Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Римдиктер 10:13. «Теңирдин ысымын чакыруу»

Римдиктер 10:13. «Теңирдин ысымын чакыруу»

 «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат» (Римдиктер 10:13, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат» (Римдиктер 10:13, «Үмүт нуру» котормосу).

Римдиктер 10:13түн мааниси

 Кудай бет карама эмес. Ошондуктан адамдардын баарына улутуна, расасына, коомдо ээлеген абалына карабай куткарылууга жана түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ан үчүн биз Жахабанын ысмын чакырышыбыз керек. Жахаба — кудурети күчтүү Кудайдын ысымы a (Забур 83:18).

 Ыйык Китептеги «Жахабанын ысмын чакыруу» деген сөздөр Кудайдын ысымын билип коюудан жана ага сыйынганда ысымынан кайрылуудан да көптү билдирет (Забур 116:12—14). Ал өз ичине Кудайга таянууну жана андан жардам суроону камтыйт (Забур 20:7; 99:6).

 Иса Машаяк Кудайды ысымынан чакырууну маанилүү деп эсептеген. Анын жолдоочуларына үйрөткөн тиленүүсүнүн алгачкы сөздөрү: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп башталат (Матай 6:9). Ошондой эле Иса түбөлүк өмүр алгыбыз келсе, ошол ысымдын ээси болгон Жаратканды таанып-билишибиз, ага баш ийишибиз жана аны сүйүшүбүз керектигин айткан (Жакан 17:3, 6, 26).

 «Үмүт нуру» котормосунда Римдиктер 10:13төгү «Теңир» деген наамдын ордунда Жахаба деген ысым турарын каяктан билебиз? Ал аяттагы сөздөр Жоел 2:32ден цитата кылынган. Еврей тилиндеги түп нускада ал жакта «Теңир» деген наам эмес, Кудайдын ысымы турат b.

Римдиктер 10:13түн контексти

 Римдиктер 10-бөлүмүндө Кудайга жагыш үчүн Иса Машаякка ишенүү зарыл экени айтылат (Римдиктер 10:9). Муну Байыркы Келишимден алынган бир нече цитата ырастап турат. Адам Исага ишенерин «эл алдында оозу менен жарыялоо» аркылуу көрсөтөт. Бул өз ичине Кудайга ишенбегендерге куткарылуу жөнүндөгү жакшы кабарды айтууну камтыйт. Мунун аркасында аларга куткарылыш үчүн ишеним өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (Римдиктер 10:10, 14, 15, 17).

Римдиктер 10-бөлүмдү шилтемелери, байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.

a Кудайдын ысымы Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында 7 000дей жолу кездешет. Еврей тилинде Кудайдын ысымы тетраграмматон деп белгилүү болгон төрт тамгадан турат. Кыргыз тилинде ал «Жахаба» деп айтылат. Бирок айрым изилдөөчүлөр аны «Яхве» деп айтууну туура көрүшөт.

b Ыйык Китептин Грек Жазмаларын жазгандардын Байыркы Келишимден Кудайдын ысмы кездешкен аяттарды цитата кылганда ал ысымды колдонгону шексиз. Бир сөздүктө: «Ж[аңы] К[елишимдин] алгачкы кол жазмалары пайда болгон убакта тетраграмматон (Кудайдын ысмы), Яхве, Э[ски] К[елишимден] цитата кылынган айрым жерлерде же ошондой жерлердин баарында кездешкен деп айтууга толук негиз бар»,— деп айтылат («The Anchor Bible Dictionary», 6-том, 392-бет). Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин «Кудайдын ысмынын Грек Жазмаларында кездешиши» деген 2-тиркемесин карагыла.