Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Чыныгы достук мамиле канткенде өрчүйт?

Чыныгы достук мамиле канткенде өрчүйт?

КӨЙГӨЙ

Технология жаатындагы жетишкендиктердин аркасында азыр көбүрөөк киши менен оңой эле байланышууга болуп көрбөгөндөй жакшы шарттар түзүлүүдө. Бирок андан адамдардын ортосундагы мамиле бекемделип кеткен жок. Бир жигит буга байланыштуу мындай дейт: «Мага менин досторум бүгүн бар эртең жоктой сезилет. Атамдын болсо качантан бери достошуп келаткан достору бар».

Азыркы тапта чыныгы достук мамиле өрчүтүү эмне үчүн оңой эмес?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Заманбап техниканын «салымы». SMS, социалдык тармактар жана башка ушу сыяктуу нерселердин аркасында кимдир бирөө менен жүзмө-жүз көрүшпөй туруп деле дос боло алчудай сезилет. Бүгүнкү күндө жай отуруп сүйлөшүүнүн ордун шаша-буша жазылган SMSтер менен социалдык тармактардагы кыска билдирүүлөр ээлеп алды. Бир китепте: «Бетме-бет көрүшүп сүйлөшүү жокко эсе болуп баратат. Студенттер бири-бири менен убакыт өткөргөнгө караганда монитордун маңдайында көбүрөөк убакыт өткөрүшөт»,— делет («Artificial Maturity»).

Кээде техника мамилени бекемдей кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн. «Ойлоп көрсөм, досторумдун ал-акыбалын сурап дайыма эле мен биринчи SMS жазат экем. Ошон үчүн канчасы өзү жазар экен деп, эч кимисине жазбай койдум. Ошондо бир нечеси эле жазды. Көрсө, айрымдары мен ойлогончолук деле жакын дос эмес экен»,— дейт 22 жаштагы Брайн *.

Бирок: «SMS жана социалдык тармактар башкалар менен байланышып турууга жардам берип жатса, анда достукту бекемдеп жатпайбы?!» — деп ойлошуңар мүмкүн. Ооба, бекемдейт, бирок ал үчүн эки киши жүз көрүшүп жүргөн достордон болушу керек. Социалдык тармактар сыяктуу каражаттар эки кишинин ортосунда көпүрө курганы менен, аларды бири-бирине жакындатпайт.

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Чыныгы достук деген эмне экенин аныктоо. Ыйык Китепте «бир туугандан да жакын» дос болору жазылган (Накыл сөздөр 18:24). Досторуңдун ушундай болушун каалайсыңбы? Өзүңдү да ушундай дос деп эсептейсиңби? Бул суроолорго жооп бериш үчүн алгач досуңдан кайсы үч сапатты көргүң келерин, анан достук мамилеңерге шарт түзгөн өзүңдөгү үч сапатты жаз. Андан соң: «Онлайн досторумдун кайсынысынан мен баалаган сапаттарды байкадым? Алар мени менен кайсы сапаттарымды баалагандыктан достошуп жатышат?» — деп ойлонуп көр. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 2:4.)

Эмне маанилүүрөөк экенин баамдоо. Онлайн достошуу көп учурда хоббиге негизделет. Бирок эки адамдын бирдей нерселерге кызыкканына караганда, бирдей нерселерди баалаганы маанилүүрөөк. 21 жаштагы Леане: «Менин досторум көп деле эмес, бирок алардын баары — жакшы адам болгонго түрткү берген достор»,— дейт (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 13:20.)

Жүз көрүшүп мамиле түзүү. Адам менен пикирлешүүдө аны менен бетме-бет жолугуп, үнүнүн тонундагы билинер-билинбес өзгөрүүлөрдү, жүзүн, кыймыл-аракетин жана жаңсоолорун байкап сүйлөшүүдөн өтөрү жок. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Тесалоникалыктар 2:17.)

Кат жазуу. Кат жазуу өткөндүн ишиндей көрүнүшү мүмкүн. Бирок кимдир бирөөгө кат жазсаңар, анын жеке өзүнө көңүл бурган болосуңар. Ал эми андай мамилени азыркы түйшүгү түгөнбөгөн дүйнөдө анчалык көп кезиктире бербейсиң. Мисалы, Шери Торкл деген жазуучу өзүнүн китебинде бир жигиттин өмүрүндө бир да жолу кат алып көрбөгөнүн жазган. Ошондой эле ал адамдар кат жазышып жүргөн кезди эскерип: «Мен ал кезди, ал кезде төрөлө элек болсом да, сагынам»,— деп жазган. Чыныгы достук мамиле өрчүтүш үчүн ошол эски «технологияны» колдонууга эмне үчүн болбосун?

Жыйынтык: Чыныгы достук жөн гана байланышып туруудан да көптү билдирет жана сүйүүнү, боорукердикти, чыдамдуулукту, кечиримдүүлүктү талап кылат. Достукту гүлдөткөн — так ошол сапаттар. Ал эми онлайн түрүндө гана байланышканда андай сапаттарды чагылдыруу кыйын.

^ 8-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.