Мазмунун көрсөтүү

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бересиңерби?

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бересиңерби?

 Ооба, Жахабанын Күбөлөрү кырсыктан жабыр тарткандарга көп жардам беришет. Ыйык Китептеги: «Баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы», — деген чакырыкка ылайык, биз өзүбүздүн ишенимдештерибизге да, башкаларга да жардам көрсөтөбүз (Галатиялыктар 6:10). Мындан тышкары, андай учурларда жапа чеккендерге эмоциялык жана рухий жактан да жардам бергенге аракет кылабыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Жардам көрсөтүү иштеринин уюштурулушу

 Кандайдыр бир кырсык болгондо ошол жердеги жыйналыштардын аксакалдары ишенимдештеринин сак-саламаттыгын билиш үчүн жана керектүү жардам көрсөтүш үчүн алар менен байланышканга аракет кылышат. Андан соң алардын абалы жана кандай жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол өлкөдөгү филиалына билдиришет.

 Бирок кээде кырсыктан жапа чеккендер жергиликтүү жыйналыш көрсөтө алгандан да көбүрөөк жардамга муктаж болгон учурлар болуп калат. Андайда Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши, ачарчылык учурунда бири-бирине жардам берген Кудайдын байыркы учурда жашаган кызматчыларынан үлгү алып, ишенимдештерин муктаж болгон нерселер менен камсыз кылууга чара көрөт (1 Корунттуктар 16:1—4). Жергиликтүү филиал Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү комитеттерин түзүп, аларга жардам берүү ишин уюштурууну жана жетектөөнү тапшырат. Кырсык болгон жерге башка жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү да барып, өз ыктыяры менен убактысын жана каражатын жумшап жардам кылышат (Накыл сөздөр 17:17).

Акча каражаттары

 Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарына ыктыярдуу тартуу катары келип түшкөн акча каражаттарынын кандайдыр бир бөлүгү кырсыктан жабыр тарткандарга жумшалат (Элчилер 11:27—30; 2 Корунттуктар 8:13—15). Жардам берүү иштеринин баарын ыктыярдуу жардамчылар аткаргандыктан, эч кимге акы төлөнбөйт. Андыктан ал ишке бөлүнгөн акчанын баары жапа чеккендердин муктаждыгына гана сарпталат. Жахабанын Күбөлөрү ыктыярдуу тартуу катары берилген акчалардын баарынын максатка ылайык колдонулушуна тийиштүү түрдө кам көрүшөт (2 Корунттуктар 8:20).