Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Жиним жаман болчу»

«Жиним жаман болчу»
  • Туулган жылы: 1975

  • Өлкөсү: Мексика

  • Мурун: Ачуулуу, кылмышкер болгон

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен Мексиканын Чьяпас штатындагы Сан Хуан Чанкалаито деген чакан шаарда төрөлгөм. Биз майя уруусунан тараган чоли элинен болобуз. 12 бир тууганбыз. Мен бешинчисимин. Бала чагымда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрчүбүз. Бирок жаштайыман эле Ыйык Китепте жазылган кеңештерге ылайык иш кылбай калгам.

13 жашка чыкканга чейин эле баңгизат колдонуп, уруулук кыла баштагам. 13кө чыкканымда үйдөн кетип, ар кайсы жерде түнөп жүрдүм. 16 жашымда марихуана өстүргөн талаада иштей баштадым. Ал жакта жүргөнүмө бир жылдай болуп калганда бир жолу түндө аябай көп марихуананы кайык менен ташып кетип баратканбыз. Анан бизге душман болуп жүргөн, баңгизат менен соода кылган бир чоң топтогу мыкты куралданган кишилер кол салышты. Мен шаркырап аккан сууга чумкуп кирип, тээ алыска чейин сүзүп бардым. Ошентип жанымды сактап калгам. Ошол окуядан кийин Кошмо Штаттарга качып кеттим.

Кошмо Штаттардан да баңгизат сатууга аралашып, мурункудан да көп көйгөйгө кабылдым. 19 жашымда кармалып, талап-тоногон жана киши өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен түрмөгө кесилип кеттим. Түрмөдөн кылмыштуу топко кошулуп, дагы башка жаман иштерге бардым. Акыры, мени Льюисбургдагы (Пенсильвания) катуу кайтарылган түрмөгө которуп жиберишти.

Льюисбургдагы түрмөдөн андан бетер бузулдум. Денемде кылмыштуу топтун мүчөсү экенимди билдирген чегилип тартылган сүрөттөр бар болгондуктан, ал түрмөдөгү кылмыштуу топко оңой эле аралашып кеттим. Улам ар ким менен мушташып, ашынган зөөкүр болуп чыга келдим. Бир жолу түрмөнүн короосунда катуу мушташып кеттик. Биз күрөшүп, бейсболдун таяктары менен чабышып, кызыл кыргын болдук. Түрмө кайтаргандар бизди токтотуш үчүн көздөн жаш агызуучу газды коё беришти. Ошондон кийин мени түрмөнүн өтө коркунучтуу кылмышкерлер отура турган жагына которушту. Жиним жаман болчу жана оозуман ак ит кирип, кара ит чыкчу. Бирөө ачуума тийсе, шак эле сабап салчумун. Ачыгын айтсам, ошондон рахат алчумун. Кылгандарыма бир да өкүнүп койчу эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Түрмөнүн коркунучтуу кылмышкерлер камалган жагында камерадан чыкчу эмесмин. Эптеп убакыт өткөрүш үчүн Ыйык Китепти окуй баштадым. Кийинчерээк түрмө кайтаргандардын бири «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» a деген китепти берди. Ал китепти окуп жатканда бала кезимде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөндө билгендерим эсиме түштү. Адам кейпинен кетип, ушунчалык зөөкүр болуп кеткеним тууралуу ой жүгүрттүм. Үй-бүлөм жөнүндө да ойлондум. Ал учурда бир эжем менен бир карындашым Жахабанын Күбөсү болуп калган болчу. Мага: «Демек, алар түбөлүк жашашат турбайбы»,— деген ой келди. Анан: «Мен деле түбөлүк жашаганга аракет кылсам болбойбу?» — деп ойлондум. Ошондон кийин оңолоюн деп чечтим.

Бирок өзүмдөн өзүм эле оңолуп кете албасымды түшүнчүмүн. Ошо себептен адегенде Жахаба Кудайдан тиленип, жардам сурап жалбардым. Анан Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жазып, Ыйык Китепти изилдегим келерин билдирдим. Филиал түрмөгө жакын жердеги жыйналыш менен байланышканга жардам берди. Ал учурда мага үй-бүлөмдөн башкалар менен жолугушууга уруксат берилчү эмес. Андыктан ал жыйналыштагы бир Жахабанын Күбөсү кат аркылуу байланышып, кайраттандырып, күч-кубат берип турду. Ал оңолгонго ого бетер түрткү берген Ыйык Китепке негизделген адабияттарды да жөнөтүп жатты.

