Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Мен аялдарды да, өзүмдү да сыйлап калдым

Мен аялдарды да, өзүмдү да сыйлап калдым
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1960

  • ӨЛКӨСҮ: ФРАНЦИЯ

  • МУРУН: БАҢГИ БОЛЧУ, АЯЛДАРДЫ СЫЙЛАЧУ ЭМЕС

МУРУН.

Мен Франциянын Мюлуз шаарынын кедейлер жашаган кылмыштуу районунда төрөлгөм. Бала чагымда ал жердеги үй-бүлөлөрдүн уруш-талашына, зордук-зомбулугуна көп күбө болгом. Биздин үйдө аял кишинин ою менен дээрлик эсептешчү эмес. Менде аял күйөөсүнө, балдарына кам көрүп, ашканадан чыкпашы керек деген ой калыптанып калган.

Бала кезим бактылуу өткөн жок. Он жашымда ичкиликтен атам кайтыш болду, 5 жылдан кийин бир агам өз жанын кыйды. Ошол эле жылы үйдөн чоң чатак чыгып, дагы бир өлүм болду. Бул жүрөгүмө кетпес так калтырды. Бычак, тапанча колдонгонду, мушташканды үйдөн үйрөнгөм. Ушулардан улам жан дүйнөм бүлүнүп, ичкиликке берилип, денеме да ар кандай сүрөттөрдү түшүрө баштадым.

16 жаштарымда күнүнө 10—15 бөтөлкө сыра иччүмүн, көп өтпөй баңгизатка өттүм. Аларга акча табыш үчүн темир-тезек сатып, уурулук кылчумун. Ошентип, 17ге чыккыча эле түрмөгө отуруп чыктым. Уурулук, зордук-зомбулук үчүн баш-аягы 18 жолу соттолдум.

Жыйырмаларымда ого бетер бузулдум. Бир күндө марихуанадан жасалган 20дай тамеки чегип салчумун, героин жана башка тыюу салынган заттарды да колдончумун. Ашыкча баңгизат колдонуп, өлүп кала жаздаган учурларым болгон. Кийин баңгизат сата баштагандыктан жаныма дайыма бычак, тапанча ала жүрчүмүн. Бир жолу атүгүл бир кишиге ок аткам. Бактыга жараша, ок курунун темирине тийип ыргып кеткен. 24 жашымда апам каза болду, ошондон кийин ого бетер ачуулуу болуп калдым. Көчөдө баратканымда, мени көргөндөр коркконунан көчөнүн аркы бетине өтүп кетишчү. Мушташтан башым чыкпагандыктан дем алыш күндөрү көбүнчө же полицияда, же ооруканада жүрчүмүн.

28имде үйлөндүм. Аялыма кандай мамиле кылганым айтпаса да түшүнүктүүдүр. Ага күн көрсөтчү эмесмин. Чогуу бир нерсе кылуу деген такыр жок болчу. Аны зер буюмдарына бөлөп койсом эле болду деп ойлочумун. Аларды болсо уурдап келчүмүн. Анан күтүлбөгөн жерден жубайым Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Аларга бир эле жолу жолуккандан кийин тамекисин таштап койду, мен уурдап келген акчаны албай турганын айтты, зер буюмдарды да кайрып берди. Ошондо аябай кыжырым кайнады. Анын Ыйык Китепти изилдешине каршы болуп жүрдүм, тамекинин түтүнүн бетине үйлөп, атүгүл кошуналардын көзүнчө шылдыңдаган учурларым болду.

Бир жолу өлөрчө мас болуп келгенимде менин айыман үйдө өрт чыгып кетиптир. Ошондо жубайым 5 жашар кызым экөөбүздү куткарып калыптыр. Эртеси соолукканда өзүмдү аябай күнөөлөдүм. Кудай мени эч кечирбейт болуш керек деп ойлочумун. Дин кызматчынын жаман кишилер тозокко түшөт деп айтканы эсимде болчу. Психиатрым да: «Сенин ишиң бүткөн. Сен оңолбойсуң!» — деген.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Үйүбүз өрттөнүп кеткендиктен, кайнатамдардыкына көчүп бардык. Бир күнү жубайыма Жахабанын Күбөлөрү келгенде: «Кудай күнөөмдүн баарын кечиреби?» — деп сурадым. Алар 1 Корунттуктар 6:9—11-аяттарды окуп беришти. Ал жерде Кудайга жакпаган нерселерди кылгандар жөнүндө айтылып келип, аягында: «Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер»,— деп жазылган болчу. Ошону уккандан кийин өзгөрө алам го деген үмүт пайда болду. Кудайдын мени жакшы көрөрүнө ынандырыш үчүн алар 1 Жакан 4:8ди окуп беришти. Ушулар аябай таасир этип, мени менен Ыйык Китепти жумасына эки жолу изилдеп турушун сурандым. Анан жыйналыштарына бара баштадым. Мен Жахаба Кудайдан жардам сурап дайыма тиленчүмүн.

Бир айдан кийин баңгизат менен ичимдикти таштоону чечтим. Ошондо ичимде кадимкидей согуш башталды! Түнү менен жаман түш көрүп, башым, ашказаным ооруп, дене боюм карышып, аябай кыйналчумун. Бирок Жахабанын колуман кармап, күч берип жатканын да сезчүмүн. Өзүмдү: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айткан элчи Пабылдай сезчүмүн (Филипиликтер 4:13). Кийин тамекини да таштадым (2 Корунттуктар 7:1).

Ыйык Китеп мени эле эмес, үй-бүлөмдөгү мамилени да оңдоду. Аялымды сыйлай баштадым, рахмат айтканды да үйрөндүм. Ошондой эле кызыма да көңүл буруп, аталык милдетимди аткара баштадым. Ыйык Китепти бир жыл изилдегенден кийин, аялыма окшоп, өмүрүмдү Жахабага арнап, чөмүлдүм.

ПАЙДАСЫ.

Мурда атүгүл туугандарым да мени бир күнү баңгизаттан же мушташтан өлөт деп ойлошчу. Бирок Ыйык Китеп өмүрүмдү сактап калды деп айта алам.

Ыйык Китептен атанын, күйөөнүн милдети кандай экенин билдим, ошонун аркасында үй-бүлөлүк жашоом түп-тамыры менен өзгөрдү (Эфестиктер 5:25; 6:4). Биз бир нерселерди үй-бүлөбүз менен чогуу кыла баштадык. Азыр үйдөгү милдеттин баарын аялымдын мойнуна артып койбой, ал Ыйык Китептеги жакшы кабарды башкаларга айтууга ай сайын 70 саат бөлө алышы үчүн, үй тирлигине кол кабыш кылып турам. Ал да мага жыйналышта аксакалдык милдетимди аткарышыма жакшы колдоо көрсөтөт.

Жахаба Кудайдын сүйүүсү, ырайымы жашоомду толугу менен өзгөрттү. Азыр мен башкалар оңолбойт деп кол шилтеп койгондорго Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө айтып бергим келет, анткени бир учурда мени да ошондой деп эсептешчү. Ыйык Китеп баарына таза, маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам бере аларын билем. Мен Ыйык Китептин аркасында аялдарды да, эркектерди да сыйлаганды үйрөндүм, өзүмдү да сыйлап калдым.