Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Ачууну кантип тыйса болот?

Ачууну кантип тыйса болот?

КӨЙГӨЙ

«Эжеме кыйкырып, жинденген бойдон чыгып кеткен болчумун. Эшикти катуу ачкандыктан, туткасы дубалга тийип, дубал оюлуп калыптыр. Ошол жерди көргөн сайын жаш балача иш кылганым эске түшчү» (Диана) *.

«„Сиздей да ата болобу!“ — деп эшикти тарс жаап, чыгып кеткем. Бирок чыгып баратканда атамдын жүзүн көрүп: „Ушинтип айтпай эле койсом болмок экен“,— деп аябай өкүнүп калдым» (Ларен).

Ларен менен Диананыкындай жагдайлар сага таанышпы? Эгер ошондой болсо, бул макаладагы кеңештер жакшы жардам болот.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Ачууңду тыйбасаң, кадыр-баркың түшөт. «Мурун башкалар мени кандай болсом ошондой кабыл алышы керек деп ойлочумун,—дейт 21деги Бриана.— Бирок кийинчерээк ачуусу чукулдар башкаларга акылы жоктой көрүнөрүн байкадым. Ошондо ачууга алдырганда мен да акылы жоктой көрүнөрүмдү түшүндүм».

Ыйык Китепте: «Ачуусу чукул акылсыздык кылат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 14:17).

Ачуусу чукул кишиден башкалар атылып жаткан жанар тоодон качкандай качышат

Башкалар сенден оолактайт. «Ачууга алдырсаң, кадыр-баркың түшөт, сыйдан да кетесиң»,— дейт 18 жаштагы Даниел. Ошондой эле курактагы Элайне болсо: «Кыялы чорт кишиге эч ким тартылбайт, тескерисинче, андай кишиге жологондон коркушат»,—дейт.

Ыйык Китепте: «Ачуусу чукул менен достошпо, тез каарданган менен байланышпа»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:24).

Ачууга алдырбоо колдон келет. «Кайсы бир жагдайда ачууңду келтирбей коюу сенин эркиңде эмес болушу мүмкүн, бирок өзүңдү тизгиндеп, ачууну басуу сенин эркиңде. Андайда тарс жарылбай, сабыр кылса болот»,— дейт 15теги Сара.

Ыйык Китепте: «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык, рухун башкара билген киши шаарды басып алгандан артык»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:32).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Максат кой. «Ушундай болсом эмне кылайын?!» — дегендин ордуна, кайсы бир убакыттын, балким, жарым жылдын ичинде өзгөрүүнү максат кыл. Ошол убакыт аралыгында байкагандарыңды жазып жүр. Ачууңду тыя албай калган учурларда 1) эмне болгонун, 2) ал жагдайда өзүңдү кандай алып жүргөнүңдү 3) кандай кылганыңда жакшыраак болмоктугун жана эмне үчүн экенин жаз. Анан кийинкиде ошо сыяктуу жагдай кайталанганда, жазгандарыңды колдонууну максат кылып кой. Кеңеш: Кылган ийгиликтериңди, ачууңду тыйганыңда кандай сезимде болгонуңду да жаза жүр. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:8.)

Сабыр кыл. Кимдир бирөөгө же бир нерсеге жиниң келгенде оюңа келген нерсени шак эле айтып салбай, сабыр кыл. Терең дем ал. 15 жаштагы Эрик: «Терең дем алганымда бир аз ойлонгонго мүмкүнчүлүк болот. Бул мени кийин өкүнүп кала тургандай бир нерсе айтып алуудан же кылып алуудан сактайт»,— деп өз ою менен бөлүшөт. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 21:23.)

Башка нерселерди да эске ал. Айрым учурда кайсы бир жагдайдын бир эле жагына — сенин кыжырыңды келтирген жагына гана — көңүл топтогондуктан ачууланышың мүмкүн. Ошондуктан жагдайдын башка жактарына да көңүл бурганга аракет кыл. «Кимдир бирөө абдан орой мамиле кылган күндө да, андай кишини актай турган кандайдыр бир себептер болот. Ошол тууралуу ойлонгонум түшүнүктүү болгонго жардам берет»,— дейт Жесика деген бир кыз. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 19:11.)

Кетип кал. Ыйык Китепте: «Уруш күчөп кете электе, кетип кал»,— деген кеңеш берилет (Накыл сөздөр 17:14). Кээде жагдай курчуп баратканда кетип калганың эң туура болот. Андан кийин ошол нерсе жөнүндө кайра-кайра ойлонуп, ачууңду күчөтө бербей, бир аз кыймылдап, алаксыганга аракет кыл. «Көнүгүү жасоо стрессти азайтарын жана ачууга алдырып, өзүңө ээ боло албай калуудан сактаарын байкадым»,— дейт Даниела деген кыз.

Маани бербегенге үйрөн. Ыйык Китепте: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла. Сөзүңөрдү... ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла»,— деген сөздөр жазылган (Забур 4:4). Бир нерсеге ачуулануунун өзү жаман деле эмес. Бирок кеп ачууланганыңда эмес, ачууланганда эмне кыларыңда. Ричард деген жигит: «Башкаларга ачуулана берсең, алардын сени бийлеп алышына жол берип койгон болосуң. Андан көрө, андай нерселерге көп маани бербей, бардыгына жетилген кишидей караганга аракет кыл»,— дейт. Эгер ушундай кылсаң, ачууң сага эмес, сен ачууңа үстөмдүк кыласың.

^ 4-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.