Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Күндөн күнгө бузулуп бараткам

Күндөн күнгө бузулуп бараткам
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1952

  • ӨЛКӨСҮ: КОШМО ШТАТТАР

  • МУРУН КЫЗУУ КАНДУУ БОЛЧУ

МУРУН.

Мен Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарынын баңгилик жана кылмыштуулук күч алган аймагында чоңоюп-өскөм, алты баланын экинчиси болчумун.

Апам бизди евангелисттердин чиркөөсүнө алып барчу. Бирок өспүрүм куракта эки жүздүү боло баштагам. Жекшемби күнү чиркөөнүн хорунда ырдап коюп, калган күндөрү болсо кечелерге барып, баңгизат колдонуп, бузуктук кылып жүрө берчүмүн.

Мен кызуу кандуу болчумун, мушташканда колума тийгендин баарын курал катары колдончумун. Чиркөөдөн уккандарым жүрүм-турумума таасир этчү деле эмес. Мен: «Өч Кудайдыкы, мен болсо анын куралымын»,— деп көп айтар элем. 1960-жылдардын аяк ченинде жогорку класстарда окуп жүргөндө жарандык укук үчүн күч колдонуп күрөшкөнү менен белгилүү болгон «Кара кабыландар» деп аталган саясий топтун көз карашын жактай баштадым. Ошентип, жарандык укуктар үчүн күрөшкөн жаштарга кошулуп кеттим. Биз бир нече жолу митинг уюштурдук. Андайда мектебибиз убактылуу жабылып калчу.

Ошонун баары мага аздык кылгандыктан, андан да жаман иштерге бара баштадым. Бир жолу балдар менен Кошмо Штаттарда африкалык кулдарга аёосуз мамиле кылынганы көрсөтүлгөн киного бардык. Анан кинонун таасири менен кинотеатрдагы ак расадагы жаштарды сабап кирдик. Ал жактан чыгып, дагы башка ак расадагыларды издеп жөнөдүк.

Жыйырма жаштарымда бир туугандарым менен көп жолу оор кылмышка бардым. Ошонун айынан полиция менен кыйынчылыктар болгон. Инилеримдин бири болсо атагы чыккан кылмыштуу топтун мүчөсү болчу, мен да аларга кошулуп калчумун. Ошентип, күндөн күнгө бузулуп бараткам.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Бир досумдун ата-энеси Жахабанын Күбөлөрү болчу. Алар мени жыйналышына чакырышты. Ал жакка барганда Жахабанын Күбөлөрүнүн таптакыр башкача адамдар экенин дароо түшүндүм. Алардын ар биринин Ыйык Китеби бар экенин жана жыйналыш учурунда аны ачып, окуп отурарын байкадым. Жаштардын сахнадан сөз сүйлөгөнү да таң калыштуу болду! Мени, өзгөчө, Кудайдын аты Жахаба экени жана Жахабанын Күбөлөрүнүн ал ысымды көп колдонгону таасирлентти (Забур 83:18). Андан тышкары, жыйналыш ар кандай улуттагылардан турганына карабай өз ара бөлүнбөгөнүнө айран-таң болдум.

Мага жыйналышка барган жакса да, башында Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон жокмун. Бир жолу мен жыйналышта отурганда, досторум концертке барыптыр. Ал жактан бир баланы булгаары курткасын бербей койгону үчүн сабап өлтүрүп коюшуптур. Эртеси ошонусун мактанып айтып келишти. Алар жадагалса соттолуп жатканда да оор кылмыш кылганын мойнуна алышкан жок. Ошондуктан көбүнө өмүрүнүн аягына чейин камакта отуруу өкүмү чыгарылды. Ошол түнү алар менен чогуу болбогонума сүйүнгөнүм айтпаса да түшүнүктүү. Ошондон кийин жашоомду өзгөртүүнү чечип, Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Башка расадагыларга карата жек көрүү сезимим күчтүү болгондуктан, Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы мамиле мени аябай таңдандырды. Мисалы, бир жолу ак расадагы Жахабанын Күбөсү чет өлкөгө кетип жатканда балдарын кара расадагы үй-бүлөгө табыштап кетти. Дагы бир ак расадагы үй-бүлө кара расадагы үйү жок баланы өздөрүнүкүнө жашатып коюшту. Ушулардан улам Жахабанын Күбөлөрү Исанын Жакан 13:35теги: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген сөздөрүнө ылайык жашай турганына көзүм жетти. Ошондо бири-бирине чындап бир туугандарча мамиле кылган элди тапканымды түшүндүм.

