Мазмунун көрсөтүү

Өзүн өзү сүйүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Өзүн өзү сүйүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептен адам өзүн өзү кандайдыр бир деңгээлде жакшы көргөнү орундуу, атүгүл зарыл экенин билүүгө болот. Бул өз ичине, өзүнө өзү кам көрүүнү, өзүн өзү сыйлоону жана баалуу экенин сезүүнү камтыйт (Матай 10:31). Ыйык Китепте өзүмчүлдүк даңазаланбайт, андан адамдын өзүн өзү сүйгөнү тийиштүү орунда турушу керектигин билүүгө болот.

Биринчи кимди сүйүшүбүз керек?

  1.   Кудайга болгон сүйүү жүрөктөн чыгышы зарыл. Ыйык Китепте: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен... сүй»,— деген осуят эң биринчи жана абдан маанилүү осуят экени айтылат (Марк 12:28—30; Мыйзам 6:5).

  2.   Ал эми экинчи маанилүү осуятта: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айтылат (Марк 12:31; Лебилер 19:18).

  3.   Ыйык Китепте өзүн өзү сүйүүгө байланыштуу осуят жок болсо да, «жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» деген осуяттан адамдын өзүн өзү орундуу деңгээлде сүйгөнүнүн жана сыйлаганынын жаман жери жок экенин, ал тургай пайдалуу экенин билүүгө болот.

Иса Машаяк биринчи кимди сүйгөн?

  1.  Иса пайгамбар Кудайды, жакындарыбызды, өзүбүздү кандай деңгээлде сүйүшүбүз керектигин көрсөткөн жана жолдоочуларына анын үлгүсүнө карманышы керектигин айткан (Жакан 13:34, 35). Иса Машаяк биринчи кезекте Жахаба Кудайды сүйгөн жана өзүн Анын ишин аткарууга арнаган. Ал: «Дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деген (Жакан 14:31).

  2.   Иса башкаларга кам көрүп, атүгүл өз өмүрүн берүү менен жакындарын сүйөрүн көрсөткөн (Матай 20:28).

  3.   Ал эс алууга, тамактанууга, шакирттери жана анын жолдоочусу болгусу келгендер менен көңүл ачууга убакыт бөлүп, өзүн орундуу деңгээлде сүйөрүн көрсөткөн (Марк 6:31, 32; Лука 5:29; Жакан 2:1, 2; 12:2).

Башкаларды сүйүүнү өзүн өзү сүйүүдөн жогору коюу бактысызыраак кылып, өзүн өзү сыйлоо сезимин төмөндөтөбү?

 Жок. Анткени Кудай бизди өзүнө окшош кылып жараткан. Ал эми башкаларды жан аябастык менен сүйүү — Кудайдын эң негизги сапаты (Башталыш 1:27; 1 Жакан 4:8). Бул биздин башкаларды сүйгүдөй болуп жаралганыбызды билдирет. Албетте, өзүн өзү сүйүү маанилүү, бирок биринчи кезекте Кудайды сүйсөк жана башкаларга дайыма жакшылык кылууга умтулсак, бактылуураак болобуз. Ыйык Китепте айтылгандай, «алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

 Бүгүнкү күндө көптөр биринчи кезекте өзүңдү ойлосоң, бактылуу болосуң дешет. Алардын жашоосунда биринчи орунда «жакындарын сүйүү» эмес, «өзүн өзү сүйүү» турат. Бирок жашоо-турмушка байкоо салсак, Ыйык Китептеги: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— деген кеңешке ылайык иш кылгандардын ден-соолугу жакшыраак болуп, өздөрүн бактылуураак сезерине ынанабыз (1 Корунттуктар 10:24).