Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 15:13. «Аныкынан өткөн сүйүү жок»

Жакан 15:13. «Аныкынан өткөн сүйүү жок»

 «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок» (Жакан 15:13, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок» (Жакан 15:13, «Үмүт нуру» котормосу).

Жакан 15:13түн мааниси

 Иса жолдоочуларынын бири-бирине болгон сүйүүсү абдан күчтүү болушу керектигин, атүгүл алар бири-бири үчүн өмүрүн берүүгө даяр болушу керектигин түшүнүшүн каалаган.

 Жогорудагы сөздөрдү айтканга чейин Иса элчилерине: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө»,— деген (Жакан 15:12). Исанын аларга болгон сүйүүсү кандай эле? Ал шакирттерин өз кызыкчылыгын көздөбөй, жан аябастык менен сүйгөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал жолдоочуларынын жана башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Ошондой эле адамдарды ооруларынан айыктырып, аларга Кудайдын Падышалыгы a жөнүндө айтып берген. Ал башкалардын пайдасын көздөп, төмөн деп эсептелген иштерди да аткарган (Матай 9:35; Лука 22:27; Жакан 13:3—5). Бирок Жакан 15:13тө Иса андан да күчтүү сүйүү жөнүндө айткан. Ошол сөздөрдү айткандан бир нече саат өткөндөн кийин эле ал «көптөр үчүн жанын кун катары» берип, ошондой күчтүү сүйүүнү иш жүзүндө көрсөткөн (Матай 20:28; 22:39). Иса башкаларды өзүнөн артык көрөрүн ушундай өзгөчө жол менен далилдеген.

 Иса адамзатты жакшы көрөт. Бирок анын окуулары боюнча жашагандарды бөтөнчө жакшы көрөт. Ал шакирттерин жакын досторундай көргөн, себеби алар анын айткандарын аткарып, кыйын кезеңде жанында болушкан (Лука 22:28; Жакан 15:14, 15). Ошондуктан алар үчүн өмүрүн бергенге ого бетер түрткү алган.

 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары анын айткандарын жашоосунда колдонуп, бири-бири үчүн өмүрүн бергенге даяр болушкан (1 Жакан 3:16). Чынында эле, Исаныкындай сүйүү — жан аябас сүйүү — анын жолдоочуларын башкалардан айырмалап турмак (Жакан 13:34, 35).

Жакан 15:13түн контексти

 Жакан Инжилинин 13—17-бөлүмдөрүндө Исанын 11 ишенимдүү элчисине өлөр алдында айткан насааты жана алар менен чогуу акыркы жолу тиленгени жазылган. Ошондон бир нече саат өтүп-өтпөй эле Исаны өлүм жазасына тартышкан. 15-бөлүмдө Иса шакирттерин жемиш алып келген жүзүмдүн бутактарына салыштырган. Бул мисал аркылуу Иса шакирттери анын жолдоочулары экенин далилдеши үчүн аны менен биримдикте болушу керектигин көрсөткөн. Ошондой эле аларды «көп жемиш бере» бергенге үндөгөн (Жакан 15:1—5, 8). Ан үчүн алар башкаларга жан аябас сүйүү көрсөтүшү, анын ичинде Иса кабар айткандай, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялашы керек болчу (Лука 4:43; Жакан 15:10, 17).

 Жакан китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Кудайдын Падышалыгы — бул асмандагы өкмөт. Ал аны жердин үстүнөн башкарыш үчүн жана эркин аткарыш үчүн орноткон (Даниел 2:44; Матай 6:9, 10). Ал тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген макаланы окуп көргүлө.