Мазмунун көрсөтүү

Кан куйдурууга Кудай кандай карайт?

Кан куйдурууга Кудай кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте Кудайдын кан жегенге тыюу салары айтылат. Ошондуктан биз накта канды жана анын негизги компоненттерин тамак катары да, медициналык максатта да колдонбошубуз керек. Ыйык Китептеги айрым аяттарга көңүл бурсаңар.

  • Башталыш 9:4. Жер бетине Топон суу каптаткандан кийин Кудай Нух пайгамбарга жана анын үй-бүлөсүнө эт жегенге уруксат берген, бирок кан жегенге тыюу салган. Ал ага: «Денени... каны менен кошо жебегиле»,— деп айткан. Кудайдын бул буйругу бардык адамдарга тиешелүү. Анткени бүткүл адамзат Нух пайгамбардан тараган.

  • Лебилер 17:14. Кудай: «Эч кандай жандыктын канын жебегиле, анткени ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны. Ким аны жесе, элинин арасынан жок кылынат»,— деп буйрук берген. Бул сөздөрдөн Кудайдын ар бир тирүү жандын канын анын өмүрү деп эсептээрин, ошондой эле тирүү аттуунун баарынын өмүрү Кудайга таандык экенин түшүнүүгө болот. Кудай бул мыйзамды ысрайыл элине гана бергени чын. Бирок биз мындан Кудайдын канды тамак-ашка колдонууга кандай караарын билсек болот.

  • Элчилер 15:20. «Канды колдонуудан качкыла». Кудай бул буйрукту, учурунда Нух пайгамбарга бергендей эле, кийин Иса Машаяктын жолдоочуларына да берген. Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын канды атүгүл медициналык максатта да колдонуудан баш тартышканын тарыхтан билүүгө болот.

Кудай канды колдонууга эмне үчүн тыюу салган?

Кан куйдуруу медициналык көз караш менен алып караганда да ден соолукка зыян. Бирок Кудай канды колдонууга, эң негизгиси, ал өмүрдү билдиргендиктен жана ошондуктан ыйык деп эсептелгендиктен тыюу салган (Лебилер 17:11; Колосалыктар 1:20).