Көп жылдан бери мүчөсү болуп жүргөн кылмыштуу топтон чыгууну чечкеним эң чоң кадамым болду. Ал кылмыштуу топтун башчысы да коркунучтуу кылмышкерлер жаткан жакта болчу. Түрмөдөгүлөр сейилдегенге чыккан маалда анын жанына барып, Жахабанын Күбөсү болоюн деп чечкенимди айттым. Таң калыштуусу, ал: «Эгер чындап эле ошондой кылайын деп чечсең, ошент. Мен Кудай менен тиреше албайм. Бирок жөн эле топтон кетиш үчүн ушинтип жатсаң, анда кесепети кандай болорун билесиң»,— деп айтты.

Кийинки эки жыл ичинде өзгөрүп жатканым түрмө кайтаргандарга да байкалды. Алар мага жакшыраак мамиле кыла башташты. Мисалы, камерадан жууна турган жакка алып баратышканда, колума кишен салбай калышты. Ал тургай, алардын бири атайын мага келип, мактап, андан ары да оңоло бергенге үндөдү. Түрмө жетекчилери мени негизги түрмөнүн жанындагы өтө катуу кайтарылбаган жагына которушту. Түрмөдө отурган жылдарымдын акыркысы ошол жакта өттү. Ошентип, түрмөдө он жыл отургандан кийин, 2004-жылы, бошотулдум. Мени түрмөнүн автобусу менен Мексикага жөнөтүштү.

Мексикага келгенден кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залын таап бардым. Биринчи жолу жыйналышка түрмө кийимим менен баргам. Ал учурда андан түзүгүрөөк башка кийимим жок болчу. Ошондой кейпиме карабай, Жахабанын Күбөлөрү жылуу тосуп алышты. Алардын жылуу-жумшак мамилесин көрүп, чыныгы динди туткан адамдардын арасына келгенимди сездим (Жакан 13:35). Ошол күнү жыйналыштын аксакалдары Ыйык Китепти изилдей башташыма кам көрүштү. Бир жыл өткөндөн кийин, 2005-жылдын 3-сентябрында, Жахабанын Күбөсү болдум.

2007-жылдын январь айынан тартып толук убакыт кызмат кыла баштадым. Толук убакыт кылгандар Ыйык Китепте жазылгандарды башкаларга айтып бергенге ай сайын 70 саат убакыт бөлүшөт. 2011-жылы Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептен (азыр Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп деп аталат) билим алдым. Ал жактан билгендерим жыйналыштагы милдеттеримди аткарууга жакшы жардам берди.

Азыр башкаларды тынчтыкта жашаганга үйрөтүп жатам

2013-жылы сүйүктүү жарым Пиларга үйлөндүм. Мурун кандай болгонум тууралуу кеп кылып калсам, ал такыр ишене албай турганын айтып, тамашалап калат. Мен мурунку жаман жолума кайтып барган жокмун. Жубайым экөөбүз тең менин оңолгонум Ыйык Китептин адамды өзгөртө ала турган күчкө ээ экенинин далили деп эсептейбиз (Римдиктер 12:2).

ПАЙДАСЫ

Иса Машаяктын Лука 19:10до айткандары мага тиешелүү экенине ишенем. Ал: «[Мен] жоголгондорду издеп таап, куткарыш үчүн келгем»,— деп айткан. Азыр өзүмдү туура жолдон адашып, жоголуп кеткен адамдай сезбейм. Башкаларга жамандык кылбайм. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында жашоом маңызга толду. Баары менен тынчтыкта жашап жатам, эң маанилүүсү, Жараткан Жахаба Кудайым менен ынак мамиледемин.

[ШИЛТЕМЕ]

a Бул китеп Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, бирок учурда басылбайт. Алардын учурдагы Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген негизги куралы — «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китеби.