Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | МАГДАЛАЛЫК МАРИЯМ

«Мен Мырзабызды көрдүм!»

«Мен Мырзабызды көрдүм!»

Жаз мезгили. Магдалалык Мариям көз жашын кайра-кайра сүртүп, өйдө жакты карап турат. Анын жанындай жакшы көргөн Мырзасы устунга кадалган эле. Чак түш болсо да, «бүт жерди караңгылык каптап» калган (Лука 23:44, 45). Мариям жамынчысын эки ийнине артып, жанындагы аялдарга жанаша турат. Үч-төрт саатка созулган караңгылык тек гана бир канча мүнөткө созулган күн тутулуу эмес болчу. Ошондо адатта түнкү маалда эле уулуп-уңшуган же чыр-чыр эткен жан-жаныбарлар үн сала баштаган көрүнөт. Муну Мариям менен Исанын жанында тургандар да укса керек. Ал жерде тургандардын айрымдарынын үрөйлөрү учуп: «Бул, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»,— дешет (Матай 27:54). Ал эми Исанын жолдоочулары жана башка адамдар бул кубулушту Жахабанын каарданып жатканынын, өз Уулунун ырайымсыздык менен өлтүрүлгөнүнө кайгырып жатканынын жышааны катары көргөндүр.

Магдалалык Мариям устунга кадалган Исаны карап да тура албай, кетип да кала албай, кыйналып турат (Жакан 19:25, 26). Мырзасынын жаны канчалык сыздап турганын сүрөттөөгө сөз кудурети жетпес. Исанын энесинин да жүрөгү канап, кимдир бирөөнүн кайраттандырып, жубатышына зар болуп турат.

Иса Мариямга чоң жакшылык кылган эле. Жүрөгү ыраазычылыкка толгон Мариям ал үчүн баарын кылганга даяр. Бир кезде ал элдин тепсендисинде калган байкуш, бечара аял болчу. Бирок Иса анын жашоосун түп-орду менен өзгөрткөн. Анын кадыр-баркын көтөрүп, жашоосун маңызга толтурган. Ошонун аркасында Мариям Кудайга бекем ишеним өрчүтө алган. Ага эмне жардам берген? Ишеними күчтүү ал аялдан кандай үлгү алсак болот?

«Каражатын Иса менен анын элчилерине кызмат кылууга жумшаган»

Магдалалык Мариям жөнүндө баяндалган Ыйык Китептеги билдирүү керемет менен башталат. Иса аны азап-тозок менен коштолгон жин-перилердин кулчулугунан боштондукка чыгарган. Ошол кезде жиндердин таасири кеңири жайылган эле. Ал мыкаачы рухтар көптөрдү кыйнап, жадагалса айрымдарынын ичине кирип, бийлеп ала турган. Биз жиндердин магдалалык Мариямды кантип кордогонун так билбейбиз. Бир билгенибиз, аны зөөкүр, ашынган жети жин бийлеп алган болчу. Бактыга жараша, Иса Машаяк алардын бирин калтырбай кууп чыккан! (Лука 8:2).

Ошондо үстүнөн тоодой жүк түшкөндөй жеңилдеп, Мариям жашоосун жаңы барактан баштаган. Ал ыраазычылыгын кантип билдире алат эле? Мариям Иса Машаяктын жолдоочусу болуп, ага ишенимдүү кызмат кылган. Ошондой эле муктаж болгондорго кол сунуп, жардамын аяган эмес. Мисалы, Иса менен анын шакирттери тамак-ашка, кийим-кечеге, түнөк жайга муктаж болчу. Алар колунда бар кишилерден эмес эле. Исаны коштоп жүргөн убакта жан багыш үчүн иштешчү да эмес. Кабар айтуу, окутуу ишине бүт дитин коюш үчүн, башкалардын алардын кем-карчын толуктап турушуна муктаж болчу.

Мариям жана башка бир нече аял аларды зарыл нерселер менен камсыз кылып турушкан. Ал аялдар «каражатын Иса менен анын элчилерине кызмат кылууга жумшашкан» (Лука 8:1, 3). Алардын айрымдары бардар турган аялдардан болчу. Ыйык Китепте ал аялдардын Иса менен анын элчилерине тамак жасап, кийимдерин жууп же улам бир кыштакка барган сайын түнөк жай таап берип турганы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, алар эч аянбай баш-аягы 20дай кишиге колунан келишинче кам көрүшкөн. Анын аркасында Иса менен шакирттери бүт көңүлүн кабар айтуу ишине топтой алышкан. Албетте, Мариям Исанын ага кылган жакшылыгын эч качан актай албай турганын түшүнгөн. Ошентсе да колунан келгенди кылганы ага чоң кубаныч тартуулаган!

