Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине карама-каршы келеби?

Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине карама-каршы келеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок. Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине толугу менен шайкеш келет. Бир караганда, кээ бир аяттар бири-бирине карама-каршы келгендей сезилиши мүмкүн. Бирок аларды төмөндөгү принциптерди эске алып окуй турган болсок, андай эмес экенин айкын көрүүгө болот.

  1.   Контекстти эске алуу. Кандай гана текст болбосун, эгер аны толугу менен окубай, бир бөлүгүн гана окуй турган болсок, автор өзүнүн сөзүнө өзү каршы сүйлөп жаткандай сезилип калышы толук мүмкүн.

  2.   Ыйык Китепти жазган адамдардын көңүл бурган жактары ар башка болгонун эске алуу. Кайсы бир окуяга күбө болгондордун баары окуяны так сүрөттөп берген күндө да, ар башка сөздөрдү колдонушу же ар башка нерселерге көңүл бурушу мүмкүн.

  3.   Тарыхый фактыларды жана байыркы учурдагы каада-салттарды эске алуу.

  4.   Айрым сөздөрдүн түзмө-түз жана каймана мааниде айтылышы мүмкүн экенин эске алуу.

  5.   Кайсы бир иштин аткарылышы кимдир бирөөгө, ал аны жеке өзү кылбаса да, ыйгарылышы мүмкүн экенин эске алуу a.

  6.   Ыйык Китептин тагыраак которулган котормосун колдонуу.

  7.   Эч нерсеге негизделбеген диний жалган окуулар менен Ыйык Китепте жазылгандарды ажырата билүү.

 Ушул нерселерди эске алуу Ыйык Китептеги бири-бирине карама-каршы келгендей көрүнгөн жерлерди туура түшүнүүгө кандайча жардам берерин көрсөткөн айрым мисалдарга токтололу.

1-принцип: Контекстти эске алуу.

Кудай жетинчи күндөн тартып эс ала баштаган болсо, анда: «Ушу кезге чейин эмгектенип келатат»,— деген сөздөрдү кандай түшүнүүгө болот? Башталыш китебинде Кудай жөнүндө: «Жасап жаткан иштеринин бардыгын бүтүрүп, жетинчи күндөн тартып эс ала баштады»,— деп айтылган. Бирок бул сөздөрдүн контекстин окуй турган болсок, ал аятта Кудайдын Жердеги жаратуу иштерин токтоткону айтылганын түшүнүүгө болот (Башталыш 2:2—4). Иса Машаяктын: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат»,— деген сөздөрү буга карама-каршы келбейт, анткени ал Кудайдын башка иштери жөнүндө айткан (Жакан 5:17). Кудайдын иштерине анын Ыйык Китепти жаздырганы, кызматчыларын жетектегени, адамзатка кам көргөнү кирет (Забур 20:6; 105:5; 2 Петир 1:21).

2 жана 3-принцип: Ыйык Китепти жазган кишилердин ар башка нерсеге көңүл бурганын жана тарыхый фактыларды эске алуу.

Иса Машаяк сокур кишини кайсы жерден айыктырган? Луканын Инжилинде Иса Машаяк сокур кишини «Жерихого жакындап калганда» айыктырган деп жазылса, Матайдын Инжилинде анын эки сокур кишини «Жериходон чыгып баратканда» айыктырганы жазылган (Лука 18:35—43; Матай 20:29—34). Чынында, ар бири ар башка нерсеге көңүл бурган эки кишинин бул жазгандары бири-бирине карама-каршы келбестен, бири-бирин толуктап турат. Эгер сокур кишилердин санына байланыштуу айта турган болсок, Матай эки киши деп тагыраак жазган, Лука болсо Иса Машаяк түздөн-түз кайрылган кишини гана сөз кылган. Ал эми окуянын кайсы жерде болгонуна көңүл бура турган болсок, археологдордун айтымында, Иса пайгамбардын убагында Жерихо бири-бирин улаган эки шаардан турган шаар болгон. Эски шаар менен римдиктер курган жаңы шаар бири-биринен бир жарым километр алыстыкта жайгашкан. Сыягы, бул окуя ошол эки шаардын ортосунда болгон көрүнөт.

4-принцип: Айрым сөздөрдүн түзмө-түз жана каймана мааниде айтылышы мүмкүн экенин эске алуу.

