Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Лефевр д’Этапль. Карапайым элдин Кудай Сөзүн билишин каалаган

Лефевр д’Этапль. Карапайым элдин Кудай Сөзүн билишин каалаган

ПАРИЖГЕ жакын жайгашкан Меакс деген чакан шаардын тургундары 1520-жылдын башында жекшемби күндөрдүн биринде чиркөөдөн уккандарына ишене албай аң-таң болушкан. Алар өмүрүндө биринчи жолу Инжилдердин латын тилинде эмес, өз эне тилинде — француз тилинде — окулганын угушкан!

Ыйык Китепти ошол тилге которгон Жак Лефевр д’Этапль (латынча Якоб Фабер Стапюленсис) жакын бир досуна: «Кудай карапайым элдин жүрөгүнө анын Сөзүн кабыл алууга канчалык түрткү берип жатканын сен элестете да албайсың»,— деп жазган.

Ошол учурда католик чиркөөсү жана Париждеги теологдор Ыйык Китептин эл сүйлөгөн тилге которулушуна караманча каршы болушчу. Ошого карабай Ыйык Китепти француз тилине которууга Лефеврге эмне түрткү берген? Ал Кудайдын Сөзүнүн элге түшүнүктүү болушуна кандай салым кошкон?

ЫЙЫК КИТЕПТИН НАГЫЗ МААНИСИН ТҮШҮНҮҮГӨ ДИЛГИР БОЛУШУ

Ыйык Китепти которгонго чейин Лефевр өзүнүн өмүрүн философиялык жана теологиялык классика эмгектеринин түпкү маанисин изилдеп, тактоого арнаган. Себеби байыркы жазмалардын көбүнчө туура эмес которулгандын жана каталардын айынан бир нече кылым ичинде бурмаланып кетерин байкаган. Ал католик чиркөөсү колдонгон Ыйык Китептин «Вульгата» деп аталган латын тилиндеги котормосун так ошол жазмалардын түпкү маанисин изилдөө максатында кылдат изилдей баштаган.

Натыйжада «чыныгы бакытка Кудай ачып берген чындыкты изилдегенде гана жетсе болот» деген бүтүмгө келген. Ошондуктан философияны изилдөөнү токтотуп, бүт күчүн Ыйык Китепти которууга жумшай баштаган.

1509-жылы ал Ыйык Китептеги Забур * китебинин латын тилиндеги беш котормосун, анын ичинде «Вульгата» котормосунун өзү оңдогон версиясын камтыган изилдөө үчүн арналган эмгегин жараткан. Ошол кездеги теологдордон айырмаланып, Лефевр Ыйык Китепти жөнөкөй жана табигый тил менен которууга дилгир болгон. Анын мындай көз карашы Ыйык Китепти изилдеген башка окумуштууларга жана реформачыларга абдан таасир эткен. ( «Анын Мартин Лютерге тийгизген таасири» деген кутучаны карагыла.)

Забурлардагы Кудайга карата колдонулган наамдардын тизмеси, 1513-жылы жарык көргөн «Беш тилкелүү Забур»

Төрөлгөнүнөн тартып католик динин туткан Лефевр карапайым калкка Ыйык Китепти туура түшүндүргөндө гана чиркөөгө баргандар оңолот деп ишенген. Бирок Ыйык Китептин көчүрмөлөрүнүн көпчүлүгү латын тилинде гана болсо, эл аны кантип түшүнмөк?

БАРДЫГЫ ОКУЙ АЛГАН ЫЙЫК КИТЕП

Лефевр Инжилдерге жасаган кириш сөзүндө Ыйык Китепти элге эне тилинде жеткирүүнү каалаарын жазган

Лефевр Кудай Сөзүн абдан жакшы көргөндүктөн аны элдин калың катмарына жеткирүүнү чечкен. Ошол максатына жетиш үчүн ал 1523-жылы июнда француз тилине которгон Инжилдерди басып чыгарган. Ал котормо эки томдон турган жана чөнтөк форматында болгон. Кадимки форматтагы китептерден эки эсе арзан болгондуктан, жакыр жашагандардын көбү аны сатып ала алышкан.

Ал котормонун жарык көрүшүнө эл абдан кубанып, дароо сатып ала баштаган. Эркектердин да, аялдардын да арасынан Иса пайгамбардын сөзүн өз эне тилинде окууга дилгир болгондор ушунчалык көп болгондуктан, ал котормонун биринчи басылып чыккан 1 200 нускасы бир нече айдын ичинде эле сатылып кеткен.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ЭР ЖҮРӨКТҮК МЕНЕН ЖАКТАШЫ

Инжилдерге жасаган кириш сөзүндө Лефевр чиркөөнүн «карапайым мүчөлөрү Инжилдерде жазылган чындыкты латын тилин түшүнгөндөр түшүнгөндөй кылыш үчүн» аларды француз тилине которгонун жазган. Ал жөнөкөй элдин Ыйык Китепте эмне деп жазылганын билишин эмне үчүн мынчалык каалаган?

