Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкаларга Кудайдын Сөзүндө жазылган кабарды айтып жүргөнүн көргөн чыгарсыңар. Балким, алар жөнүндө гезиттерден окугандырсыңар же ар кандай кептерди уккандырсыңар. Бирок аларды канчалык жакшы билесиңер?

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР?

Кайсынысы чын?

ЧЫН КАЛП

  1. Жахабанын Күбөлөрү — Иса Машаяктын жолдоочулары.

  2. Жахабанын Күбөлөрү — креационисттер.

  3. Жахабанын Күбөлөрү медициналык жардамдан баш тартышат..

  4. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти толугу менен Кудайдын Сөзү деп эсептешет.

  5. Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн гана Ыйык Китебин колдонушат

  6. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти өзгөртүп алышкан.

  7. Жахабанын Күбөлөрү коомчулукка аралашпайт.

  8. Жахабанын Күбөлөрү өзүн башка диндегилерден жогору көрөт.

Бул суроолордун жообу кийинки беттерде.

  1. 1. ЧЫН. Биз Иса Машаяктын окууларына так карманууга жана анын үлгүсү боюнча жашаганга аракет кылабыз (1 Петир 2:21). Анткен менен өздөрүн Иса Машаяктын жолдоочуларыбыз деп атаган башка диний топтордон көп жагынан айырмаланабыз. Мисалы, Иса Машаяктын Үчилтиктин бири эмес, Кудайдын Уулу экенине ишенебиз (Марк 12:29). Жандын өлбөстүгүнө жана Кудай адамдарды түбөлүккө тозокто кыйнайт дегенге ишенбейбиз. Ошондой эле диний иштерди жетектегендерге аларды башкалардан жогору койгон өзгөчө наамдар ыйгарылбашы керек деп эсептейбиз (Насаатчы 9:5; Жезекиел 18:4; Матай 23:8—10).

  2. 2. КАЛП. Биз бардыгын Кудай жаратканына ишенебиз. Бирок креационисттердин оюна кошулбайбыз. Себеби алардын айткандары Ыйык Китепте жазылгандарга дал келбейт. Мисалы, алар Жер кадимки 24 сааттан турган 6 күндүн ичинде жаралган дешет. Бирок Ыйык Китептеги «күн» деген сөз кадимки күндү эмес, алда канча көбүрөөк убакытты билдириши мүмкүн (Башталыш 2:4; Забур 90:4). Андан тышкары, айрым креационисттер Жер бир нече миң жыл мурун эле пайда болгон дешет. Ал эми Ыйык Китепте Жер жана аалам 6 жаратуу күнүнө чейин көп убакыт мурун эле бар болгону жазылган 1 (Башталыш 1:1).

  3. 3. КАЛП. Биз медициналык жардамдан баш тартпайбыз. Иса Машаяктын алгачкы шакирттеринин бири Лука доктур болгон сыңары, биздин арабызда да доктурлар бар (Колосалыктар 4:14). Биз, болгону, Ыйык Китептеги көрсөтмөлөргө каршы келген дарылоо ыкмаларынан баш тартабыз. Алсак, кан куйдурбайбыз, анткени Ыйык Китепте канды колдонууга тыюу салынган (Элчилер 15:20, 28, 29).

    Чынында, биз өзүбүзгө да, жакындарыбызга да эң мыкты медициналык жардам көрсөтүлүшүн каалайбыз. Жахабанын Күбөлөрү болгон бейтаптар үчүн атайын иштелип чыккан кансыз дарылоо ыкмалары азыр ал тургай жалпы коомго да пайдасын тийгизүүдө. Ошол ыкмаларды колдонуунун аркасында көптөгөн өлкөлөрдө бейтаптар кан аркылуу жуккан оорулар, иммун системасынын реакциясы жана доктурлардын жаңылып калуу ыктымалдыгы сыяктуу кан куйдуруунун кесепеттеринен тышкары боло алышат.

