Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКЫНЫҢАРДАН АЙРЫЛГАНДА...

Күйүт тарткандарды жубатуу

Күйүт тарткандарды жубатуу

Жакынынан ажырап, кан жутуп турган бирөөнү эмне деп жубатышты билбей, кыйналган учуруңар болду беле? Андайда кээде эмне дешти, эмне кылышты билбегендиктен, унчукпай эле коюуну же эч нерсе кылбай эле коюуну туура көрүшүбүз мүмкүн. Бирок алардын күйүтүн жеңилдетиш үчүн баарыбыз эле кандайдыр бир нерселерди кыла алабыз.

Көп учурда «арты кайырлуу болсун» деген сыяктуу жөнөкөй эле сөздөрдү айтканыбыз, жанында болгонубуз бир топ кубат берет. Көптөгөн элдерде андайда кишини кучактап же колунан кысып, көңүл айтышат. Эгер күйүтү бар адам сүйлөшкүсү келсе, дит коюп уккула. Үйдөгү ишине да кол кабыш кылып, мисалы, тамак-аш жасап, балдарын карап же, кааласа, сөөк коюуга керектүү нерселерди даярдоого жардам кылсаңар болот. Ушу сыяктуу нерселер сөзгө караганда салмактуу болот.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин каза болгон кишинин кайсы бир жакшы сапатын, окуясын эстеп, ошо жөнүндө сүйлөшсөңөр болот. Бул күйүт тартып жаткан адамдын көңүлүн көтөрүшү мүмкүн. Мисалга 6 жыл мурун күйөөсүнөн айрылган Пэмди алалы. Ал мындай дейт: «Кээде башкалар Яндын мен билбеген жакшы иштерин айтып калышат, ошондо көңүлүм көтөрүлө түшөт».

Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, адатта, күйүт тарткандарга башында көп көңүл буруп, көп жардам беришет, бирок убакыттын өтүшү менен ар ким өз түйшүгү менен алпурушуп кеткендиктен, алар унутта калышат. Ошондуктан андай адамдарга дайыма жөлөк-таяк болуу зарыл экенин унутпагыла *. Күйүтү көпкө басылбай кыйналгандар буга абдан ыраазы болушат.

Жапониялык Каори деген кыз, апасы кайтыш болгондо, дүйнөсү эңшерилип сыздаган. Андан 1 жыл 3 ай өткөн кийин эжеси да каза болуп калган. Ошондой оор учурда достору дем-күч берип, кайраттандырып турушкан. Өзүнөн бир топ улуу Ритсуко деген аял ага аны жакын досундай көрө аларын айткан. Каори мындай дейт: «Чынын айтсам, адегенде анын айтканын анча жактырган жокмун. Себеби эч кимдин апамдын ордун ээлешин каалаган эмесмин, кимдир бирөө апамдай боло алат деп да ойлогон эмесмин. Бирок Ритсуко апанын мамилесинен улам ага барган сайын жакын боло бердим. Жума сайын экөөбүз башкаларга Ыйык Китептеги жакшы кабарды айтчубуз, ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барчубуз. Ал мени чайга чакырып, тамак да жасап келип берип турчу. Кат, открыткаларды көп жазчу. Ритсуко апанын маанайы, мамилеси мага аябай жакшы таасир этти».

Каоринин апасынын көзү өткөнүнө 12 жыл болду. Азыр ал жолдошу менен убактысынын көбүн Кудайга кызмат кылууга жумшап жатат. Ал: «Ритсуко апа дагы деле ал-жайымды сурап турат. Үйгө барганымда ага жолугуп турам, аны менен сүйлөшкөндөн рахат алам»,— дейт.

Оор учурда жакындарынын бел болгонун сезгендердин бири — Кипрде жашаган Поли деген Жахабанын Күбөсү. Полинин жолдошу Созос абдан боорукер киши эле. Ал конокко жетим-жесирлерди көп чакырып, жыйналыштагыларга жакшы үлгү болчу (Жакып 1:27). Кейиштүүсү, мээсинде шишик болгондуктан, ал 53 жашында каза тапкан. Поли: «Мен 33 жыл чогуу өмүр сүргөн эң ынак досумдан айрылдым»,— дейт.

Күйүт тарткандарга жардам берүүнүн жолун издегиле

Ошондон кийин Поли 15 жашар Дэниел деген кенже уулу менен Канадага көчүп кеткен жана Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол жактагы жыйналышына бара баштаган. Ал мындай деп эскерет: «Ал жактагы жыйналыштагылар биздин кайгыбызды, баштан кечирген кыйынчылыктарыбызды билишпесе да, жылуу-жумшак сөздөрдү айтып, колунан келген жардамын аяшкан эмес. Өзгөчө, балам аталык мээримге муктаж болуп турган кезде жыйналышта жетекчиликти колго алгандар балама аябай көңүл буруп турушту. Алардын бири достору менен чогулганда же топ ойногону барганда баламды кошуп алчу». Азыркы тапта Дэниел да, апасы да мурункудай күйүт тартпай калышты.

Ооба, күйүтү бар адамдарды жубатып, колдоонун ар кандай жолдору бар. Ошондой эле Ыйык Китепте баарына дем-күч бере турган үмүт жөнүндө жазылган.

^ 6-абз. Андай адам жакыны өлгөн күнү же ошо күнгө жакын калганда аябай кыйналат. Андыктан айрымдар аны ошондой учурда жубатууну унутуп калбаш үчүн ал күндү календарга белгилеп коюшат.