Мазмунун көрсөтүү

«Бир жолу куткарылган адам биротоло куткарылабы?»

«Бир жолу куткарылган адам биротоло куткарылабы?»

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок. Ыйык Китептин бир да жеринде «бир жолу куткарылган адам биротоло куткарылат» деп айтылбайт. Иса Машаякка ишенүү куткарылууга жол ачат. Бирок ишенимин сактабаган киши куткарылуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калат. Ыйык Китепте ишенимди сакташ үчүн «тырышып күрөшүү» керектиги айтылат (Жүйүт 3, 5). Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочуларына: «Мындан ары да куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле»,— деп айтылган (Филипиликтер 2:12).

«Бир жолу куткарылган адам биротоло куткарылат» деген ырастоону төгүнгө чыгарган аяттар

  •   Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгына кирүүгө тоскоолдук кылган олуттуу күнөөлөр жөнүндө айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11; Галатиялыктар 5:19—21). Эгер куткарылуу мүмкүнчүлүгүнөн эч ким айрылбай турган болсо, бул эскертүүнүн маңызы жок болуп калмак. Ыйык Китепте, тескерисинче, адам мурунку күнөөсүн кайра кыла баштаса, куткарылбай тургандыгы айтылат. Мисалы, Еврейлер 10:26да: «Чындыкты так таанып-билгенден кийин атайлап күнөө кыла берсек, күнөөлөрдү жууй турган башка курмандык калбайт»,— делет (Еврейлер 6:4—6; 2 Петир 2:20—22).

  •   Ишенимдин канчалык маанилүү экенин көрсөтүш үчүн Иса пайгамбар өзүн жүзүм сабагына, жолдоочуларын анын бутактарына салыштырган. Айрымдары жакшы жемиш берип, башкача айтканда, жакшы иштерди кылып, ишенимин көрсөткөнү менен, кийин андай кылбай калышы мүмкүн эле. Натыйжада, алар жемиш бербеген бутактай кыйылып, ыргытылмак, тагыраак айтканда, куткарылбай калмак (Жакан 15:1—6). Элчи Пабыл да ушу сыяктуу мисалды колдонгон. Ал ишенимин сактабагандарды Кудай «кыйып таштарын» айткан (Римдиктер 11:17—22).

  •   Кудайдын кызматчылары «сергек болууга» чакырылат (Матай 24:42; 25:13). «Караңгылыктын иштерин» кылып же Иса Машаяк буйруган иштерге толук катышпай рухий жактап уктап калгандар куткарылбайт (Римдиктер 13:11—13; Аян 3:1—3).

  •   Ыйык Китептеги көп аяттардан көрүнүп тургандай, куткарылгысы келгендер ишенимин аягына чейин сакташы керек (Матай 24:13; Еврейлер 10:36; 12:2, 3; Аян 2:10). Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочулары ишенимдештеринин сыноолорду туруктуулук менен көтөрүп жатканын укканда аябай кубанышчу (1 Тесалоникалыктар 1:2, 3; 3 Жакан 3, 4). Эгер адам баары бир деле куткарыла турган болсо, Ыйык Китепте сыноолорго туруктуулук менен чыдоо керектиги баса белгиленмек эмес.

  •   Элчи Пабыл өлөрүнө аз калганда гана куткарылганын ишенимдүүлүк менен айта алган (2 Тиметей 4:6—8). Ага чейин ал туура эмес каалоолоруна жетеленип, куткарылбай калышы мүмкүн экенин түшүнгөн. Ал: «Башкаларга кабар айтып жүрүп өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди сабап, кулга айландырып жатам»,— деген (1 Корунттуктар 9:27; Филипиликтер 3:12—14).