  4. 4. ЧЫН. Биз Ыйык Китеп толугу менен «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына» ишенебиз (2 Тиметей 3:16). Ал көптөргө Байыркы Келишим жана Жаңы Келишим катары белгилүү болгон эки бөлүктөн турат. Бирок, Ыйык Китептин бир бөлүгү эскирип калган деген ой кетпеши үчүн, биз ал эки бөлүктү Еврей Жазмалары жана Грек Жазмалары деп атап коёбуз.

  5. 5. КАЛП. Ыйык Китепти изилдеш үчүн биз ар кандай котормолорду колдонобуз. Бирок көбүнчө, эгер эне тилибизде бар болсо, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» колдонобуз. Анда Кудайдын ысмы кездешет, ошондой эле ал так жана түшүнүктүү которулган. Мисалы, Кудайдын ысмына токтололу. Ыйык Китептин бир котормосунун кириш сөзүндө ал китептин басылып чыгышына салымын кошкон 79 кишинин аты жазылганы менен, Ыйык Китептин автору Жахабанын ысмы алынып салынган. Ал эми Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмы түп нусканын кайсы жерлеринде кездешсе, ошол жерлердин баарында кездешет. 2

  6. 6. КАЛП. Биз окууларыбыз Ыйык Китепке дал келбесин түшүнгөндө аларды Ыйык Китепке ылайык өзгөртөбүз. 1950-жылы Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» чыкканга чейин, колдо бар котормолорду колдонуп, окууларыбызды ошолорго негиздечүбүз.

  7. 7. КАЛП. Биз кылган кызматыбыз жалпы коомго пайдалуу деп айта алабыз. Себеби көптөргө ичкилик ичүү, баңгизат колдонуу сыяктуу зыяндуу адаттарын таштаганга жардам бере алдык. Ошондой эле кат-сабат таануу курстарыбыздын аркасында дүйнө жүзү боюнча миңдегендер окуганды, жазганды үйрөнүүдө. Андан тышкары, кайсы бир кырсыктан жапа чеккендерге, алар ишенимдештерибиз болбосо да, жардам көрсөтүп келебиз. Ошондой эле андайда эң зарыл болгон жардамды, эмоциялык жана рухий жардамды, көрсөтүүгө аракет кылабыз. 3

  8. 8. КАЛП. Адам кайсы динди тутпасын, биз Ыйык Китептеги «бардык адамдарды урматтагыла» деген кеңешке карманабыз (1 Петир 2:17, «Үмүт нуру» котормосу). Мисалы, айрым өлкөлөрдө жүз миңдеп саналсак да, саясатчылардан же мыйзам чыгаруучулардан башка диндердин ишин чектеген же аларга тыюу салган мыйзамдарды кабыл алышын талап кылбайбыз. Ошондой эле жалпы коом биздин адеп-ахлак нормаларыбыз, диний көз карашыбыз боюнча жашашын талап кылып кандайдыр бир иш-чараларды уюштурбайбыз. Биз башкалардын көз карашын сыйлайбыз жана биздин да көз карашыбызды сыйлашын каалайбыз (Матай 7:12).

Бул макаладагы маалымат биздин jw.org/ky деген расмий веб-сайтыбыздан алынды. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн БИЗ ЖӨНҮНДӨ > КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР деген бөлүктү карагыла.

^ 1. Ошондуктан биз, айрым креационисттерден айырмаланып, Жер миллиарддаган жылдар мурун пайда болушу мүмкүн деген ишеничтүү илимий көз карашты четке какпайбыз.

^ 2. «Жаңы дүйнө котормосунун» дагы бир өзгөчөлүгү бар: ал бекер таратылат. Натыйжада миллиондогондор Ыйык Китепти эне тилинде окуй алышат. «Жаңы дүйнө котормосу» учурда 130 тилде бар. Аны www.pr418.com/ky сайтынан онлайн түрүндө да окуй аласыңар.

^ 3. Биздин уюмга түшкөн ыктыярдуу тартуулардын айрым бөлүгү кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишине бөлүнөт (Элчилер 11:27—30). Ал ишти ыктыярчылар аткаргандыктан, тартуулар маянага эмес, толугу менен кырсыктан жапа чеккендерге жумшалат.