Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Жер калыбына келгис болуп кыйрап калабы?

Жер калыбына келгис болуп кыйрап калабы?

«Бир муун өтүп, бир муун келет, жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат» (СУЛАЙМАН ПАЙГАМБАР, Б.З.Ч. 11-КЫЛЫМ *)

Сулайман пайгамбар, өмүрү көз ачып-жумгуча тез өтүп кеткен адам баласынан айырмаланып, Жер түбөлүк турарын баса белгилеген. Чын эле, нечендеген кылым өтүп, нечендеген муун алмашса да, Жер планетасы бүгүнкү күнгө дейре тирүү аттуунун тиричилигине шарт түзүп келет.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки жылдары көп нерсе кыска убакыттын ичинде ири масштабда өзгөргөн. Бир эле муундун көз алдында транспортту, байланыш каражаттарын жана башка технологияларды өнүктүрүү жаатында албан-албан ийгиликтер жасалып, экономика жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Учурда жашоо шарты да жогорулап, көптөр жакшы жашап жатышат. Ошону менен бирге калктын саны да үч эсе көбөйдү.

Бирок ушунун баары «арзанга» түшкөн жок. Адамдардын иш-аракетинин айынан Жердин табигый циклдары бузулууда. Айрым окумуштуулардын айтымында, биз азыр «антропоцен» деп аталган жаңы геологиялык доорго, адам баласынын Жер планетасына тийгизген таасири күчөгөн доорго, кадам шилтедик.

Ыйык Китепте адамдар «жерди кыйрата» турган убак келери алдын ала айтылган (Аян 11:18). Кээ бирөөлөр: «Чын эле ошол убак келдиби?» — деп кооптонушат. Эгер ошондой болсо, Жерге дагы канча зыян келтирилет? Ал калыбына келгис  болуп кыйратылабы? Чынында эле адамдар жерди таптакыр кыйратып салышы мүмкүнбү?

АБАЛЫБЫЗ КАНЧАЛЫК КООПТУУ?

Жер калыбына келгис болуп баратабы? Илимпоздордун айрымдары климат өзгөрсө эмне болорун алдын ала айтуу кыйын деп эсептешет. Алар жердин климаты кескин түрдө жана эч кимдин оюна келбегендей өзгөрүп, кырсык-каргаша менен аяктай турган учурга жакындап баратканыбызды айтып кооптонушат.

Мисалга Антарктиканын батышындагы муз калкандарын алалы. Кээ бир окумуштуулар, жер бетиндеги жылуулук жогорулай берсе, муздун эришин токтотуу мүмкүн эмес болуп калат деп ойлошот. Адатта, муз күндүн нурларын чагылдырып турат. Бирок эрип отуруп муздун катмары жукара берсе, муз астындагы океан көрүнүп калат да, күндүн нурлары тийген суу жылый баштайт. Бул муз катмарларынын көбүрөөк эришине алып келет. Ошентип, токтобос процесс башталат. Ал эми суу көбөйүп, деңиз деңгээли жогоруласа, жүз миллиондогон кишилердин өмүрүнө коркунуч туулат.

«КАРЫЗГА» БЕЛЧЕСИНЕН БАТКАН АДАМЗАТ

Планетабыз тушуккан «кыйын кырдаалдан» чыгуунун бир нече жолу мурдатан бери эле сунушталып келген. Алардын бири — коомдун экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшүн жер ресурстарын чеги менен колдоно тургандай жол менен шарттоо. Мунун жыйынтыгы кандай болууда?

Өкүнүчтүүсү, адамзат, дүйнөлүк каржы каатчылыгына учураган сыяктуу эле, табиятка карыздар болуп, экологиялык каатчылыкка учуроодо. Адамдар жер ресурстарын, алар калыбына келип жетише электе эле, пайдаланып түгөтүүдө. Буга кандайдыр бир чара көрүүгө болобу? Бир эколог: «Биз планетабызга туура мамиле кылганды таптакыр билбейбиз»,— деп ачык айткан. Анын сөздөрү Ыйык Китептеги: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,—деп айтылгандарды ырастап турат (Жеремия 10:23).

Анткен менен Ыйык Китептен Жараткан Кудай адамдардын Жердин экологиясын биротоло бузуп салышына жол бербей турганын билүүгө болот. Мисалы, Забур 115:16да: «Жерди... [Кудай] адам баласына берген»,— деп айтылган. Биздин планета — Жараткан Кудайыбыздын бизге берген  «жеткилең белеги» (Жакып 1:17). Анын ошол белеги белгилүү бир убакытка чейин эле пайдаланылып, андан кийин жараксыз болуп калышы мүмкүнбү? Жок, андай эмес. Буга ынаныш үчүн жердин кантип жаратылганына токтололу.

