Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аба ырайынын дүйнө жүзү боюнча кескин өзгөрүшү. Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

Аба ырайынын дүйнө жүзү боюнча кескин өзгөрүшү. Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

 Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн миллиондогондор жапа чегүүдө. Силер да алардын бирисиңерби? Анын кесепетин ар кандай жолдор менен тартып жатабыз. Мисалы, катуу шамалдар, тайфундар, бороон-чапкындар, торнадолор, суу ташкындар болуп жатат. Нөшөрлөгөн жаандын айынан айрым аймактарда жер көчкүлөр болуп жатса, башка жерлерде чагылган түшүп, токойлор өрттөнүп жатат. Кургакчылык, күндүн катуу ысышы же кыштын катуу суук болушу да чоң зыянга учуратып жатат.

 Кээ бир өлкөлөрдө мындай көрүнүштөр бат-баттан болуп, барган сайын күч алууда. Кызыл крест жана Кызыл жарым ай эл аралык федерациясынын билдирүүсүнө ылайык, табият кырсыктарынан жапа чеккен адамдардын саны да күн сайын өсүп жатат. Анткени суу ташкындары, бороон чапкындар жана кургакчылык мурункуга караганда көбүрөөк боло баштады. Натыйжада көптөр өмүрүнөн айрылууда. Айрымдары болсо жашоого зарыл каражатсыз, үйсүз калып жатышат.

 Мындай каргашалардан улам көптөр эмоциялык жактан да кыйналышат. Анткени мал-мүлкүнөн, үй-жайынан айрылышат. Атүгүл жакындарын жоготушат.

 Аба ырайынын дүйнө жүзү боюнча кескин өзгөрүшү силерге да залакасын тийгизген болсо, Ыйык Китеп ушундай кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам бере алат. Анда даанышман кеңештер, үмүт берерлик, жубатарлык жакшы кабар жазылган. Алар табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берип келет (Римдиктер 15:4). Ошондой эле көптөргө тынчтык бербеген: «Кудай эмнеге мунун баарына жол берип жатат? Ал мени жазалап жатабы?» — деген маанилүү суроолордун жообу бар.

Кудайдын жазасы эмес

 Ыйык Китепте адамдардын башына түшкөн азап-кайгыга Кудайдын күнөөлүү эмес экени айтылат. Анда: «Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп жазылган (Жакып 1:13). Бул аба ырайынын дүйнө жүзү боюнча кескин өзгөрүп жатканына Кудай себепкер эмес экенин билдирет.

 Ооба, Ыйык Китепте Кудайдын ыймансыздарды табият күчтөрүн колдонуп жазалаган учурлар болгону жазылган. Бирок алар аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн келип чыккан табият кырсыктарынан кыйла айырмаланат. Анткени андай каргашалар эскертпей эле келип, жаман адамдардын да, жакшы адамдардын да өмүрүн ылгабай эле алып кетип жатат. Ыйык Китептен билгенибиздей, ал күнөөсүздөрдү дайыма коргоп, баарына алдын ала эскертип, эмне үчүн ошондой иш кылганы жатканын түшүндүрчү. Алсак, байыркы заманда ал эмне үчүн Топон суу каптатканы жатканын түшүндүргөн. Баарына алдын ала эскерткен. Анан Нух пайгамбарды үй-бүлөсү менен кошо аман алып калган (Башталыш 6:13; 2 Петир 2:5).

 Бүгүнкү күндөгү табигый кырсыктар Кудайдын жазасы эмес экенин билиш үчүн «Ыйык Китепте табигый кырсыктар тууралуу эмне деп айтылат?» деген макаланы окуп көргүлө.

Кудай жапа чеккендерге кам көрөт

 Ыйык Китепте Жахаба a Кудайдын камкор, боорукер экени айтылат. Төмөндөгү жубатарлык аяттарга көңүл бурсаңар:

  •   Ышая 63:9: «Алар кыйналган сайын, ал [Кудай] да кыйналган».

     Мааниси: Кыйналып жаткандарды көргөндө Жахабанын жүрөгү оорубай койбойт.

  •   1 Петир 5:7: «Ал силерге кам көрөт».

     Мааниси: Жахаба силердин камыңарды ойлойт.