Анткени католик чиркөөсүнө адамдар ойлоп чыгарган окуулар менен философия канчалык күчтүү таасир эткенин билген (Марк 7:7; Колосалыктар 2:8). Ал «эл мындан ары адамдардын окууларын окуп адашпашы үчүн», «Инжилдерде жазылгандар бүткүл дүйнө жүзүнө бурмаланбай жарыялана турган» убак келип жеткенине көзү жеткен.

Ошондой эле Ыйык Китептин француз тилине которулушуна каршы чыккандардын айткандары жүйөсүз экенин далилдөөгө аракет кылган. Ал: «Эгер алар карапайым элдин Кудай жаздырган Инжилди эне тилинде окушун каалашпаса, анда элди Иса Машаяктын осуяттарынын баарын аткарууга кантип үйрөтүшөт?» — деп, аларды эки жүздүүлүгү үчүн айыптаган (Римдиктер 10:14).

Ошондон көп өтпөй Париждеги Сорбонна университетинин теологдору Лефеврдин «үнүн басуунун» амалын кыла башташкан. 1523-жылдын август айында алар Ыйык Китептин жергиликтүү тилдеги котормолору жана Ыйык Китепке байланыштуу пикирлер «чиркөөгө зыян келтирет» деп каршы чыгышкан. Франциянын королу Франциск I кийлигишпесе, Лефевр еретик катары жазага тартылмак.

«ҮН КАТПАГАН» КОТОРМОЧУНУН ИШИН АЯГЫНА ЧЫГАРЫШЫ

Лефевр өзүнүн эмгегине байланыштуу кызуу талаштын Ыйык Китепти которуу ишинен алаксытышына жол берген эмес. 1524-жылы Грек Жазмаларын («Жаңы Осуят» деп белгилүү) которуп бүткөндөн кийин, эл Кудайдан «бүт дити менен» тилене алышы үчүн, Забур китебин да француз тилине которгон.

Сорбонна университетиндеги теологдор анын эмгегин дароо ийне-жибине чейин талдап чыгып, Грек Жазмаларынын котормосун элдин көзүнчө өрттөп салууга буйрук беришкен. Ал эми эмгектеринин айрымдарын «чиркөө окууларын четке каккан Лютердин жазгандарына окшош» деп табышкан. Алар Лефеврди өзүнүн көз карашын жактоого чакырышканда, ал «үн катпай эле коюуну» чечип, Страсбургга качып кеткен да, ошол жактан Ыйык Китепти которууну уланта берген. Айрымдар аны коркоктук кылды деп эсептесе да, ал Ыйык Китептеги «берметтерди» баалабагандарга ушундайча жооп кайтарууну туура көргөн (Матай 7:6).

Бир жылдан кийин Франциск I аны төрт жашар Карл деген баласына насаатчы кылып дайындаган. Ошондо которуу ишин аягына чыгарууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1530-жылы Карл Vтин уруксаты менен ал которгон толук Ыйык Китеп Францияда эмес, Бельгиянын Антверпен шаарында жарык көргөн *.

ҮМҮТҮНҮН ТАШ КАБЫШЫ

Лефевр өмүрүнүн аягына чейин чиркөө адамдар чыгарган каадаларды таштап, Ыйык Китепте жазылган таза окууларга кармана баштайт деп үмүттөнгөн. Ал «Ыйык Китепти өз алдынча окуп-изилдөөгө Исанын ар бир жолдоочусу укуктуу, ал эмес милдеттүү» деп эсептеген. Ошо себептен Ыйык Китепти баары окуй алгыдай кылууга бүт күчүн жумшаган. Чиркөөгө байланыштуу үмүтү ишке ашпай калса да, Лефеврдин элге чоң мурас калтырганы талашсыз. Анткени ал Кудайдын Сөзүнүн карапайым элдин жүрөгүнө жетишине зор салым кошкон.

^ 8-абз. «Беш тилкелүү Забурда» Забур китебинин беш версиясы өз-өзүнчө тилке болуп жазылган жана анда Кудайдын наамдарынын тизмеси, тетраграмматон, башкача айтканда, Кудайдын ысмыны еврей тилинде төрт тамга менен берилген формасы бар.

^ 21-абз. 5 жылдан кийин, 1535-жылы, франциялык Оливетан деген котормочу Ыйык Китептин түп нускага негизделген котормосун басып чыгарган. Грек Жазмаларын которуп жатканда ал көбүнчө Лефеврдин эмгегине таянган.