Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Колу жок болсо да, кучак жайып кабыл алган

Колу жок болсо да, кучак жайып кабыл алган

Адам жыгылып кете жаздаганда, адатта, бир нерсени кармай калат. Мен анте албайм, анткени колум жок. Өмүрүмдү сактап калыш үчүн эки колумду тең кесүүгө туура келгенде, болгону, 7 эле жашта болчумун.

Мен 1960-жылы туулгам. Апам мени 17 жашында төрөптүр. Атам мен төрөлө электе эле кетип калыптыр. Апам экөөбүз таятамдар менен чогуу мурунку Германия Демократия Республикасындагы Бург деп аталган чакан шаарда турчубуз. Ал жактагылардын көбү, анын ичинде биз да атеист болчубуз.

Таятам мени аябай жакшы көрчү. Экөөбүз көп нерсени чогуу кылчубуз, мисалы, бактарды бутачубуз. Андай иштерди кылганды аябай жакшы көрчүмүн. Ошентип, бала кезде эч нерсе менен ишим жок, жыргап эле жүрчүмүн.

ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТКӨН КЫРСЫК

7 жашымда, 2-класска жаңыдан бара баштаганымда, кырсык болду. Бир күнү мектептен келатып электр тирөөчкө чыктым. 8 метрдей бийик көтөрүлгөнүмдө катуу ток уруп, эс-учумду жоготуп койдум. Эсиме келсем — ооруканада жатыптырмын, колумду сезген жокмун. Көрсө, эки колум тең катуу күйгөндүктөн, канга инфекция өтүп кетпеши үчүн кесиш керек болуптур. Апам, таята-таенемдер аябай кайгырышты. Мен болсо бала болгондуктан мунжу болгонумдун айынан кийин канчалык кыйналарымды түшүнгөн деле жокмун.

Ооруканадан чыккандан кийин мектепке бардым. Мектептен балдар мени тегеректеп алып, аябай шылдыңдашты. Өзүмдү коргой албагандыктан, алар мени чаап, түрткүлөп жатышты. Алардын дайыма шылдыңдап, басынта бергени мага катуу тийчү. Акыры, Биркенвердердеги майыптардын жатак мектебине которулдум. Мектеп үйдөн аябай алыс болгондуктан, апам, таята-таенемдер бара алышчу эмес. Алар менен каникул учурунда гана көрүшчүмүн. Ошентип, он жыл бою алардан бөлөк жашадым.

МУНЖУ БОЛУП ЖАШОО

Көп нерсени бутум менен кылганды үйрөнүп алдым. Буттун манжасы менен кашыкты же вилканы кармап тамак жеген кишини элестете аласыңарбы? Мен ошентип тамактанганды үйрөндүм. Атүгүл бутум менен тишимди жууп, чачымды да тарап калдым. Башкалар менен сүйлөшүп жатканда бутумду кадимкидей эле жаңсап сүйлөшө берчүмүн. Ошентип, бутум колумдун милдетин аткарып калды.

Өспүрүм курагымда илимий фантастиканы көп окучумун. Кээде алдыңкы технология менен жасалган, баарын кылууга шарт түзгөн жасалма кол тагынып жүргөнүмдү элестете берчүмүн. 14 жашымда тамеки чеге баштадым. Тамеки чеккенимде: «Мен деле чеге алам. Чеккендердин баарын, колу барбы-жокпу, чоң киши десе болот»,— дегендей болчумун. Анткени тамеки чеккенде өзүмдү эч жери кем эмес, ишенимдүү кишидей сезчүмүн.

Мен көп нерсе менен алектенип, коомдук иштерге аралаша баштадым. Өкмөт каржылаган жаштардын уюмуна мүчө болуп, уюмда катчылык милдетти аткарып калдым. Ал жогору бааланган жооптуу милдет болчу. Ошондой эле ыр клубуна, акындардын жолугушуусуна, майыптар спортуна катышып жүрдүм. Шаардагы бир ишканада бир аз үйрөнчүк болуп иштегенден кийин ошол жакка орноштум. Улам убакыт өткөн сайын алты саны аман кишидей көрүнгүм келе баштады, ошондуктан жасалма колду чечпей тагынчу болдум.

ЧЫНДЫКТЫ КУЧАК ЖАЙЫП КАБЫЛ АЛЫШЫМ

Бир жолу жумушка баратып поездди күтүп турсам, бир киши жаныма келип, Кудай эки колумду тең калыбына келтиргенин элестете алар-албасымды сурады. Мен эмне деп айтышты билбей калдым. Албетте, колумдун болушун каалачумун, бирок андай болушу такыр мүмкүн эмес деп ойлодум. Мен атеист болчумун, Кудай жок дегенге бекем ишенчүмүн. Ошондон тартып ал кишиден качып калдым.

Кийинчерээк бир кесиптешим үйүнө чакырып калды. Кофе ичип отурганыбызда ата-энеси Жахаба Кудай жөнүндө айта баштады. Ошондо биринчи жолу Кудайдын ысмы бар экенин уктум (Забур 83:18). Бирок ичимен: «Кудай жок болгондон кийин анын аты барбы-жокпу айырмасы кандай. Мен буларга жаңылып жатышканын далилдеп берем»,— деп ойлонуп жаттым. Өзүмдүкү туура экенине толук ишенгендиктен алар менен жолугуп, Ыйык Китепти талкуулашып турууга макул болдум. Бирок, кызыктуусу, Кудай жок экенин далилдеп бере алган жокмун.

