Иса Машаяктын үлгүсүн туурашат жана анын айткандарына карманышат. Ал жолдоочуларын башкаларды ашкерелеп-айыптаганга эмес, аларды сүйгөнгө, урматтаганга үндөгөн (Матай 5:43, 44; 7:1).

 Исанын жолун жолдогондор жашоосунун бардык тармагында Кудайдын адеп-ахлак нормаларына карманышат. Бирок алар башкалардын өздөрү каалаган жолду тандаганга укугу бар экенин түшүнүшөт (Матай 10:14). Иса жолдоочуларына саясатты колдонуп же дагы башка жолдор менен башкаларды Кудайдын нормаларына ылайык жашоого мажбурлоого укук берген эмес (Жакан 17:14, 16; 18:36).

Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына карманганыбыздын кандай пайдасы бар?

 Кудайдын туураны туура эместен ажыратканга жардам берген мыйзамдарына ылайык жашагандар, анын пайдасын азыртадан эле көрүп жатышат. Келечекте да мол бата алышат (Забур 19:8, 11). Алардын айрымдары булар:

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).