Учурда көптөр төмөн деп эсептелген жумуштарды аткарып башкаларга кызмат кылгандарды теңине алгысы келбейт. Бирок Кудай андай адамдарды жогору баалайт. Мариямдын өз жанын аябай, Иса менен анын элчилерин колдоого бүт күчүн жумшап жатканын көргөндө Кудайдын жүрөгү канчалык кубанычка толгонун элестетип көрсөңөр. Бүгүнкү күндө Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары да башкалардын жыргалчылыгын көздөп анча байкала бербеген иштерди кубаныч менен аткарышат. Кээде кичинекей эле жакшылыгыбыз, атүгүл бир ооз эле жылуу сөзүбүз кимдир бирөөгө бир топ дем-шык бериши мүмкүн. Жахаба мындай иштерди көз жаздымында калтырбайт (Накыл сөздөр 19:17; Еврейлер 13:16).

«Иса кадалган жаза устунунун жанында»

Магдалалык Мариям б. з. 33-жылы Пасах майрамын майрамдаш үчүн Иса менен бирге Иерусалимге барган көптөгөн аялдардын арасында болгон (Матай 27:55, 56). Ал Исаны кармап кетишкенин, түнү бою кыйнашканын укканда, жүрөгү тилингени айтпаса да түшүнүктүү. Андан да жаманы, Понтий Пилат жүйүт диний жетекчилеринин жана алардын тукуругу менен чогулган элдин кысымына алдырып, Исаны устунга кадоого буйрук чыгарган. Мариям канжалаган, араң жан болуп калган Мырзасынын өзү асыла турган узун устунду көчөдөн эптеп сүйрөп баратканын өз көзү менен көргөн чыгар (Жакан 19:6, 12, 15—17).

Өлүм жазасы ишке ашып жатканда, чак түштө караңгылык каптап калган мезгилде, магдалалык Мариям менен башка аялдар «Иса кадалган жаза устунунун жанында» турушкан (Жакан 19:25). Мариям аягына чейин ошол жерде болгондуктан Исанын өз энесин жакшы көргөн элчиси Жаканга тапшырганына күбө болгон. Ошондой эле Исанын өлүм менен алышып жатканда Атасына ачуу үн менен жалбарганын жана жан берерде жеңүүчү катары: «Аткарылды!» — деп айткан акыркы сөздөрүн да уккан. Аны карап турган Мариямдын ичи эңшерилип, жаны сыздаган. Ошентсе да Иса көз жумган учурда, ал ошол жерден кеткен эмес. Ариматаялык Жусуп деген бай киши Исанын сөөгүн жаңы мүрзөгө койгондо да ошол жерде болгон (Жакан 19:30; Матай 27:45, 46, 57—61).

Мариямдын үлгүсүнөн башына мүшкүл түшкөн ишенимдештерибизге кантип жөлөк-таяк боло аларыбыз көрүнүп турат. Албетте, биз кырсыкты болтурбай коё албайбыз же кыйналгандардын оорусун басаңдата албайбыз. Анткен менен аларга боор ооруп, кайраттуулук менен иш кыла алабыз. Оор учурларда жан тарткан досубуздун жаныбызда болгонунун өзү эле кадимкидей кубат берет. Башынан кыйынчылыкты кечирип жаткан досубузду жалгыз калтырбаганыбыз Кудайга жана ишенимдештерибизге берилген экенибизди далилдейт. Андан тышкары, бул аларды сооротуп-жубатат (Накыл сөздөр 17:17).

Магдалалык Мариямдын жанында болгону Исанын энеси Мариямды кайраттандырганы шексиз

«Алып кетейин»

Исанын сөөгү мүрзөгө коюлгандан кийин, Мариям бир нече аял менен бирге жыпар жыттуу заттарды сатып алганы жөнгөн. Алар аны Исанын денесине сыйпашмак (Марк 16:1, 2; Лука 23:54—56). Ишемби күн өткөндөн кийин, Мариям таң сөгүлө электе эле турган. Анын башка аялдар менен бирге караңгы көчөлөрдү аралап, Исанын мүрөзсүнө баратканын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Жолдо карай ал аялдар мүрзөнүн оозундагы ташты кантип жылдырат болду экенбиз деп өз ара сүйлөшүп барган (Матай 28:1; Марк 16:1—3). Ошого карабай ал жакка кете беришкен. Алар Жахабага бекем ишенгендиктен баарын анын колуна тапшырышкан.

