Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кырсык болгондо өмүрдү сактап кала турган кадамдар

Кырсык болгондо өмүрдү сактап кала турган кадамдар

«Кулак тундурган катуу жарылуудан улам жерге ыргый түштүм. Анан желдетүү жабдыктары аркылуу түтүн кире баштады. Көз ачып-жумгуча эле көп кабаттуу кеңсе имаратыбыз өрттөнө баштады» (Жошуа).

Жер титирөө... Ураган... Террордук чабуул... Мектептеги атышуу. Бул сөздөр гезит-журналдардын башкы бетинде же жаңылыктарда көп эле айтылууда. Албетте, кырсык тууралуу угуп же окуп коюу бир, ал эми андайга кабылуу такыр башка нерсе. Өмүрүңөрдү сактап калуу ыктымалдуулугун жогорулатыш үчүн кырсык болгонго чейин, анын учурунда жана андан кийин эмне кылсаңар болот?

КЫРСЫККА ЧЕЙИН ДАЯРДАНГЫЛА!

АР БИРИБИЗ кырсыкка дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Өмүрдү сактап калуунун негизги ачкычы — даярдануу. Бул өз ичине эмнени камтыйт?

  • Өзүңөрдү даярдагыла. Кырсык болуп кетерин жана өзүңөрдүн да, туугандарыңардын да өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин моюнга алгыла. Кырсыктан кийин даярданууга кеч болуп калат.

  • Кырсык тууралуу билгиле. Силер жашаган чөлкөмдө кандай кырсык болорун, баш калкалоочу жайлар каякта жайгашканын билип алгыла. Үй-жайыңардын, анын тегерек-четинин мүмкүн болушунча коопсуз экенине ынангыла. Өрт чыгара турган нерселерди этияттагыла. Өрт сигнализациясын орноткула. Анын батарейкасын, бери дегенде, бир жылда бир жолу, колдон келсе, андан да көбүрөөк алмаштырып тургула.

  • Зарыл нерселерди камдагыла. Кырсык болгондо электр энергиясы, байланыш системасы иштен чыгып, суу жок болуп, унаалар токтошу мүмкүн. Унааңар болсо, күйүүчү зат куюлган челектин, жок дегенде, жарымынан болуп турушуна кам көргүлө. Тамак-аш, суу, керектүү нерселер салынган баштык дайым даяр турушу керек (« Зарыл нерселердин баары даярбы?» деген кутучаны карагыла).

    Даярдануу — өмүрдү сактап калуунун негизги ачкычы

  • Номурларды жазып, даярдап койгула. Жакын жана алыс турган досторуңардын телефон номурларын жазып алгыла.

  • Качуунун жолдорун ойлонуштуруп, көнүккүлө. Кайсы имаратта болбогула, анын кайсы жерлеринен оңой чыгып кетсе болорун билип алгыла. Балдарыңарга да мектепте кырсык болгондо эмне кылышы керектигин үйрөткүлө. Мектеп же сейил бак сыяктуу үй-бүлөңөр менен жолуга турган эки жерди болжоп алгыла. Бирөө жашаган жериңерге жакын, экинчиси алыс болсун. Бийликтегилер үй-бүлөлөргө ошол жерлерге чогуу барып көнүгүүнү сунуш кылышат.

  • Башкаларга жардам бергиле. Алардын ичинде кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көмөк кылгыла.

КЫРСЫК УЧУРУНДА ТЕЗ ИШ-АРАКЕТ КЫЛГЫЛА

«Өрт чыкканда көптөр муну этибарга албай, маалкатып жүрүп алышты. Айрымдар компьютерин өчүрүп же бөтөлкөсүнө суу толтуруп жатышты. Бир киши атүгүл: „Бир аз күтө туралы, эчтеке болбойт“,— десе болобу!» — дейт жогоруда айтылган Жошуа. Башкалардын камырабай жүрүп алганына карабай, Жошуа: «Биз азыр качып чыгышыбыз керек!» — деп кыйкырган. Ошондо кесиптештери эсине келе түшүп, анын артынан тепкичтен аттап-буттап түшө башташкан. Жошуа: «Ким кулап кетсе, тургузуп, андан ары түшө бергиле. Биз аман калабыз!» — деп улам-улам кыйкырып турган.

  • Өрт. Бооруңар менен бат-баттан жылып, жакын жердеги чыга турган жерге баргыла. Түтүндөн улам эч нерсе көрүнбөй калышы мүмкүн. Эске алчу нерсе, өрт чыкканда каза болгондордун көбү из уруп өлүшөт. Буюмдарыңарды калтыргыла. Бир нече эле секунд өмүр менен өлүм маселесин чечип коюшу мүмкүн.

  • Жер титирөө. Бекем эмеректин астына кирип кеткиле же эки бөлмөнүн ортосундагы дубалдын түбүнө туруп алгыла. Жер титирөө удаа-удаа болушу мүмкүн, андыктан эшикке чыгып, имараттан мүмкүн болушунча алыс тургула. Куткаруучулар бир канча саат бою келбеши мүмкүн. Ошондуктан, колдон келсе, башкаларга жардам бергиле.

  • Цунами. Эгер суу күтүлбөгөн жерден жээктен ары тартылса, буйдалбастан бийик жерге качкыла. Адатта, андан кийин килейген толкундар баса баштайт.