Жер жок кылынабы? Насаатчы 1:4тө: «Жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат»,— деп айтылган, ал эми Ыйык Китептин башка жеринде: «Табият элементтеринин баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндөгүлөрдүн баары өрттөнүп кетет»,— деп жазылган. Ушундан улам айрымдарга бул аяттар бири-бирине карама-каршы келгендей сезилиши мүмкүн (2 Петир 3:10, «Үмүт нуру» котормосу). Бирок, белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте «жер» деген сөз кээде түз мааниде Жер планетасынын өзүнө колдонулса, кээде каймана мааниде, мисалы, элдерге карата колдонулат (Башталыш 1:1; 11:1, шилт.). Андыктан 2 Петир 3:10до айтылган «жердин» кыйратылышы Жер планетасынын өрттөнүп жок болуп кетишин эмес, «ыймансыз адамдардын» жок болушун билдирет (2 Петир 3:7).

5-принцип: Кайсы бир иштин аткарылышы кимдир бирөөгө, ал аны жеке өзү кылбаса да, ыйгарылышы мүмкүн экенин эске алуу.

Капернаум шаарында Иса Машаякка ким келген? Матай 8:5, 6дан Рим аскеринин жүз башысы Иса Машаякка өзү келип, кулун айыктырып беришин суранганы жазылган. Ал эми Лука 7:3тө жүз башы Иса Машаякка жүйүт аксакалдарын жөнөткөнүн окуйбуз. Иса Машаякка жүйүт аксакалдары келгени менен, өтүнгөн киши жүз башы болчу. Андыктан бул аяттар бири-бирине карама-каршы келет деп айтууга болбойт.

6-принцип: Ыйык Китептин тагыраак которулган котормосун колдонуу.

Бардык адамдар күнөө кылабы? Ыйык Китепте түпкү атабыз Адам ата аркылуу бардык адамдарга күнөө өткөнү айтылат (Римдиктер 5:12). Бирок айрым котормолордо адил адам «күнөө кылбайт» деп айтылганынан улам Ыйык Китепте айтылгандар бири-бирине карама-каршы келгендей сезилиши мүмкүн (1 Жакан 3:6, «Үмүт нуру» котормосу). Негизи, Ыйык Китептин түп нускасы жазылган грек тилинде 1 Жакан 3:6дагы «күнөө» деген сөзгө карата колдонулган этиш учур чакта берилип, бир канча убакытка созулган иш-аракетти билдирет. Демек, бизге тукум кууп өткөн күнөө менен Кудайдын мыйзамдарын билип туруп атайлап бузуп, күнөө кыла берүүнүн айырмасы чоң. Ошондуктан айрым котормолордо жогорудагы сөздөр «күнөө кылбай калат» же «мурункусундай күнөө кылбай калат» деп тагыраак которулган («Жаңы дүйнө» котормосу, Филипстин англисче котормосу).

7-принцип: Эч нерсеге негизделбеген диний жалган окуулар менен Ыйык Китепте жазылгандарды ажырата билүү.

Иса Машаяк Кудайга теңби же Кудайдан төмөнбү? Иса Машаяктын: «Атам экөөбүз бирбиз»,— деп айтканы: «Атам менден чоң»,— деп айтканына карама-каршы келгендей сезилиши мүмкүн (Жакан 10:30; 14:28). Анын айткандарын туура түшүнүш үчүн бул аяттарды Ыйык Китепке негизделбеген Үчилтик окуусуна ылайыкташтырууга аракет кылбастан, Ыйык Китепте Жахаба Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө чынында эмне деп айтыларын изилдеп көргөнүбүз оң. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын Иса Машаяктын Атасы эле эмес, ал сыйынган Кудайы экени да айтылат (Матай 4:10; Марк 15:34; Жакан 17:3; 20:17; 2 Корунттуктар 1:3). Ошондуктан Иса Машаякты Кудайга тең деп айтууга болбойт.

 Иса Машаяк: «Атам экөөбүз бирбиз» — дегенде, контекст көрсөтүп тургандай, Атасы экөөнүн максаты, ою бир экенин айткысы келген. Анын: «Атам мени менен, мен Атам менен биримдикте[мин]»,— деп да айткан сөзү бар (Жакан 10:38). Иса Машаяк өзүнүн жолдоочулары менен да максаты бир экенин көрсөткөн. Муну анын: «Экөөбүз бир болгондой эле, алар да бир болушу үчүн, мага берген даңкыңды мен аларга бердим. Мен алар менен биримдиктемин, сен да мени менен биримдиктесиң»,— деп Кудайга айткан сөзүнөн билүүгө болот (Жакан 17:22, 23).

a Мисалы, «Британ энциклопедиясында» Таж-Махал тууралуу: «Таж-Махалды Могол императору Шах-Жахан курган»,— деп айтылган. Бирок бул ал аны өз колу менен курганын билдирбейт, себеби ошол эле булакта Таж-Махалдын курулушуна «20 000ден ашуун жумушчу жалданганы» айтылган.