Мариям, сыягы, мүрзөгө берки аялдардан биринчи болуп барган. Ал көргөн көзүнө ишене албай, селейип туруп калат: таш ордунан жылдырылып калган, мүрзөнүн ичи болсо бопбош! Буйдалбай иш кылган жаны Петир менен Жаканга билдиргени шаша-буша чуркап жөнөйт. Анын деми кысылып, энтиге: «Мырзабызды мүрзөдөн алып кетишиптир. Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз»,— деп айтып жатканын элестетсеңер. Муну укканда Петир менен Жакан буту-бутуна тийбей мүрзөнү көздөй чуркап барышат. Анын бош экенин көрүп, кайра үйүнө кайтышат * (Жакан 20:1—10).

Мариям мүрзөгө кайра кайтып келгенде үрүл-бүрүл түшүп турган маал эле. Жанында эч ким жок. Мүрзөнүн бош турганы, айланада өкүм сүргөн жымжырттык анын ызасын ого бетер козгоп, буркурап ыйлап кирет. Ал Мырзасынын жок экенине ишене албай, мүрзөгө кайрадан баш багат да, дал болуп туруп калат. Мүрзөнүн ичинде ак кийимчен эки периште отуруптур! Алар андан: «Эмнеге ыйлап жатасың?» — деп сурашат. Ал эмне деп жатканын өзү билбей, элчилерге айткан сөзүн кайталап: «Мырзамды алып кетип калышыптыр. Аны кайсы жерге коюшканын билбейм»,— деп жооп берет (Жакан 20:11—13).

Анан Мариям артын карайт. Артында бир киши турган болот. Мариям аны тааныбагандыктан бакчы деп ойлойт. Ал киши Мариямдан: «Эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» — деп жумшак сурайт. Мариям: «Мырзам, эгерде аны сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып кетейин»,— дейт (Жакан 20:14, 15). Бир саамга Мариямдын сөздөрү тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ага караганда бир топ эле салмактуу болгон эркек кишинин сөөгүн жалгыз кантип көтөрүп кетет эле? Мариям ал жөнүндө ойлонбосо да керек. Ал тек гана колунан эмне келсе, ошону кылышы керектигин түшүнгөн.

«Алып кетейин»

Кайгыга малынганда же өтө албачудай тоскоолдукка туш болгондо магдалалык Мариямды кантип туурасак болот? Эгер алсыз экенибизге, мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экенине эле көңүл топтоп алсак, коркунучка тушалып, чечкиндүү түрдө иш-аракет кыла албай калабыз. Ал эми колубуздан келгенди кылууга ынтызар болсок жана бардыгын Кудайыбызга тапшырсак, өзүбүз ойлогондон да көп нерсе кыла алабыз (2 Корунттуктар 12:10; Филипиликтер 4:13). Баарынан да бул Жахабага жагат. Мариям ошондой кылган. Жахаба болсо ага өзгөчө жол менен батасын берген.

«Мен Мырзабызды көрдүм!»

Мариямдын аркасында турган киши бакчы эмес болчу. Ал бир кезде уста, кийин окутуучу, андан соң Мариямдын сүйүктүү Мырзасы болгон Иса Машаяк эле. Бирок Мариям аны тааныбагандыктан андан жүзүн бурат. Ал Исанын күчтүү рух болуп тирилерин такыр элестете алган эмес. Иса ага адам болуп көрүнгөн. Бирок ал өзүнүн денесин курмандыкка чалгандыктан, ошол денесинин кейпинде келген эмес. Ошол себептен ал тирилгенден кийинки жүрөк толкуткан күндөрдө аны көптөр, ал тургай аны жакшы билгендер да тааныбай койгон (Лука 24:13—16; Жакан 21:4).

Мариям аны таанышы үчүн, Иса эмне кылган? Анын ага: «Мариям!» — деп кайрылганы эле жетиштүү болгон. Ошондо Мариям шарт бурулуп, сүйүнгөнүнөн: «Раббуни!» — деп кыйкырып жиберген. Бул еврей сөзүн Мариям Исага кайрылганда далай жолу айтканы шексиз. Ооба, ал бейтааныш киши анын Устаты болчу! Муну билгенде Мариямдын жүрөгү кубанычтан толкуп чыккан. Ал аны бекем кармап, кетиргиси келген эмес (Жакан 20:16).

