Мазмунун көрсөтүү

Куткарылуу деген эмне?

Куткарылуу деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепти жазууга катышкандар коркунучтан, жок кылынуудан куткарылуу деген ойду бериш үчүн кээде «куткаруу», «куткарылуу» деген сөздөрдү колдонушкан (Чыгуу 14:13, 14; Элчилер 27:20). Ал эми көпчүлүк учурда бул сөздөр күнөөдөн куткарылуу жөнүндө сөз болгондо колдонулат (Матай 1:21). Адамдар күнөөнүн айынан өлүмгө дуушар болушат, ал эми күнөөдөн куткарылгандар түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушат (Жакан 3:16, 17) a.

Адамдар канткенде куткарылат?

 Куткарылыш үчүн Иса Машаякка ишенип, анын буйруктарына баш ийишибиз керек (Элчилер 4:10, 12; Римдиктер 10:9, 10; Еврейлер 5:9).

 Ыйык Китепте ишенимибиздин бар экени иштерибизден, тил алчаак болгонубуздан көрүнөрү айтылат (Жакып 2:24, 26). Бирок ушинтсек эле куткарылууга татыктуу болуп калбайбыз. Куткарылуу — бул ырайымдуу Кудайдын белеги (Эфестиктер 2:8, 9).

Куткарылбай калышыбыз мүмкүнбү?

 Ооба. Сууга чөгүп бараткан киши куткарылгандан кийин кайра сууга куласа же секирсе, чөгүп кетет. Анын сыңарындай, күнөөдөн куткарылган киши ишенимин иш жүзүндө көрсөтпөсө, куткарылбай калат. Андыктан Ыйык Китепте Кудайдын куткарылууга ээ болгон кызматчылары ишеними үчүн «тырышып күрөшүүгө үндөлүшөт» (Жүйүт 3). Ал эми: «Куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле»,— деген сөздөр андан ары аракет кыла бериш керектигин баса белгилеп турат (Филипиликтер 2:12).

Ким Куткаруучу? Кудайбы же Исабы?

 Ыйык Китепте бизди Кудайдын куткарары айтылат. Ошондуктан анын «Куткаруучу» деген да наамы бар (2 Шемуел 22:3; Ышая 43:11; Тит 2:10; Жүйүт 25). Ошондой эле Кудайдын кээ бир адамдарды колдонуп, байыркы ысрайыл элин душмандардан куткарганы айтылат. «Куткаруучулар» деген сөз аларга карата да колдонулган (Некемия 9:27; Бийлер 3:9, 15; 2 Падышалар 13:5) b. Кудай адамзатты күнөөдөн Иса Машаяктын куну аркылуу куткаргандыктан, Ыйык Китепте Машаяктын да «Куткаруучу» деп аталганы жөндүү (Элчилер 5:31; Тит 1:4) c.

Баары эле куткарылабы?

 Жок, айрымдар куткарылбайт (2 Тесалоникалыктар 1:9). Шакирттери Иса пайгамбардан: «Мырзам, куткарыла тургандар аз болобу?» — деп сурашканда, ал: «Тар эшиктен кириш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла. Анткени, силерге айтып коёюн, көптөр киргенге аракет кылышат, бирок кире алышпайт»,— деп жооп берген (Лука 13:23, 24).

«Бүт адамзат куткарылат»

 Жаңылыш ой. 1 Корунттуктар 15:22деги: «Машаяк аркылуу баары өмүр алышат»,— деген сөздөр бүт адамзат куткарылат дегенди билдирет.

 Чындык. Бул бөлүмдө өлгөндөрдүн тирилиши жөнүндө айтылат (1 Корунттуктар 15:12, 13, 20, 21, 35). Демек, «Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» деген сөздөр тириле тургандардын баары Иса Машаяк аркылуу өмүр алышат дегенди эле билдирет (Жакан 11:25).

 Жаңылыш ой. Тит 2:11деги: «Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы»,— деген сөздөр бүт адамзат куткарылат дегенди билдирет («Үмүт нуру» котормосу).

 Чындык. Бул аяттагы «бардык» деп которулган грек сөзү «ар кандай же түрдүү» деген маанини да туюнтат d. Демек, Тит 2:11деги сөздөрдү Кудайдын ар кандай адамдарды, тактап айтканда, «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн... адамдарды» куткарат деп түшүнгөнбүз туура (Аян 7:9, 10).

 Жаңылыш ой. 2 Петир 3:9да Кудай «эч кимдин өлүшүн каалабайт» деп айтылганы бүт адамзаттын куткарыларын билдирет.

 Чындык. Кудай адамдардын куткарылышын каалайт, анткен менен аларды куткарылууга алпара турган жолго түшүүгө мажбурлабайт. Ал «сот күнүндө» ыймансыз адамдарды жок кылат (2 Петир 3:7).

a Адамдар күнөө менен өлүмдөн али куткарыла элек болушса да, Ыйык Китепте алар жөнүндө «куткарылгандар» деп, өткөн чакта айтылат (Эфестиктер 2:5; Римдиктер 13:11).

b Айрым котормолордо бул аяттарда «куткаруучу» деген сөздүн ордуна «жеңүүчү», «бошотуучу», «баатыр», «жетекчи», атүгүл «бирөө» деген сөздөр колдонулган. Ыйык Китептин еврей тилиндеги түп нускасында Жахаба Кудайга карата колдонулган «Куткаруучу» деген сөз адамдарга карата да колдонулган (Забур 7:10).

c Иса Машаяктын Йехошуа деген еврейче ысымынын мааниси «Жахаба — куткаруу» дегенди билдирет.

d Ушул эле грек сөзү Иса пайгамбардын Матай 5:11де шакирттерине: «Силерге ар кандай жалган жалаа жабышат»,— деп айткан сөздөрүндө да кездешет (Матай 5:11) (Карагыла: «Vine’s Complete Expository Dictionary of Old and New Testament Words»).