ЖАРАТКАНДЫН ОЙ-НИЕТИ

Ыйык Китептин Башталыш китебинде Кудайдын жерди кантип жаратканы кеңири баяндалат. Башында жер «даана көрүнө элек... ээн» болгон жана аны «караңгылык каптап турган» деп сүрөттөлөт. Ошондой эле жерде тиричилик үчүн зарыл болгон суунун да болгону айтылат (Башталыш 1:2). Андан кийин Кудай: «Жарык болсун»,— деген (Башталыш 1:3). Кыязы, ошондо күндүн нурлары атмосферадан өтүп, жердин бетине биринчи жолу жарык тийсе керек. Андан соң кургактык менен деңиздердин кантип пайда болгону сүрөттөлөт (Башталыш 1:9, 10). Анан жерде «чөп, уруктуу өсүмдүктөр,.. жемиш берген дарактар өсө баштаганы» айтылат (Башталыш 1:12). Жашоо үчүн зарыл болгон фотосинтез сыяктуу процесстер менен циклдар ошол убакта ишке киргизилсе керек. Кудай мунун баарын эмне үчүн кылган?

Байыркы учурда жашаган Ышая пайгамбар Кудай жөнүндө: «Жерди калыптап жасаган, аны бекем орноткон, куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан»,— деп жазган (Ышая 45:18). Мындан Кудай жерди адам баласы түбөлүк жашашы үчүн жаратканын түшүнүүгө болот.

Тилекке каршы, адамдар Кудайдын ушундай кереметтүү белегин баалабай, талкалап жатышат. Ошентсе да Жараткандын ою өзгөргөн жок. Ыйык Китепте: «Калп айткыдай, Кудай адам эмес, өкүнүп калгыдай, ал адам баласы эмес. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Дегенин кылбай коймок беле?» — деп жазылган (Сандар 23:19). Чынында, Кудай адамдардын жерди талкалап жок кылышына жол бербейт. Жакында ал «жерди кыйраткандардын» өздөрүн жок кылат (Аян 11:18).

ЖЕР — ТҮБӨЛҮКТҮҮ ҮЙҮБҮЗ

Иса Машаяк бир жолу калың элге насаат айтып жатып: «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген (Матай 5:5). Анан жерди кыйроодон сактап кала турган нерсе жөнүндө сөз кылган. Ал жолдоочуларын Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,—  деп тиленүүгө үндөгөн. Анткени Кудайдын жерге байланышкан ой-ниетин анын Падышалыгы, тактап айтканда, өкмөтү жүзөгө ашырат (Матай 6:10).

Ал өкмөт башкарган учурда эмнелер өзгөрөт? Ыйык Китепте Кудай: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деп айткан (Аян 21:5). Бул сөздөр Кудай башка планетаны жаратарын билдиреби? Жок, анткени кеп Жерде эмес, кеп Жердин кыйрап, ушундай аянычтуу абалга жетишине себеп болуп жаткан азыркы системада. Андыктан Кудай ошол системаны жок кылып, аны «жаңы асман менен жаңы жерге» — асмандан башкара турган жаңы өкмөткө жана ага баш ийген жаңы коомго — алмаштырат (Аян 21:1).

Табиятка «карыз» болуп калган адамзаттын карызын жабыш үчүн Кудай табият ресурстарын кайрадан толуктайт. Кудайдын кандай чара көрөрү жөнүндө бир пайгамбар: «Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың»,— деп жазган. Климат калыбына келгендиктен, эң негизгиси, Кудай батасын бергендиктен, жер бейишке айланат, ошондой эле тамак-аш мол болот (Забур 65:9—13).

Индиянын диний жетекчилеринин акыркысы болгон Мохандас Гандинин жеке катчысы Пияралал: «Жер ар бир адамдын ач көздүгүн эмес, муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү азык берет»,— деп айткан. Кудайдын Падышалыгы адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, жердеги көйгөйлөрдүн негизги себебин жок кылат. Ышая пайгамбар ал өкмөттүн тушунда адамдар бири-бирине да, жерге да «эч кандай зыян келтиришпей» турганын алдын ала айткан (Ышая 11:9). Бирок азыр деле ар улуттагы, ар кайсы маданияттагы миллиондогон кишилер Кудайдын талаптарын билип, Кудайды жана бири-бирин сүйгөндү, ыраазы боло билгенди, жаратылышка аяр мамиле кылганды, Жер ресурстарын туура пайдаланганды жана Жаратканга жаккандай жашаганды үйрөнүүдө. Алар келечекте бейишке айлана турган жерде жашоого даярданып жатышат (Насаатчы 12:13; Матай 22:37—39; Колосалыктар 3:15).

Ушунчалык кереметтүү жаратылган жердин кыйрап калышына Кудай эч качан жол бербейт

Башталыш китебиндеги бардык нерсенин жаралышы жөнүндөгү билдирүү: «Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көрдү»,— деген сөздөр менен аяктайт (Башталыш 1:31). Ушунчалык кереметтүү жаратылган жердин кыйрап калышына Кудай эч качан жол бербейт. Планетабыздын келечеги Жаратканыбыз Жахаба Кудайдын колунда. Андыктан тынчсызданбай эле койсок болот. Кудай: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп убада берген (Забур 37:29). Биз жер бетинде түбөлүк жашай турган ошол адил адамдардын арасында силердин да болушуңарды каалайбыз!

^ абз. 3 Ыйык Китептеги Насаатчы 1:4төн алынды.