Ыйык Китепти изилдеп жатып ой жүгүртүүмдү өзгөртүшүм керектигин түшүнө баштадым. Мен тынчтыкта жашап эле тим болбой, ошондой жашоо өткөргөнүм эң туура экенине ынанышым керек болчу (Римдиктер 12:2). Ошентип, акырындан жылыш жасай баштадым да, 1974-жылдын январында өмүрүмдү Жахабага арнап, анын Күбөсү болдум.

Мен тынчтыкта жашап эле тим болбой, ошондой жашоо өткөргөнүм эң туура экенине ынанышым керек болчу

Андан кийин деле өзүмдү кармаганды үйрөнө беришим керек болду. Бир жолу үймө-үй кыдырып, элге Кудай жөнүндө айтып жүргөндө, бирөө машинемдеги радиону уурдап качып жөнөдү. Мен артынан кууп, ага жетейин деп калганда, ал радиону ыргыткан бойдон качып кетти. Эмне болгонун жанымдагыларга айтып бергенде, арабыздагы бирөө: «Стивен, кокус кууп жетип алсаң, эмне кылат элең?» — деп сурады. Анын суроосу мени ойлонтуп койду. Ошондо ачууланбаганга дагы деле үйрөнө беришим керектигин түшүндүм.

1974-жылдын октябрынан тартып башкалар менен Ыйык Китепте айтылгандарды бөлүшүүгө айына 100 саат жумшап, Кудайга толук убакыт кызмат кыла баштадым. Кийинчерээк Бруклинде (Нью-Йорк) жайгашкан Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында ыктыярчы болуп кызмат кылуу сыймыгына ээ болдум. 1978-жылы апамдын ден соолугу начарлап кеткендиктен, аны караш үчүн Лос-Анжелеске кайтып келдим. Эки жылдан кийин Аронда деген кызга үйлөндүм. Ал апамды ал каза болгончо карашты. Бир нече убакыт өткөн соң Аронда экөөбүз миссионерлерди даярдай турган Гилат мектебине чакырылып, Панамага миссионер болуп дайындалдык. Азыр ошол жакта кызмат кылабыз.

Жахабанын Күбөсү болгондон бери жашоомдо ачуумду ойгото турган жагдайлар көп болду. Ошондуктан атайлап жиниме тийген кишилерден оолак болууга же ошондой курч жагдайларды оңдоп-түзөп кетүүгө үйрөнүүгө туура келди. Ушинткеним үчүн башкалар, анын ичинде жубайым да мени көп мактачу. Мен атүгүл өзүмө өзүм таң калган учурлар болгон! Албетте, өз күчүм менен өзгөрө алмак эмесмин. Ушунун баары Ыйык Китептин күчүнүн аркасында гана болду деп айта алам (Еврейлер 4:12).

ПАЙДАСЫ.

Ыйык Китепти окугандын аркасында жашоонун маңызы эмнеде экенин билдим жана тынчтыкты сүйүүгө үйрөндүм. Азыр мен мурункудай болуп башкаларга зордук-зомбулук көрсөтпөй, кайра Кудай менен жакын мамиледе болууга жардам берип жатам. Атүгүл мектепте окуп жүргөндө душманым болгон бир кишиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере алдым! Ал өмүрүн Кудайга арнагандан кийин, бир канча убакыт бою чогуу жашап, дос болуп калдык. Экөөбүз азыркыга чейин доспуз. Аялым экөөбүз жалпы жонунан 80ден ашык киши менен Ыйык Китепти изилдеп, өмүрүн Жахабага арноого жардам бердик.

Бири-бирин чындап сүйгөн элге кошулуп, маңыздуу, кубанычтуу жашоо өткөрүүгө жардам бергени үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын.