Мазмунун көрсөтүү

Магдалалык Мариям ким болгон?

Магдалалык Мариям ким болгон?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Магдалалык Мариям Иса Машаяктын ишенимдүү шакирти болгон. Ал, кыязы, Магдала (сыягы, Магадан) шаарынан болгондуктан, аны магдалалык Мариям деп аташкан. Магдала шаары Галилея деңизине жакын жерде жайгашкан. Мариям бир кезде ошол жакта жашаса керек.

 Иса менен анын шакирттерин коштоп жүргөн аялдардын арасында магдалалык Мариям да бар болчу. Ал башка аялдар менен бирге каражатын Иса менен анын элчилерине жумшаган (Лука 8:1—3). Ал Исанын устунга кадалганына күбө болгон. Ошондой эле Исанын тирилгенин алгачкылардан болуп көргөн (Марк 15:40; Жакан 20:11—18).

 Магдалалык Мариям сойку болгонбу?

 Ыйык Китепте магдалалык Мариямдын сойку болгону айтылбайт. Анын Исанын жолдоочусу болгонго чейинки жашоосу тууралуу бир эле нерсе белгилүү: Иса анын ичинен жети жинди кууп чыккан (Лука 8:2).

 Анда эмне үчүн көптөр аны сойку болгон деп айтышат? Айрымдар, Мариямдын көз жумганынан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин, Иса Машаяктын бутун көз жашы менен жууп, чачы менен сүрткөн, аты айтылбаган аял (сыягы, сойку) ошол Мариям болгон деп айта башташкан (Лука 7:36—38). Бирок Ыйык Китепте ошол аялдын чынында эле Мариям болгонуна эч кандай далил жок.

 Магдалалык Мариям «элчилерге жиберилген элчи» болгонбу?

 Жок, болгон эмес. Католик чиркөөсү Мариямды «Ыйык магдалалык Мариям», ошондой эле «элчилерге жиберилген элчи» деп атайт. Мунун бир себеби, алардын айтымында, Мариям Исанын тирилгенин биринчилерден болуп элчилерге кабарлагандардын арасында бар болчу (Жакан 20:18). Бирок аны ушундан улам эле элчи болгон деп айтууга болбойт. Анын үстүнө, Ыйык Китептин бир да жеринде ал элчи деп аталган эмес (Лука 6:12—16).

 Ыйык Китеп толугу менен б. з. 1-кылымынын аяк ченинде жазылып бүткөн. Чиркөө төбөлдөрү болсо 6-кылымдан кийин гана магдалалык Мариямды ыйыктардын катарына кошо башташкан. Экинчи жана үчүнчү кылымга таандык болгон, Ыйык Китептин канонуна кирбеген жазмаларда Исанын айрым элчилеринин Мариямга көз арта баштаганы айтылат. Ойдон чыгарылган андай билдирүүлөр рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китепке карама-каршы келет.

 Магдалалык Мариям Иса Машаяктын жубайы болгонбу?

 Жок. Ыйык Китепте Иса Машаяктын эч качан үйлөнбөгөнү ачык эле жазылат a.