Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

 Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөөнүн натыйжалуу жолун сунушташат. Ыйык Китепти изилдөөнүн төмөнкүдөй пайдалары бар:

  •   Бактылуу болосуз

  •   Кудай менен ынак мамиле өрчүтөсүз

  •   Кудайдын Сөзүндөгү келечекке байланыштуу убадалар тууралуу билесиз

Бул макаладан төмөнкү суроолорго жооп ала аласыз:

 Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

 Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Ыйык Китеп менен таанышканга жана аны тема боюнча изилдегенге жардам берет. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабияттын жардамы менен Кудайдын Сөзүндө эмнелер айтыларын жана анын сизге кандай пайдасы бар экенин бара-бара көбүрөөк биле аласыз. Изилдөө тууралуу көбүрөөк билиш үчүн төмөнкү видеону көрүңүз:

 Акча төлөшүм керекпи?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбар берген «бекер алдыңарбы, бекер бергиле» деген көрсөтмөгө карманат (Матай 10:8). Ошондой эле изилдөө учурунда колдонула турган материалдарды, анын ичинде Ыйык Китепти жана «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабиятты бекер ала аласыз.

 Изилдөө программасы канча убакытка созулат?

 «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабият 60 бөлүмдөн турат. Канча изилдешти өзүңүз чечесиз. Бирок көптөр жумасына бир же эки бөлүмдөн изилдөөнү туура көрүшөт.

 Изилдеп башташ үчүн эмне кылышым керек?

  1.  1. Сайтыбыздагы онлайн купонду толтуруңуз. Өзүңүз тууралуу жазган маалыматты өтүнүчүңүздү орундатып, Жахабанын Күбөлөрүнүн бири сиз менен байланышышы үчүн эле колдонобуз.

  2.  2. Окута турган киши сиз менен байланышат. Ал Ыйык Китепти изилдөөнүн сизге кандай пайдасы бар экенин түшүндүрүп берет жана суроолоруңуздун баарына жооп бергенге аракет кылат.

  3.  3. Окута турган киши менен изилдөө тууралуу сүйлөшүп алыңыз. Изилдөөнү бетме-бет отуруп алып, телефон менен чалышып же видео аркылуу байланышып, кат же электрондук кат аркылуу өткөрсө болот. Изилдөө адатта бир саатка созулат. Бирок жагдайыңызга жараша андан азыраак же көбүрөөк убакытка изилдесеңиз болот.

 Жагар-жакпасын көрүш үчүн жөн эле изилдеп көрсөм болобу?

 Ооба. Ан үчүн онлайн купонду толтуруңуз. Окута турган киши сиз менен байланышканда, ага изилдөөнүн жагар-жакпасын билиш үчүн эле изилдеп көргүңүз келип жатканын билдирип коюңуз. Ал 3 бөлүмдөн турган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени колдонуп изилдөө өткөрөт. Бул сизге андан ары изилдээр-изилдебесиңизди аныктаганга жардам берет.

 Ыйык Китепти изилдөөгө макул болсом, Жахабанын Күбөсү бол деп эч ким кыйнабайбы?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылгандарды айтып бергенди жакшы көрүшөт. Бирок башкаларды өздөрүнүн динине кошулууга мажбурлашпайт. Алар Ыйык Китепте жазылгандарды урмат-сый менен түшүндүрүп беришет. Анткени ар бир кишинин эмнеге ишенерин өзү чечкенге укугу бар экенин эске алышат (1 Петир 3:15).

 Өзүмдүн Ыйык Китебимди колдонсом болобу?

 Ооба. Ыйык Китептин каалаган котормосун колдонсоңуз болот. Негизинен биз так жана айкын которулган Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» колдонобуз. Бирок башкалардын өзүнө жаккан котормосун колдонушуна каршы эмеспиз.

 Изилдөөгө башкаларды да чакырсам болобу?

 Ооба. Кааласаңыз, бүт үй-бүлөңүздү же досторуңузду чакырсаңыз болот.

 Мурда Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеген болсом, кайра изилдесем болобу?

 Ооба, болот. Азыркы изилдөө программабыз сизге мурункудан да көбүрөөк жагат болуш керек. Анткени ал мезгилдин талабына ылайык жакшыртылып, өзгөртүлдү. Мисалы, программа талкуу кызыктуу жүргүзүлгүдөй болуп түзүлгөн жана көптөгөн видеолор бар.

 Өз алдымча эле изилдесем болобу?

 Ооба. Көптөр кимдир бирөө менен изилдеген жакшы экенине кошулса да, башында өз алдынча изилдеп көргүсү келет. Бул жагынан сайтыбыздагы «Ыйык Китепти терең изилдөөгө жардам берген куралдар» деген бөлүктөгү материалдар жана адабияттар көмөк кылат. Аларды акысыз жүктөп алсаңыз болот. Алардын айрымдары булар:

  •   «Ыйык Китептеги окуулар» деген бөлүк. Бул бөлүктөгү макалалар Ыйык Китептеги принциптерди күнүмдүк жашоодо колдонгонго жардам берет. Мисалы, мындай темалар каралат: «Стресс менен кантип күрөшсө болот?» «Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?» «Баланы кантип тарбиялоо керек?»

  •   Ыйык Китепке байланыштуу видеолор. Бул кыска видеолордо Ыйык Китептеги негизги окуулар түшүндүрүлөт.

  •   Суроолор жана жооптор. Бул макалаларда Ыйык Китепке байланыштуу ар кандай суроолорго жооп берилет.

  •   Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү. Бул бөлүктө көптөргө белгилүү болгон Ыйык Китептеги аяттардын жана сөз айкаштарынын мааниси түшүндүрүлөт.