Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяк кандайча «көптөр үчүн жанын кун катары берген»?

Иса Машаяк кандайча «көптөр үчүн жанын кун катары берген»?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса Машаяк өмүрүн кун катары бергендин аркасында Кудай адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарат. Ыйык Китепте Исанын төгүлгөн каны кун катары төлөнгөн баа экени айтылат (Эфестиктер 1:7; 1 Петир 1:18, 19). Иса пайгамбар өзү дагы «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келгенин» айткан (Матай 20:28).

Эмне себептен «көптөр үчүн... кун» төлөнүшү керек эле?

 Эң биринчи жаратылган Адам ата күнөөсү жок, жеткилең болгон. Ал Кудайдын тилин албай койгону үчүн түбөлүк өмүрдөн айрылып калган (Башталыш 3:17—19). Күнөө анын балдарына тукум кууп өткөн (Римдиктер 5:12). Ошол себептен Ыйык Китепте Адам атанын өзүн жана урпактарын күнөө менен өлүмдүн «кулчулугуна» сатып жибергени айтылат (Римдиктер 7:14). Анын балдарынын бири да Адам ата жоготкон нерсени кайтарып ала албайт болчу (Забур 49:7, 8).

 Кудай боорукер болгондуктан Адам атадан тараган, үмүтсүз абалга кептелген адамзатка кол шилтеп койгон эмес (Жакан 3:16). Анткен менен, адилеттүү болгондуктан ал адамзаттын күнөөсүнө жөн эле көз жумуп коё албайт. Аларды кечириш үчүн кандайдыр бир негиз керек (Забур 89:14; Римдиктер 3:23—26). Кудай адамзатты ушунчалык сүйгөндүктөн алардын күнөөсүн кечирип эле койбостон, аны толугу менен жок кыла ала турган мыйзамдуу чара көргөн (Римдиктер 5:6—8). Кун — ошол мыйзамдуу чаранын өзү.

Кундун күчү

 Ыйык Китептеги «кун» деген сөз өз ичине үч нерсени камтыйт.

  1.   Төлөө (Сандар 3:46, 47).

  2.   Бошотуу, башкача айтканда, талап кылынган кунду берүү (Чыгуу 21:30).

  3.   Төлөнө турган нерсеге ылайык келе турган, аны жаба турган баа a

 Ушул үч нерсенин Иса Машаяк төлөгөн кунга кандай тиешеси бар экенин карап көрөлү.

  1.   Төлөө. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын «кымбат баага сатылып алынганы» айтылат (1 Корунттуктар 6:20; 7:23). Ошол «кымбат баа» Иса Машаяктын канын билдирет. Ал өзүнүн каны менен «ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды Кудайга бериш үчүн сатып алган» (Аян 5:8, 9).

  2.   Бошотуу. Иса пайгамбар төлөгөн кун аркылуу күнөөдөн бошонушубузга жол ачылган (1 Корунттуктар 1:30; Колосалыктар 1:14; Еврейлер 9:15).

  3.   Ылайык келе турган баа. Иса Машаяктын куну Адам ата жоготкон нерсени, жеткилең өмүрдү, кайтарып алууга ылайыктуу баа болгон (1 Корунттуктар 15:21, 22, 45, 46). Ыйык Китепте: «Бир адамдын [Адам атанын] тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгондой эле, бир адамдын [Иса Машаяктын] тил алчаактыгынан көптөр адил болушат»,— деп айтылат (Римдиктер 5:19). Мындан көптөгөн күнөөкөрлөрдү бир адамдын өмүрү куткара алары көрүнүп турат. Иса Машаяк өмүрүн «бардыгы үчүн ылайыктуу кун катары» берген. Албетте, кундун пайдасы тийишин каалагандар тийиштүү кадамдарды жасашы керек (1 Тиметей 2:5, 6).

a Ыйык Китепте «кун» деп которулган сөздүн мааниси түп нускада бир нерсеге төлөнгөн бааны билдирет. Мисалы, еврей тилиндеги кафар деген этиш «каптоо» же «жабуу» деген маанини туюнтат (Башталыш 6:14). Бул сөз көпчүлүк учурда күнөөнү жабуу, кечирүү деген маанини бериш үчүн колдонулат (Забур 65:3). Бул сөзгө тектеш келген кофер деген зат атооч күнөөнү жабуу үчүн төлөнчү баага карата колдонулат (Чыгуу 21:30). Көп учурда «кун» деп которулган литрон деген грек сөзүн «бошото турган акы» деп да которсо болот (Матай 20:28; «The New Testament in Modern Speech», Р. Ф. Веймут). Грек жазуучулары бул сөздү согушта туткунга түшкөн бирөөнү же кулду бошотуш үчүн төлөнчү баага карата колдонушчу.