Мазмунун көрсөтүү

Диндердин баары бирдейби? Алардын баары эле Кудайга жагабы?

Диндердин баары бирдейби? Алардын баары эле Кудайга жагабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Диндердин баары эле бирдей эмес. Ыйык Китепте Кудайга жакпаган диндер жөнүндө көп айтылат. Аларды эки негизги топко бөлсө болот.

1-топ: Жалган кудайларга сыйынгандар

 Ыйык Китепте жалган кудайларга сыйынуу «бууга», «пайдасы жок» нерселерге салыштырылат жана «убаракерчилик» экени айтылат (Жеремия 10:3—5; 16:19, 20). Жахаба a Кудай байыркы ысрайыл элине: «Менден башка кудайларың болбосун»,— деп буйруган (Чыгуу 20:3, 23; 23:24). Ысрайылдыктар жалган кудайларга сыйынып кеткенде, «аларга Жахабанын каары кайнаган» (Сандар 25:3; Лебилер 20:2; Бийлер 2:13, 14).

 Кудайдын «„кудай“ деп аталгандарга» карата көз карашы өзгөргөн жок (1 Корунттуктар 8:5, 6; Галатиялыктар 4:8). Ал ага сыйынгысы келгендерден жалган динди туткандар менен байланышпашын талап кылат. Кудай андай адамдарга: «Алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө»,— деп айтат (2 Корунттуктар 6:14—17). Эгер диндердин баары бирдей болсо жана баары Кудайга жакса, ал ушундай талап коёт беле?

2-топ: Чыныгы Кудайга ага жакпагандай сыйынгандар

 Жахаба Кудайга сыйынган ысрайылдыктардын жалган кудайларга сыйынган элдердин ырым-жырымдарына, каада-салттарына карманган учурлары болгон. Бирок алардын чыныгы динди жалган дин менен аралаштырганы Жахабага жаккан эмес, ошондуктан ал аларды четке каккан (Чыгуу 32:8; Мыйзам 12:2—4). Иса пайгамбар да анын күндөрүндөгү диний жетекчилерди Кудайга жаккандай сыйынбаганы үчүн айыптаган. Алар сыртынан Кудайга берилгендей болуп көрүнгөнү менен, «Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка, ишенимдүүлүккө маани бербей», эки жүздүүлүк кылышкан (Матай 23:23).

 Бүгүнкү күндө да чындыкка негизделген дин гана Кудайга жагат. Ал чындык Ыйык Китепте жазылган (Жакан 4:24; 17:17; 2 Тиметей 3:16, 17). Окуулары Ыйык Китепке карама-каршы келген диндер, чынында, адамдарды Кудайдан алыстатат. Ыйык Китепке негизделген деп эсептелген жандын өлбөстүгү, тозок оту, Үчилтик сыяктуу окуулар жалган кудайларга сыйынган элдердин ырым-жырымдарынан келип чыккан. Ушундай окууларга кармануу «куру бекер», пайдасыз. Себеби андай окууларга кармангандар Кудайдын талаптарын эмес, «адамдар чыгарган салттарды» аткарышат (Марк 7:7, 8).

 Кудай ага эки жүздүүлүк менен сыйынган адамдарды жек көрөт (Тит 1:16). Дин адамдарды Кудайга жакындатышы үчүн алардын күнүмдүк жашоосуна таасир этиши жана эч кандай ырым-жырымдар, каада-салттар менен коштолбошу керек. Мисалы, Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз. Кудайыбыздын, Атабыздын, көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынуу — бул кыйынчылыкка кабылган жетим-жесирлерге кам көрүү жана дүйнөнүн ыпылас жолдорунан өзүн таза сактоо» (Жакып 1:26, 27). Ушул аяттагы «таза сыйынуу» деген сөз «Король Яковдун Ыйык Китебинде» «таза дин» деп берилген. Ал таза, эки жүздүүлүгү жок сыйынууну билдирет.

a Ыйык Китепте чыныгы Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.