Ыйык Китепте алдын ала жазылгандарды изилдеген сайын, көз карашым акырындап өзгөрө баштады. Пайгамбарлардын айткандары жүздөгөн жылдардан кийинби, миңдеген жылдардан кийинби, так аткарылып келатыптыр. Бир жолку талкууда Матай китебинин 24-бөлүмүндө, Лука китебинин 21-бөлүмүндө жана 2 Тиметей китебинин 3-бөлүмүндө алдын ала жазылгандарды азыр дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен салыштырдык. Доктурга бейтаптын оорусун так аныктаганга оорунун белгилерин өз-өзүнчө эмес, баарын чогуу карап, байкоо жүргүзүү жардам берген сыяктуу эле, пайгамбарлардын жазгандарын чогуусунан карап чыгуу мага азыр Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп аталган убакта жашап жатканыбызды түшүнгөнгө жардам берди *. Мен ушунчалык таң калдым. Көрсө, ал пайгамбарлыктар менин көз алдымда эле аткарылып жатыптыр.

Ошентип, окуп-билгендерим чындык экенине көзүм жетти. Канча деген жылдардан бери тамеки чегип келаткандыктан ага аябай көнүп калгам. Ошентсе да аны таштаганга жардам сурап Жахабадан тилене баштадым. Ыйык Китепти бир жылдай изилдедим. Анан 1986-жылдын 27-апрелинде ваннада жашыруун чөмүлдүм, анткени ал убакта Чыгыш Германияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган болчу.

БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Бизге тыюу салынганына байланыштуу чакан топ болуп үйлөрдө чогулуп тургандыктан, ишенимдештеримдин бир азын гана таанычумун. Бир жолу күтүүсүздөн Батыш Германияга барып келүүгө өкмөттөн уруксат алып калдым. Ал жакта тыюу салынган эмес болчу. Ошентип, өмүрүмдө биринчи жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн чоң жыйынына барып, миңдеген бир туугандарымды көрдүм. Бул мен үчүн эстен кеткис окуя болду.

Берлин дубалы кулагандан кийин Жахабанын Күбөлөрүнө уруксат берилди. Ошентип, Жахаба Кудайга эркин сыйына баштадык. Мен Ыйык Китептеги кабарды таратуу ишине көбүрөөк катышкым келди. Бирок чоочундар менен сүйлөшкөндөн коркчумун. Анткени майып болгондуктан жана майыптар үйүндө чоңойгондуктан басынып, коруна берчүмүн. Ошентсе да 1992-жылы бир ай 60 саат кабар айтууга аракет кылып көрөйүн дедим. Ошол ай мен үчүн кубаныч тартуулган эң сонун маал болду. Андыктан ай сайын кызматка 60 саат жумшоону чечтим да, үч жылдай ошентип кызмат кылдым.

Мен Ыйык Китептеги: «Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбей коёмбу?» — деген сөздөрдү эсиме бек сактап жүрөм (2 Корунттуктар 11:29). Майып болсом да менде акыл, үн бар, ошондуктан башкаларга кабар айтып, жардам бергенге бүт күчүмдү жумшагым келет. Мунжу болгондуктан мага окшогондорго боорум ооруй берет. Бир нерсени кылгың келип, бирок кыла албаганың канчалык жаман экенин жакшы билем. Ошо себептен ушундай сезимде болгондорду жубата алам. Башкаларга Кудай жөнүндө айтканымда өзүмдү бактылуу сезем.

Башкаларга Кудай жөнүндө айтканымда өзүмдү бактылуу сезем

ЖАХАБА МАГА КҮНҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Ачыгын айтканда, менин деле кээде көңүлүм чөгөт. Эч жери кем эмес адам болгум келет. Күнүмдүк иштерди өз алдымча кыла алам дечи, бирок жөнөкөй эле нерселер көп убактымды, көп күчүмдү алып коёт. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айтылгандарды күн сайынкы урааным кылып алгам (Филипиликтер 4:13). Жахаба күнүгө адаттагы нерселерди кылганга керектүү күч берип келет. Ал мени эч качан таштаган эмес, андыктан мен да аны таштагым келбейт.

Жахаба батасын берип, азыр бала кезимен өксүп келген нерсеге жеттим, тактап айтканда, үй-бүлөлүү болдум. Өмүрлүк жарым Элке абдан мээримдүү, боорукер. Андан тышкары, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү менин бир туугандарым, үй-бүлөм болуп калды.

Жубайым Элке экөөбүз

Кудайдын жерди бейишке айлантып, «бардыгын жаңы жаратам» деген убадасы, анын ичинде эки колумду калыбына келтирери мени аябай жубатат (Аян 21:5). Иса пайгамбардын жерде жүргөндө кылгандары жөнүндө ой жүгүрткөн сайын бул убаданын маанисин дагы тереңирээк түшүнүп жатам. Иса пайгамбар бир майып кишини заматта эле айыктырып койгон жана кулагы шылынып кишини сакайтып койгон (Матай 12:13; Лука 22:50, 51). Жахабанын убадасы жана Иса пайгамбардын кереметтери менин да келечекте кайрадан колу-буту соо адам болорума ынандырат.

Бирок мен баарынан да Жахаба Кудайды таанып-билгениме аябай ыраазымын. Ал менин атам, досум болуп калды, ал дайыма жубатып, күч-кайрат берип турат. Мен Дөөтү пайгамбардын: «Жахаба — күч-кубатым, калканым... Андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат»,— деп айткандарына толук кошулам (Забур 28:7). Мен ушул чындыкты өмүр бою эсимде сактагым келет жана аны колум жок болсо да, кучак жайып кабыл алдым.

^ 17-абз. Акыркы күндөр жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин «Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?» деп аталган 9-бөлүмүн карагыла. Китеп jw.org/ky сайтында да бар.