  • Торнадо же ураган. Дароо кайсы бир коопсуз жайга же жертөлөгө киргиле.

  • Ташкындаган суу. Суу каптаган үйлөрдөн чыккыла. Сууда басуудан же машине айдоодон качкыла. Анткени сууда заң-заара, өмүргө коркунуч туудурган нерселер, алсак, сынган буюм-тайымдар, ачык чуңкурлар, үзүлгөн электр чубалгылары болушу мүмкүн.

  • Билесиңерби? Бийиктиги 0, 6 метрлик суу унааны оңой эле агызып кетет. Сууда унаа айдаганынын айынан көптөр өлүмгө дуушар болушат.

  • Өкмөт кырсык болгон жерден чыгып кетүүнү буйрук кылса, тезинен чыккыла. Досторуңарга каякта экениңерди айтып койгула, болбосо алар силерди издеп, өмүрүн тобокелге салышат.

    Өкмөт кырсык болгон жерден чыгып кетүүнү буйрук кылса, тезинен чыгып кеткиле

  • Билесиңерби? Телефон менен сүйлөшкөнгө караганда, SMS жазуу көбүрөөк ишеничтүү.

  • Өкмөт үйдө же башка баш калкалоочу жайда калууну буйрук кылса, эшикке чыкпагыла. Химиялык, биологиялык же атомдук кырсык болсо же чабуул жасалса, үйдөн чыкпагыла, желдетүү системасын өчүргүлө, эшик-терезелерди бекем жапкыла. Атомдук кырсык болгондо радиациядан коргонуш үчүн үйдүн эң ылдыйкы кабатына же жертөлөгө киргиле. Телевизордон же радиодон жергиликтүү кабарларды угуп тургула. Өкмөт жагдайдын жакшырганын айтканга чейин, сыртка чыкпагыла.

КЫРСЫКТАН КИЙИН ӨЗҮҢӨРГӨ КАМ КӨРГҮЛӨ

Оорудан, кооптуу нерселерден сак болуш үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл бургула.

  • Жакындарыңар менен бирге болгула. Лагерде эмес, жакындарыңар менен болгула.

  • Жашаган жериңерди таза кармагыла.

  • Коргоочу каражаттарды колдонгула. Урандыларды тазалоодо бет кап, кол кап, бышык бут кийим, калың баш кийим кийип алгыла. Электр чубалгыларынан, көрүнбөгөн чоктордон абайлагыла.

  • Күнүмдүк иштериңерди кыла бергиле. Оң маанай сактаганыңар балдарыңар үчүн маанилүү. Алар менен мектептеги тапшырмаларын аткаргыла, ойногула, Кудайдын Сөзүн чогуу окугула. Жаңылыктарды талкуулабагыла. Кыжалат болуп жатсаңар, ачууңарды үйдөгүлөрдөн чыгарбагыла. Жардамды кабыл алгыла, башкаларга да жардам бергиле.

    Кырсыктан кийин күнүмдүк иштериңерди мурдагыдай эле кыла бергиле

  • Мүлкүңөрдөн кол жууганыңарга моюн сунгула. Бийликтегилер жана жардам берген башка уюмдар мүлктүн ордун толтурууга эмес, өмүрдү сактап калууга басым жасашат. Жан багыш үчүн бизге таза суу, тамак-аш жана баш калкалоочу жай эле керек (1 Тиметей 6:7, 8).

  • Жан дүйнөңөр жабыркаганын жана жардамга муктаж экениңерди түшүнгүлө. Терс сезимдер кийинчерээк чыгат. Аларга тынчсыздануу, көңүл чөгүү, маанайдын өзгөрүшү, ой жүгүртүүнүн тумандашы, күнүмдүк иштерди кылуунун оордошу жана уйкунун начарлашы кирет. Камкор досторуңар менен сүйлөшкүлө.

Жошуа кырсыктан аман калган, бирок анын бир топ таанышы өмүрүнөн айрылган. Ага жыйналыштагы аксакалдар, психотерапевттер жардам берген. Ал: «Алар күйүт тартканым жан дүйнөмдүн айыгышы үчүн маанилүү экенин айтып, күйүт бара-бара басыларына ынандырышты. 6 айдан кийин жаман түштөр аз кирип калды. Башка терс сезимдеримен бир топ убакыттан кийин арылдым»,— деген.

Кырсык болгондо бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылгандыктан, адилетсиздикке кабылгандай сезимде болобуз. Ошондон улам айрымдар буга Кудай күнөөлүү деп жаңылыш ойлошот. Ал эми дагы башкалары, Жошуа сыяктуу, аман калганы үчүн өзүн күнөөлүү сезишет. «Дагы көптөрүн аман алып калат белем деп бушайман боло берем. Бирок Кудайдын жакында жерге адилеттүүлүк орнотуп, жамандыкты жок кыларын билгеним мени кадимкидей жубатат. Ал эми ал күн келгиче, өмүрүмдүн ар бир күнүн баалап, өмүрүмдү тобокелге салбаш үчүн колуман келгендин баарын кылып келем»,— деп айткан Жошуа (Аян 21:4, 5) *.

^ 33-абз. Кудайдын келечекке байланыштуу убадасы, эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатканы жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин карагыла. Аны jw.org/ky сайтынан жүктөп алсаңар болот.