Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбардын сырткы көрүнүшү кандай болгон?

Иса пайгамбардын сырткы көрүнүшү кандай болгон?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбардын сырткы көрүнүшүнүн кандай болгонун эч ким так билбейт, анткени Ыйык Китепте бул жөнүндө айтылган эмес. Бул анын сырткы көрүнүшү тууралуу билүүнүн анча деле маанилүү эмес экенинен кабар берет. Ошентсе да Ыйык Китепте жазылгандардан анын сырткы көрүнүшү жөнүндө анча-мынча биле алабыз.

  •   Сырткы көрүнүшү. Иса пайгамбардын апасы жүйүт болгондуктан, сыягы, ал дагы жүйүттөргө окшош болгон (Еврейлер 7:14). Ошондуктан ал башкалардан аябай деле айырмаланган эмес болуш керек. Бир жолу ал Галилеядан Иерусалимге эч кимге билинбей, жашыруун барган. Ошондо аны эч ким тааныган эмес (Жакан 7:10, 11). Ал атүгүл аны жандап жүргөн шакирттеринен деле айырмаланган эмес көрүнөт. Ошондуктан Жүйүт Искариот Иса Машаякты кармаганы келген куралчан топко кимиси Иса экенин көрсөтүш үчүн белги берерин айткан (Матай 26:47—49).

  •   Чачы. Иса пайгамбардын чачы узун болгон эмес болуш керек. Анткени Ыйык Китепте: «Чачтын узун болгону эркек үчүн уят»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 11:14).

  •   Сакалы. Иса пайгамбардын сакалы болгон. Анткени ал жүйүттөргө берилген мыйзамга карманган. Анда: «Сакалыңарды... кыркпагыла»,— делген (Лебилер 19:27; Галатиялыктар 4:4). Ыйык Китепте анын кордолору жөнүндө айтылган пайгамбарлыкта да сакалы жөнүндө айтылган (Ышая 50:6).

  •   Денеси. Иса Машаяктын чымыр денелүү киши болгону айкын. Мисалы, жерде кызмат кылып жүргөндө ал көп жерлерди кыдырган (Матай 9:35). Жүйүттөр сыйынган ибадаткананы эки жолу тазалаган. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн көңтөрүп салган. Бир жолкусунда болсо аркандан камчы жасап алып, малдын баарын сыртка кууп чыккан (Лука 19:45, 46; Жакан 2:14, 15). Макклинток менен Стронгдун «Энциклопедиясында»: «Инжилдерде жазылгандарга ылайык, [Иса] ден соолугу чың, күчтүү киши болгон»,— деп айтылат. (IV том, 884-бет.)

  •   Жүзү. Иса пайгамбар боорукер, жумшак киши болгон. Бул анын жүзүнөн көрүнүп турганы шексиз (Матай 11:28, 29). Ар кандай адамдар анын жылуу-жумшак сөздөрүн угуш үчүн жана андан жардам сураш үчүн келишчү (Лука 5:12, 13; 7:37, 38). Жадагалса, кичинекей балдар да анын жанында өздөрүн эркин сезишчү (Матай 19:13—15; Марк 9:35—37).

Иса пайгамбардын сырткы көрүнүшүнө байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Айрымдар Иса пайгамбарды африкалыктардын тукумунан болгон деп талашышат. Анткени Аян китебинде анын чачы жүнгө, ал эми буттары «кызытылган... жезге» салыштырылат (Аян 1:14, 15).

 Чындык: Аян китебинде жазылгандар «белгилер аркылуу көрсөтүлгөн» (Аян 1:1). Иса пайгамбардын чачы жана буту жөнүндө айтылгандар каймана мааниге ээ. Алар анын жерде жүргөндөгү сырткы көрүнүшүн эмес, тирилгенден кийин кандай сапаттарга ээ болгонун сүрөттөп турат. Аян 1:14тө: «Башындагы чачы аппак кардай, ак жүндөй»,— делет. Бул аятта салыштыруу иретинде анын чачынын кандай болгону эмес, түсү тууралуу айтылып жатат. Бул анын аябай көп жашагандыктан акылдуу болгонун көрсөтүп турат (Аян 3:14). Аятта анын чачы жүнгө эле эмес, карга да салыштырылат. Демек, бул жерде анын чачынын кандай болгону эмес, түсү жөнүндө сөз жүрүп жатат.

 Ал эми «буттары меште кызытылган таза жезге» салыштырылат (Аян 1:15). «Жүзү болсо жаркыраган күндөй»,— делет (Аян 1:16). Бир да расанын терисинин түсү мындай эмес. Ошондуктан бул көрүнүш каймана мааниге ээ деп айтса болот. Андан Иса Машаяктын тирилгенден кийин «адам жете алгыс жарыкта жашап» жатканын биле алабыз (1 Тиметей 6:16).

 Жаңылыш ой: Иса пайгамбар алсыз киши болгон.

 Чындык: Иса пайгамбар эр жүрөк болгон. Мисалга ала турган болсок, аны кармаганы келген куралчан топко өзүнүн ким экенин тайманбастык менен айткан (Жакан 18:4—8). Иса пайгамбарды күчтүү болгон деп да айта алабыз. Анткени ал жыгач уста болгондуктан кара күчтү талап кылган шаймандар менен иштеген (Марк 6:3).

 Анда эмне үчүн ал жаза устунун көтөрө алган эмес? Эмне үчүн аны менен чогуу устунга кадалгандардан биринчи өлүп калган? (Лука 23:26; Жакан 19:31—33). Себеби ал устунга кадалганга чейин аябай алсырап калган болчу. Ал түнү менен уктаган эмес. Буга жан дүйнөсүнүн кыйналганы да себеп болгон (Лука 22:42—44). Ошондой эле түнү бою жүйүттөр кордоп чыгышса, эртеси күнү эртең менен римдиктер ур-токмокко алышкан (Матай 26:67, 68; Жакан 19:1—3). Ушундай себептерден улам ал эртерээк өлүп калса керек.

 Жаңылыш ой: Иса пайгамбар кабагы ачылбаган киши болгон.

 Чындык: Иса пайгамбар асмандагы Атасы Жахабанын сапаттарын чагылдырган. Жахаба болсо Ыйык Китепте «бактылуу Кудай» деп сыпатталган (1 Тиметей 1:11; Жакан 14:9). Ошондой эле Иса пайгамбар башкаларга бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керектигин үйрөткөн (Матай 5:3—9; Лука 11:28). Мындан аны бактылуу болгон деп жыйынтык чыгарса болот.