Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Мен эми чындап эркин болдум»

«Мен эми чындап эркин болдум»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1981
  • ӨЛКӨСҮ: КОШМО ШТАТТАР
  • МУРУН: БУЗУЛУП КЕТКЕН

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Батыш Виржиниядагы (АКШ) Огайо дарыясынын жээгинде жайгашкан Маундсвил деген шаарда туулгам. Төрт баланын экинчисимин. Бир кыз, үч эркекпиз. Бала кезде төртөөбүз үйдү үч көтөрүп жиберчүбүз. Ата-энем — күжүрмөн эмгектенген, чынчыл, башкалардын камын ойлогон кишилер. Бардар үй-бүлөдөн болбосок да, зарыл нерселерден кем болбой чоңойдук. Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгондуктан кичинекейибизден тартып эле бизди Ыйык Китепте жазылган осуяттар боюнча тарбиялоого бүт күчүн жумшачу.

Бирок өспүрүм куракка келгенде ата-энем үйрөтүп келген нерселер боюнча жашагым келбей, көз карашым өзгөрө баштады. Ыйык Китептеги осуяттар бактылуу кыларына, жашоону маңыздуу кыларына шектенип жүрдүм. Ээн-эркин болуп, өзүм каалаганды кылганда гана чындап бактылуу болом деп ойлодум. Көп өтпөй эле жыйналыштарга барбай калдым. Байкем менен карындашым да, мага окшоп, жыйналыштарга баргысы келбей калды. Ата-энем бизди туура жолго салыш үчүн колунан келгендин баарын кылды, бирок ошого карабай, биз Кудайдан алыстап кеттик.

Ал кезде эркин болом деп зыяндуу нерселердин кулу болуп каларымды түшүнгөн жокмун. Бир жолу мектептен үйгө келатканымда, бир досум мага чегип көрбөйсүңбү деп тамеки берди. Мен чегип көрдүм. Ошол күндөн тартып жаман нерселердин баарын татып көрө баштадым. Кийинчерээк болсо баңгизат колдонуп, адеп-ахлаксыз иштерди кылып, ичкилик ичип кеттим. Жылдар өткөн сайын, баңгизаттын улам күчтүүрөөгүн колдонуп, анын кулуна айландым. Ошентип жүрүп андай нерселерге байланып калдым. Аларга акча табыш үчүн баңгизат сатканга да өттүм.

Абийиримдин жемелегенине көңүл бурбаганга аракет кылсам да, туура эмес иштерди кылып жүргөнүм үчүн ичимен кыйнала берчүмүн. Бирок ушундай жаман жолго түшүп алгандан кийин кайра кантип оңолмок элем деп ойлочумун. Кечелерде, концерттерде элдин арасында жүрсөм да, жалгызсырап, көңүлүм чөккөн учурларым көп болчу. Ата-энем жакшы кишилер болсо да, кантип мен жаман жолго түшүп кеттим деп ойлоно берчүмүн.

 ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Өзүмдөн түңүлүп калсам да, башкалар менин оңолоруман үмүтүн үзгөн жок. Ата-энем мени 2000-жылы өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн облустук жыйынына чакырышты. Мен, мойнунан байлаган иттей болуп, араң бардым. Таң калыштуусу, байкем менен карындашым да ал жыйынга барды.

Жыйындан так ошол жерге бир жылдай мурун рок концертке келгенимди эстедим. Жыйынга келгендердин концертке келгендерден айырмаланарын көргөндө, жүрөгүм козголду. Концерт өткөн жер таштандыга толгон, айлана тамекинин түтүнү болчу. Концертке келгендер орой, ырлар болсо көңүлдү чөгөрө тургандай эле. Ал эми жыйынга келген адамдардын жүзүнөн чынында эле бактылуу экени көрүнүп турду. Жыйналышка барбай калганыма бир топ жыл болуп калса да, алар мени жылуу тосуп алышты. Жыйын өткөн жер болсо таза, ал жерде айтылгандар үмүт берерлик болчу. Ыйык Китепте жазылгандардын пайдасы зор экенин түшүнгөндө учурунда аларды эмне үчүн баалаган жок болдум экен деп ойлондум (Ышая 48:17, 18).

«Ыйык Китеп баңгизатты таштаганга,.. оңолгонго жардам берди»

Жыйынга барып келгенден кийин кайрадан жыйналышка барайын деп чечтим. Жыйында болгондор байкем менен карындашымдын жүрөгүн козгогондуктан, алар да жыйналышка кайрадан бара башташты. Ошентип, үчөөбүз тең Ыйык Китепти изилдей баштадык.

Мага, өзгөчө, Жакып 4:8де жазылган сөздөр таасир этти. Ал жерде: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган. Кудайга жакындаш үчүн мурда кылып жүргөн жаман иштеримди ташташым керектигин түшүндүм. Ошондон кийин көп нерсени өзгөрттүм, тамекини, ичкиликти, баңгизатты таштадым (2 Корунттуктар 7:1).

Эски досторум менен байланышканымды токтотуп, Жахаба Кудайдын элинин арасындагы адамдар менен дос боло баштадым. Мени менен Ыйык Китепти изилдеген байке мага көп жардам берди. Ал мага дайыма чалып, үй жактан өтүп баратканда үйгө кирип, ал-акыбалымды сурап турчу. Ушул күнгө чейин ал экөөбүз жакын достордонбуз.

2001-жылы жазында өмүрүмдү Кудайга арнап, байкем, карындашым менен бирге Жахабанын Күбөсү болдум. Кайрадан үй-бүлөбүз менен чогуу Жахаба Кудайга сыйына баштаганыбызга ата-энем да, Кудайга ишенимдүү кызмат кылып келаткан иним да кубанычы койнуна батпай сүйүндү.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Мурда Ыйык Китептеги осуяттар эркиндигимди өтө эле чектейт деп ойлочумун, эми болсо алардын чынында коргой турганына көзүм жеткендиктен, абдан баалайм. Ыйык Китеп баңгизатты таштаганга, аны сатканымды токтотконго жана оңолгонго жардам берди.

Азыр Жахаба Кудайга сыйынган элдин арасында жүргөнүмө абдан сыймыктанам. Алар бири-бирин чындап сүйүшөт жана Кудайга биримдикте кызмат кылышат (Жакан 13:34, 35). Ушундай элдин арасында жүрүп Адриан деген кызга үйлөндүм. Ага үйлөнгөнүмдү Кудайдын батасы деп эсептейм. Мен аны абдан сүйөм, кадырлап-сыйлайм. Жараткан Кудайга чогуу кызмат кылып жүргөндүктөн экөөбүз тең бактылуубуз.

Өз кызыкчылыгымды көздөп жашабай, адамдарга Ыйык Китепте жазылгандар канткенде аларга да пайдасын тийгизерин түшүнгөнгө жардам берип, убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга жумшап жатам. Баарынан да ушул иш мага канааттануу тартуулайт. Ыйык Китеп жашоомду өзгөрттү деп ишенимдүү түрдө айта алам. Мен эми чындап эркин болдум.