Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Климаттын өзгөрүшү жана келечегибиз. Ыйык Китепте эмне делет?

Климаттын өзгөрүшү жана келечегибиз. Ыйык Китепте эмне делет?

 «Климаттын өзгөрүшү каргашага айланууда. Жер азыртан эле жашаганга ылайыксыз болуп калды» («Гардиан»).

 Адам баласы өзү жараткан олуттуу көйгөйлөрдөн азап чегип жатат. Көптөгөн окумуштуулар глобалдык жылуулук адамдардын иш-аракеттеринин айынан болуп жатканын айтышууда. Жердеги температуранын жогорулашы климаттын өзгөрүшүнө алып келүүдө. Ал эми анын кесепети каргашалуу болуп жатат. Алсак:

  •   Аба ырайынын кескин өзгөрүшү суу ташкындарына, ээ-жаа бербеген өрткө алып келген аптаптуу ысыкка, кургакчылыкка, бороон-чапкындарга себеп болууда.

  •   Тоонун башындагы мөңгүлөр, Арктикадагы муз ээрүүдө.

  •   Деңиз суусунун деңгээли көтөрүлүүдө.

 Климаттык апаат жердин булуң-бурчунда жашагандардын баарына таасирин тийгизип жатат. 193 өлкөнүн абалы кылдат изилденип чыккандан кийин «Нью-Йорк таймс» гезитинде: «Планетабыз жардамга чакырып жатат»,— деп билдирилген. Климаттын өзгөрүшү көптөрдүн каза табышына, азап чегишине себеп болууда. Ошондуктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган эң чоң көйгөй деп атаган.

 Бирок бизде келечекке үмүт менен караганга негиз бар. Ыйык Китепте биз бүгүн кабылып жаткан окуялар алдын ала айтылган. Мындан сырткары, андан Кудайдын иш-аракет кыларына эмне үчүн ишенсек болорун жана биздин келечегибиз үчүн эмнелерди кыларын биле алабыз.

Климаттын өзгөрүшү Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын аткарылышыбы?

 Ооба. Биздин күндөрдөгү климаттын өзгөрүшүнө алып келген глобалдык жылуулукка эмнелер себеп болору Ыйык Китепте алдын ала айтылган.

 Пайгамбарлык: «Кудай жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18).

 Ыйык Китепте адамдардын жерди талкалап, анын абалы абдан кейиштүү болуп калары күн мурун жазылган. Жер бетиндеги температура көтөрүлгөндүктөн, планетабыз болуп көрбөгөндөй деңгээлде кыйроого учурап жатат. Буга адамдар күнөөлүү.

 Бул пайгамбарлыктын аткарылып жатканы адамдар планетабызды сактап калат деп күтпөй эле койсок болорун көрсөтүп турат. Адамдар жерди кыйратып жаткан маалда Кудайдын кийлигишерине көңүл бурсаңар. Климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюш үчүн чын ниеттен аракет кылгандар аз эмес. Анткен менен алардын аракети жетишсиз. Себеби алар планетабызды талкалап жаткан адамдарды ооздуктай албайт.

 Пайгамбарлык: «Коркунучтуу көрүнүштөр көрүнөт» (Лука 21:11).

 Ыйык Китепте биздин күндөрдө «коркунучтуу көрүнүштөр» же жүрөктүн үшүн алган окуялар болору алдын ала айтылган. Климаттык апааттан улам төгөрөктүн төрт бурчунда аба ырайы кескин өзгөрүп, төбө чачты тик тургузган табигый кырсыктар болуп жатат. Бүгүнкү күндө экологияга сарсанаа болгон адамдар көбөйдү. Алар табият талкаланып, адамзат тукум курут болуп кетет деп коркуп жашашат.

 Пайгамбарлык: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген,.. чыккынчы, өз дегенин бербеген... адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—5).

