Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: АКЫР ЗАМАНДАН КОРКУШУБУЗ КЕРЕКПИ?

Акыр замандан коркуш керекпи?

Акыр замандан коркуш керекпи?

Көптөр байыркы майя элинин календары боюнча акыр заман 2012-жылдын 21-декабрында болот деп күтүшкөн. Буга карата силердин оюңар кандай эле? Балким, акыр заман болбой калгандыктан, жүрөгүңөр тынчып калгандыр же көңүлүңөр кайт болгондур, же андай кептерге такыр эле көңүл бурбай калгандырсыңар. Акыр заман жөнүндөгү кептер жаңылыш айтылган сөздөр беле?

Ыйык Китепте акыр заман жөнүндө эмне делет? (Матай 24:3). Айрымдар жер куйкаланып жок болот дешет. Башкалар акыр заман кандай болот болду экен деп кызыгышат. Акыр заман жөнүндө айтылгандардан тажагандар да бар. Анда акыр заман жөнүндө айтылгандар жөн эле имишпи? Же ал чын эле болобу?

Акыр заман жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандар силерди таң калтырышы мүмкүн. Анда акыр заманды эмне үчүн күтүшүбүз керектиги эле айтылган эмес. Айрымдардын ал күндү күткөндөн чарчап, акыр заман такыр болбойт деп ойлоп кала турганы да айтылган. Келгиле, акыр заман жөнүндө кеңири таралган айрым суроолорго Ыйык Китепте кандай жооп камтылганын карап чыгалы.

 Жер куйкаланып жок болобу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «[Кудай] жерди бекем пайдубалга орноткон», «ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (ЗАБУР 104:5).

Жер от менен да, башка нерсе менен да жок кылынбайт. Ыйык Китепте Кудайдын жерди адам баласына түбөлүккө бергени айтылат. Анда: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 37:29; 115:16; Ышая 45:18).

Кудай жерди жараткандан кийин анын «эң сонун» болгонун айткан; ал жерге карата азыр деле ошондой ойдо (Башталыш 1:31). Жаратканыбыз жерди жок кылууну эмес, «жерди кыйраткандарды кыйратууну» убада кылган. Ал Жер планетасынын адам баласы жашай албай калгыдай болуп калышына жол бербейт (Аян 11:18).

Бирок силерди Ыйык Китепте жазылган төмөнкү сөздөр таң калтырышы мүмкүн: «Азыркы асман менен жер... отко, сот күнүнө сакталып турат» (2 Петир 3:7). Бул сөздөргө ылайык, жер от менен жок кылынабы? Ыйык Китепте «асман», «жер», «от» деген сөздөр айрым учурларда каймана мааниде колдонулган. Мисалы, Забур китебинин 66-бөлүмүнүн 4-аятында: «Бүт жер жүзү сага таазим кылат»,— деп айтылат. Бул аяттагы «жер жүзү» деген сөз айкашы адамдарга карата айтылган.

2 Петир 3:7нин жанындагы аяттар «асман», «жер» жана «от» деген сөздөр каймана мааниде колдонулганын көрсөтүп турат. 5, 6-аяттарда Нух пайгамбардын убагындагы дүйнөнүн Топон суу менен жок кылынганы жазылган. Бирок ал аяттарда Жер планетасы жөнүндө айтылган эмес. Топон суу болгондо, жер — Кудайга баш ийбеген адамдар — жок кылынган (Башталыш 6:11). Ошондой эле асман — ошол убакта бийлик кылган адамдар — жок болгон. Анын сыңарындай эле, «асман менен жер... отко сакталып турат» деген сөздөр ыймансыз адамдардын жана өкмөт башында тургандардын, өрттөлгөн нерсе сыяктуу, түбөлүккө жок кылынарын билдирет.

Акыр заманда эмне болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 ЖАКАН 2:17).

Жок боло турган «дүйнө» жерди эмес, Кудайдын эркине ылайык жашабаган адамдарды билдирет. Рак болуп ооруган кишинин өмүрүн сактап калыш үчүн хирург аны операция  кылып, рак шишигин алып салгандай эле, жакшы адамдар жер бетинде ырахаттанып жашашы үчүн, Кудай ыймансыз адамдарды жок кылат (Забур 37:9). Мына ошондуктан акыр замандын болгону жакшы.

Акыр заман деген сөздөр «бул дүйнө түзүлүшүнүн аякташы» же «доордун аякташы» деп берилген Ыйык Китептин котормолорунда акыр замандын болгону жакшы экени баса белгиленет (Матай 24:3). Адамзат да, жер да жок болуп кетпей тургандыктан, акыр замандан кийин жаңы түзүлүш, жаңы доор башталат деп айтуу акылга сыярлык эмеспи?! Ыйык Китепте ошондой болору айтылат. Анда «келечектеги дүйнө түзүлүшү» жөнүндө жазылат (Лука 18:30).