Иса анын оюн түшүнүп: «Мени кармаба»,— деген. Исанын Мариямга жылмайып, анын тырыша кармаган колдорун акырын бошотуп: «Мен али Атама бара элекмин»,— деп жылуу-жумшак айтканын элестетсек болот. Исанын асманга кете турган убагы келе элек болчу. Жерде ал дагы көп иштерди бүтүрүшү керек эле. Ошол себептен Мариямдын жардам беришин каалаган. Мариям анын ар бир сөзүн илип алыш үчүн кунт коюп уккан. Иса ага: «Бир туугандарыма барып, менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга кетип баратканымды айт»,— деген (Жакан 20:17).

Мырзасы Мариямга кандай гана зор тапшырма берген! Мариям тирилген Исаны көргөн алгачкы шакирттердин бири болгон. Эми болсо ага Мырзасынын тирилгенин башкаларга сүйүнчүлөө тапшырылып жатат. Элестетип көрсөңөр, ал кубанычы койнуна батпай, жүрөгү алып учуп, башка шакирттерге шашып жөнөгөн. Анан аларды тапканда аптыгып: «Мен Мырзабызды көрдүм!» — деп кабарлаган. Бул сөздөр кийин анын да, шакирттердин да кулагында көпкө чейин жаңырып турса керек. Ал Исанын бир да сөзүн калтырбай, баарын төкпөй-чачпай, күйүп-жанып айтып берген чыгар (Жакан 20:18). Анын аларга айткан сөздөрү Исанын мүрзөсүнүн бош экенин айтып келген аялдардын айткандарын ырастаган (Лука 24:1—3, 10).

«Мен Мырзабызды көрдүм!»

«Алар ишенишкен жок»

Шакирттер алардын айткандарын кандай кабыл алган? Алар көп деле маани беришкен эмес. Ыйык Китептен: «Бирок алар ишенишкен жок, анткени аялдардын сөздөрү болбогон нерседей көрүндү»,— дегенди окуйбуз (Лука 24:11). Албетте, шакирттердин ою жаман деле эмес болчу. Болгону, алар аялдарга көп ишенбеш керек деген көз караш кеңири жайылган коомдо чоңоюп-өсүшкөн. Раббиндердин салты боюнча, аял киши сотто күбөлүк бере алчу эмес. Элчилерге маданияты өздөрү ойлогондон да көбүрөөк таасир эткен сыяктанат. Бирок Иса менен Жахаба андай бейкалыс көз карашты такыр колдобойт. Алар ошол ишенимдүү аялга кандай гана чоң сыймык ыйгарган!

Мариям элчилердин ошондой жооп кайтарганына теригип калган эмес. Эң негизгиси, ага Мырзасынын ишеним артканы маанилүү болгон. Машаяктын жолун жолдогондорго да кабар айтуу иши тапшырылган. Ыйык Китепте ал «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар» деп аталат (Лука 8:1). Иса жолдоочуларына алардын айткандарына ар бир киши ишенерин же эмгегин баалаарын айткан эмес болчу. Чынында, тескерисинче болорун эскерткен (Жакан 15:20, 21). Андыктан Исанын жолдоочулары магдалалык Мариямдын үлгүсүн эсинде бек сактаганы жакшы. Ал өзүнүн ишенимдештеринин ага ишенбей койгонуна карабай Исанын тирилгенин кубаныч менен кабарлай берген!

Андан кийин Иса элчилерине, андан соң башка жолдоочуларына көрүнгөн. Бир жолу болсо бир эле учурда 500дөн ашуун кишиге көрүнгөн (1 Корунттуктар 15:3—8). Ал Исанын көрүнгөнүн өз көзү менен көргөнбү же ал тууралуу башкалардан укканбы, ишеними бекемделе берген. Балким, Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде чогулган, үстүнө ыйык рух түшкөн шакирттердин, анын ичинде аялдардын арасында магдалалык Мариям да болгондур (Элчилер 1:14, 15; 2:1—4).

Кандай болбосун, бул нерседен шектенбесек болот: магдалалык Мариям өмүрүнүн акырына чейин Кудайга ишенимдүү кызмат кылган. Келгиле, биз да ушундай кылууга бел байлайлы! Эгер Исанын биз үчүн кылган жакшылыктарына ыраазычылык билдирсек жана Кудайдын жардам берерине ишеним артып, башкаларга момундук менен кызмат кылсак, магдалалык Мариямдан үлгү алган болобуз.

^ 17-абз. Кыязы, Мариям аны менен келаткан башка аялдар периштеге жолугуп, ал аларга Исанын тирилгенин айтканда, мүрзөнүн жанында жок болчу. Болбосо Петир менен Жаканга периштеге жолукканын жана Исанын сөөгү эмне себептен жок экенин айтып бермек (Матай 28:2—4; Марк 16:1—8).