 Ыйык Китепте адамдардын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму да климаттын өзгөрүшүнө себеп болору алдын ала айтылган. Өзүнүн гана көмөчүнө күл тарткан өкмөттөр менен ишканалар болочок муундун келечегин садага чабышат. Алар чогуу-чараан иш-аракет кылганга канчалык умтулушпасын, глобалдык жылуулукту токтото турган кандайдыр бир чараларды көрүүдөн баш тартышат.

 Бул пайгамбарлык көрсөтүп тургандай, адамдар жалпы жонунан иш-аракеттерин өзгөртөт жана жерди коргойт деп үмүттөнбөшүбүз керек. Анткени Ыйык Китепте өзүмчүл адамдардын «барган сайын бузула берери» айтылган (2 Тиметей 3:13).

Кудайдын кийлигишерине эмне үчүн ишенсек болот?

 Ыйык Китептен Жаратканыбыздын — Жахаба a Кудайдын — Жер планетабызга жана анда жашагандарга кам көрөрүн билүүгө болот. Буга Кудайдын Сөзүндө көптөгөн далилдер бар. Ошонун үчөөнө эле токтололу.

  1.  1. Кудай жерди «куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (Ышая 45:18).

     Кудай жерге карата ой-ниетин сөзсүз аткарат (Ышая 55:11). Ал Жер планетасынын жок болуп кетишине же жашаганга жараксыз болуп калышына жол бербейт.

  2.  2. «Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат. Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:11, 29).

     Жаратканыбыз адамдардын жер бетинде тынчтык өкүм сүргөн шарттарда түбөлүккө жашашын убада кылууда.

  3.  3. «Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат» (Накыл сөздөр 2:22).

     Кудай ыймансыз жолунан кайтпагандарды, анын ичинде жерди талкалагандарды жок кылат.

Келечегибиз кең болушу үчүн, Кудай эмнелерди кылат?

 Кудай жерге байланышкан убадаларын кантип аткарат? Жаратканыбыз муну бүт жер үстүнөн башкара турган өкмөтү аркылуу кылат. Ал Кудайдын Падышалыгы деп аталат (Матай 6:10). Асмандан башкарган Кудайдын Падышалыгы жерди жана айлана-чөйрөнү сактап калыш үчүн адамдардын өкмөттөрү менен келишим түзбөйт. Анткени ал адамдар башкарган өкмөттөрдү жок кылып, бийликти өз колуна алат (Даниел 2:44).

 Кудайдын Падышалыгы бүтүндөй адамзат үчүн жакшы шарттарды түзүп, табиятты толугу менен калыбына келтирет (Забур 96:10—13). Жахаба Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу эмнелерди кыларына көңүл бурсаңар:

  •   Айлана-чөйрөнү калыбына келтирет

     Ыйык Китепте мындай делет: «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

     Бул сөздөр келечекте кандайча аткарылат? Жахаба Жер планетабызды, атүгүл адамдар катаалдык менен жабыркаткан жерлерди «айыктырат».

  •   Аба ырайынын кескин өзгөрүшүн токтотот

     Ыйык Китепте мындай делет: «[Жахаба] катуу шамалды тынчтандырат, ошондо деңиз толкундары басылат» (Забур 107:29).

     Бул сөздөр келечекте кандайча аткарылат? Жахаба табият күчтөрүн башкарганга кудуреттүү. Ошондуктан келечекте эч ким табигый кырсыктардан азап чекпейт.

  •   Адамдарга табиятка аяр мамиле кылганды үйрөтөт

     Ыйык Китепте мындай делет: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам» (Забур 32:8).

     Бул сөздөр келечекте кандайча аткарылат? Жахаба адам баласына жерге кам көрүү милдетин тапшырган (Башталыш 1:28; 2:15). Ал бизди ошол милдетибизди жакшы аткарып, жаратылышка кам көргөнгө, табият менен таттуу мамиледе болгонго үйрөтөт.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деп аталган макаланы карагыла.