 Жахаба камкор, боорукер болгондуктан иш-аракет кылат. Ал өзүнүн Сөзүнө башыбызга түшкөн кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештерди жаздырып койгон. Ошондой эле аба ырайынан болгон табигый кырсыктардын жакында биротоло токтой турганын убада кылган. Бул үмүт бизди жубатып, бекемдейт (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Аба ырайынын дүйнө жүзү боюнча кескин өзгөрүшү жакында өткөндүн ишине айланат!

 Ыйык Китепте Жахабанын бизге «келечек менен үмүт берери» жазылган (Жеремия 29:11). Ал биздин аба ырайынын туруксуздугу пайда кылган табигый кырсыктардан коркпой, бейишке айланган жерде жыргап-куунап жашашыбызды каалайт (Башталыш 1:28; 2:15; Ышая 32:18).

 Кудай мунун баарын өзүнүн Падышалыгы аркылуу ишке ашырат. Падышалык Иса башкарган асмандагы өкмөттү билдирет (Матай 6:10). Акылман, күчтүү Падыша болгондуктан ал аба ырайын көзөмөлдөй алат. Муну жерде жүргөндө иш жүзүндө көрсөткөн (Марк 4:37—41). Терең түшүнүк, акылмандуулук менен бийлик жүргүзүп, адамдарга табият менен таттуу мамиледе болуп, ага кам көргөндү үйрөтөт (Ышая 11:2). Иса башкарган маалда эч ким аба ырайынын кескин өзгөргөнүнүн айынан жапа чекпейт.

 Балким, силер: «Ал убак качан келет?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Бул суроого жооп алыш үчүн «Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?» деген макаланы окуп көргүлө.

Азыр эмне кылсаңар болот?

 Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди колдонгула. Алар табигый кырсыкка чейин, кырсык учурунда жана кырсыктан кийин туура иш кылганга жардам берет.

  •   Кырсыкка чейин: Тез иш аракет кылганга алдын ала даярдангыла.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

     Мааниси: Өзүңөр жашаган жакта кандай табигый кырсыктар болушу мүмкүн экени жөнүндө ойлонгула. Ошондо тез иш-аракет кылып, үй-бүлөңөрдү коргой аласыңар.

     Окуя: «Алдын ала даярдык көргөндүктөн өрт чыгып кеткенде аман кылдык. Зарыл нерселер салынган баштыгыбызды мурун эле даярдап койгонбуз. Дары-дармектерибиз, кийимдерибиз камдалуу болчу. Тегерегибиздегилер ызы-чуу түшүп, эмне кыларын билбей калышты. Биз баарын алдын ала даярдап алганыбызга абдан сүйүндүк» (Тамара, Калифорния, АКШ).

  •   Кырсык учурунда: Маанилүү нерселерге көңүл топтогула.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт» (Лука 12:15).

     Мааниси: Буюм-тайымдарга караганда өмүр баалуу.

     Окуя: «„Лавин“ тайфуну b үйүбүздү талкалап кеткенде, оюмду бир жерге топтой албай, нес болуп эле туруп калгам. Бирок дароо Жахаба Кудайга кайрылып, тиленгем. Тиленгенден кийин үй жайыбыздан кол жууп калсак да, өзүбүздүн аман калганыбыз баарынан маанилүү экенин түшүнгөм» (Лесли, Филиппин).

  •   Кырсыктан кийин: Эртеңкини ойлоп санаа тартпагыла.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот» (Матай 6:34).

     Мааниси: Эртең эмне болот деп ашыкча сарсанаа болбогула.

     Окуя: «„Ирма“ куюнунан кийин үйүбүз суу астында калган. Көп нерсени чечиш керек болду. Ошондо эмне кыларымды билбей башым чыңалып чыккан. Анан Ыйык Китептеги: „Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла“,— деген кеңешке ылайык иш кылганга аракет кылдым. Жахабанын жардамы менен кыла албайм го деп ойлогон нерселерди да кыла аларымды түшүндүм» (Салли, Флорида, АКШ).

 Дагы көбүрөөк кеңештерди билгиңер келсе, «Кырсык болгондо өмүрдү сактап кала турган кадамдар» деген макаланы окуп көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).

b «Хайма» тайфуну деп да белгилүү.