Иса пайгамбар ал убакты «кайра жаратуу убагы» деп айткан. Ошол убакта жер бетиндеги жашоо Кудай башында ниет кылгандай болуп өзгөрөт (Матай 19:28).

Кудайдын эркине ылайык жашасак, башкача айтканда, анын талаптарын аткарсак, акыр замандан коркпойбуз. Тескерисинче, ал күндү чыдамсыздык менен күтөбүз.

Акыр заманга чынында эле аз калдыбы?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле» (ЛУКА 21:31).

Ричард Кайл деген профессор акыркы күндөр жөнүндө жазган бир китебинде «күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдөн, коомдогу баш аламандыктан улам адамдардын акыр заман болот деген жыйынтыкка келип жатышканын» айткан. Адамдардын андай жыйынтыкка келип жатканына өзгөрүүлөрдүн, баш аламандыктын эмне үчүн болуп жатканын эч ким билбегени себеп болууда («The Last Days Are Here Again»).

Акыр заман жөнүндө алдын ала айткан пайгамбарлар өздөрүнүн убагында болгон окуялардын себеби жөнүндө жазышкан эмес. Алар Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен акыр заман болордо жердеги абалдын кандай болорун алдын ала айтышкан. Келгиле анда, пайгамбарлар алдын ала айткан нерселерди жана алардын биз жашап жаткан убакта аткарылып жаткан-жатпаганын карап көрөлү.

  •   Согуш, ачарчылык, жер титирөө, адамдын өмүрүн алып кеткен жугуштуу оорулар (Матай 24:7; Лука 21:11).
  • Кылмышкерликтин күч алышы (Матай 24:12).
  • Адам баласынын жерди кыйратышы (Аян 11:18).
  • Өзүмчүл, акчаны сүйгөн, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн адамдардын болору (2 Тиметей 3:2, 4).
  • Үй-бүлөлөрдүн бузулушу (2 Тиметей 3:2, 3).
  • Адамдардын акыр замандын жакындап келатканына кош көңүл карай турганы (Матай 24:37—39).
  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча жарыяланышы (Матай 24:14).

Иса пайгамбар «булардын баарын» көргөнүбүздө акыр заманга аз калганын билишибиз керектигин айткан (Матай 24:33). Жахабанын Күбөлөрү пайгамбарлар алдын ала айткан нерселердин баары акыр заманга аз калганын көрсөтүп турарына бекем ишенишет, ошондуктан алар 236 өлкөдө Ыйык Китепте жазылган кабарды айтып жатышат.

Акыр замандын күткөн убакта келбегени анын такыр болбой турганын билдиреби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «„Тынчтык жана коопсуздук!“ деп айтып жатышканда, алардын кыйратылуусу кош бойлуу аялдын толгоосу сыяктуу капысынан келет; алар качып кутула алышпайт» (1 ТЕСАЛОНИКАЛЫКТАР 5:3).

Ыйык Китепте дүйнөнүн талкаланышы кош бойлуу аялдын күтүлбөгөн жерден башталган, катуу кармаган толгоосуна салыштырылат. Акыр заман болгонго чейинки убакты да аялдын кош бойлуу кезине салыштырса болот. Аял толгоосу күчөгөн сайын, төрөй турган убагы жакындап калганын түшүнөт. Доктур айткан күнү төрөбөй калса да, ал сөзсүз төрөөрүн билет. Ошол сыңары, акыр заман биз күткөн убакта келбей калса да, «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды көрсөткөн белгилер акыр замандын сөзсүз болорун далилдеп турат (2 Тиметей 3:1).

Балким, силер: «Акыр заманга аз калганын көрсөткөн белгилер айкын көрүнүп турса да, көптөр ал белгилерди эмне үчүн байкабай жатышат?» — дейттирсиңер. Ыйык Китепте акыр замандын алдында көп адамдардын ал белгилерге көңүл бурбай турганы айтылган. Акыркы күндөрдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө карабай, алар: «Дүйнө жаратылганда кандай болсо, ата-бабаларыбыз өлүм уйкусуна кеткенден бери баары ошол эле бойдон, эч нерсе өзгөргөн жок»,— деп  айтышат (2 Петир 3:3, 4). Башкача айтканда, акыркы күндөрдө жашап жатканыбыз айкын болуп турса да, буга кайдыгер карашат (Матай 24:38, 39).

Бул макалада акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн, Ыйык Китепте айтылган айрым белгилер гана талкууланды *. Алар тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Эгер билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, алар менен Ыйык Китепти изилдеп көргүлө. Изилдөө силердин үйүңөрдө же силерге ыңгайлуу болгон башка жерде, же телефон аркылуу акысыз өткөрүлөт. Буга аз эле убактыңар кетет, бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн силерге зор пайдасы тиет.

^ абз. 39 Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?» деген 9-бөлүмүн карагыла.