Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте табигый кырсыктар тууралуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте табигый кырсыктар тууралуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай бүгүнкү күндө болуп жаткан табигый кырсыктарга жооптуу эмес. Ошентсе да ал табигый кырсыктардан жапа чегип жаткан адамдардын камын ойлойт. Кудайдын Падышалыгы адамзатты азапка салган кырсык-каргашалардын баарын, анын ичинде табигый кырсыктарды жок кылат. Ал убак келгиче, Кудай табигый кырсыктардан зыян тарткандарды сооротуп-жубатат (2 Корунттуктар 1:3).

 Табигый кырсыктар Кудайдын жазасы эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

 Ыйык Китептен сот өкүмдөрүн ишке ашырыш үчүн Кудайдын табият күчтөрүн колдонгонун билебиз. Анын табият күчтөрүн колдонгону табигый кырсыктардан кыйла айырмаланат.

  •   Табигый кырсыктар адамдарды ылгабай өлтүрөт жана жабыр тарттырат. Ал эми Кудай, Ыйык Китептен билгенибиздей, табият күчтөрү аркылуу ыймансыз адамдарды гана жок кылат. Мисалы, Кудай Содом менен Амор деген байыркы шаарларды кыйратканда Лот деген адил кишини эки кызы менен сактап калган (Башталыш 19:29, 30). Ал ошол учурда жашаган адамдардын жүрөгүн көрүп тургандыктан жамандарын гана жок кылган (Башталыш 18:23—32; 1 Шемуел 16:7).

  •   Табигый кырсыктар дээрлик бардык учурда күтүүсүздөн болот. Ал эми Кудай ыймансыз адамдарга адегенде эскертип, анан табият күчтөрү аркылуу жок кылган. Эскертүүгө кулак каккандары болсо аман калышкан (Башталыш 7:1—5; Матай 24:38, 39).

  •   Табигый кырсыктардын болушуна кандайдыр бир деңгээлде адамдар себепкер. Кандайча? Алар жаратылышка зыян келтирип жатышат жана жер титирөө, суу ташкыны көп боло турган жана аба ырайы кескин өзгөрүп турган жерлерге турак жайларды курууда (Аян 11:18). Адамдардын ушундай иш кылып жатканына Кудай күнөөлүү эмес (Накыл сөздөр 19:3).

 Табигый кырсыктар акыркы күндөрдө жашап жатканыбыздын белгисиби?

 Ооба. Ыйык Китепте айтылган пайгамбарлык сөздөрдөн «дүйнө түзүлүшү» «аяктап баратканда», башкача айтканда, «акыркы күндөрдө» табигый кырсыктардын болорун билүүгө болот (Матай 24:3; 2 Тиметей 3:1). Мисалы, биздин күндөр тууралуу Иса пайгамбар: «Жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот»,— деп айткан (Матай 24:7). Кудай адамзатты азапка салып келаткан нерселердин баарын жакында жок кылат, анын ичинде табигый кырсыктарды токтотот (Аян 21:3, 4).

 Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге Кудай кантип жардам берет?

  •   Кудай табигый кырсыктардан жапа чеккендерди өзү жаздырган Ыйык Китеп аркылуу сооротуп-жубатат. Ыйык Китепте Кудайдын бизге кам көрөрү жана азап тартканыбызда анын жүрөгү оорууру айтылат (Ышая 63:9; 1 Петир 5:6, 7). Ыйык Китепте Кудайдын бир да табигый кырсык болбой турган замандын келерин убада кылганы жазылган (« Табигый кырсыктардан зыян тарткандарды жубата турган Ыйык Китептеги аяттар» деген бөлүмчөнү карагыла).

  •   Кудай табигый кырсыктардан зыян тарткандарга кызматчылары аркылуу жардам берет. Кудай жердеги кызматчыларын Исадан үлгү алууга түрткү берет. Иса пайгамбардын «жүрөгү жаралангандарды», «кайгыргандарды» сооротору тууралуу алдын ала айтылган (Ышая 61:1, 2). Кудайдын кызматчылары да так ошондой кылууга умтулушат (Жакан 13:15).

     Кудай кызматчыларын табигый кырсыктардан зыян тарткандарга иш жүзүндө жардам бериш үчүн да колдонот (Элчилер 11:28—30; Галатиялыктар 6:10).

Жахабанын Күбөлөрү Пуэрто-Рикодо талкаланган үйдү оңдоп жатышат

 Ыйык Китептеги принциптер табигый кырсыкка алдын ала даярданууга жардам береби?

 Ооба. Ыйык Китепте табигый кырсыкка байланыштуу атайын көрсөтмөлөр камтылбаса да, андагы принциптер бизге алдын ала даярданууга жардам берет. Төмөнкү мисалдарга көңүл бурсаңар.

  •   Табигый кырсык болсо, эмне кыларыңарды алдын ала ойлонуштуруп алуу. «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 22:3). Кырсык болгонго чейин кандай иш-аракет кыларыңарды күн мурун ойлонуштуруп алуу акылдуулукка жатат. Мисалы, кырсык болгондо эң зарыл нерселерди дароо алып чыгып кеткенге даярдап коюу жана кырсык болгондо үй-бүлөңөр менен каяктан жолугарыңарды болжошуп алуу маанилүү.

  •   Дүнүйө-мүлктү эмес, өмүрдү баалоо. Ыйык Китепте: «Биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз»,— деп ачык эле айтылган (1 Тиметей 6:7, 8). Андыктан кырсык болгондо, үй-жайыбызды, буюм-тайымдарыбызды калтырууга даяр болушубуз керек. Дүнүйө-мүлккө караганда, өмүр алда канча баалуу экенин унутпаганыбыз жакшы (Матай 6:25).