Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Тапанчамды дайыма жаныма алып жүрчүмүн

Тапанчамды дайыма жаныма алып жүрчүмүн
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1958

  • ӨЛКӨСҮ: ИТАЛИЯ

  • МУРУН: КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ

МУРУН.

Мен Римге жакын жайгашкан, жакырлар көп жашаган жерде туулуп-өскөм. Ал жакта жашоо абдан оор эле. Мен өз энемди эч качан көргөн эмесмин, атам менен болсо мамилем жаман болчу. Ошондуктан көчөдө чоңойдум деп айтсам болот.

Онго чыга элегимде эле уурулук кыла баштагам. Ал эми биринчи жолу үйдөн качканымда 12 жашта болчумун. Атам мени полициядан бир эмес, бир нече жолу чыгарган. Мен дегеле дүйнөнүн баарына нааразы болчумун. Ошондуктан элдин баары менен эле уруша берчүмүн. 14 жашымда болсо үйдөн таптакыр кетип калдым. Үйдөн чыгып кеткенден кийин баңгизат колдонуп, көчөдө жашай баштадым. Жатарга жер жок болгондуктан, бирөөлөрдүн машинелерин ачып кирип ичине түнөчүмүн да, таң атайын деп калганда кетип калчумун. Анан бетимди жууганга суу издеп жөнөчүмүн.

Убакыттын өтүшү менен такшалган ууру болдум. Сумка уурдагандан тартып чоң-чоң үйлөргө чейин кирип уурулук кылчумун. Зөөкүрлүгүм менен таанымал боло баштагандыктан, белгилүү бир кылмыштуу топтогулар аларга кошулууну сунушташты. Аларга кошулгандан кийин банктарды тоногонго өттүм. Мүнөзүм аябай жаман болгондуктан, көп өтпөй эле топтун ичинде баркым көтөрүлө баштады. Мен тапанчамды дайыма жаныма алып жүрчүмүн, атүгүл уктаганда жазданып жатчумун. Зордук-зомбулук, баңгизат, уурулук, жаман сөздөр, адеп-ахлаксыздык жашоомдун ажырагыс бөлүгү болчу. Полиция кызматкерлери мени дайыма аңдып жүрүшчү. Мен түрмөгө бир нече жолу отуруп чыктым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Бир жолу таежелеримдин бириникине барып калдым. Таежем, эки бөлөм Жахабанын Күбөсү болушуптур, мен ал тууралуу билген эмесмин. Алар мени жыйналышына чакырышты. Жөн эле кызыккандыктан барып көрөйүн деп ойлодум.  Ал жакка барганда, башка жерге отур десе болбой, кирген-чыккандарды карап отурайын деген ойдо, эшиктин түбүнө отуруп алдым. Адаттагыдай эле, жаныма тапанчамды алып алгам.

Ошол жыйналыш жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү. Мен ошондо башка планетага түшкөндөй эле болдум. Баары мени күлүп-жайнап, жылуу тосуп алышты. Алардын мээримдүү көз караштары азыркыга чейин эсимде. Алар менен менин чөйрөмдөгүлөрдүн айырмасы асман менен жердей эле.

Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Көбүрөөк билген сайын, жашоомду толугу менен өзгөртүшүм керектиги айкын боло баштады. Ыйык Китептеги: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деп айтылгандар мага өзгөчө таасир этти (Накыл сөздөр 13:20). Мен кылмыштуу топтон таптакыр алысташым керектигин түшүндүм. Мындай кылуу оңойго турган жок, бирок Жахаба Кудайдын жардамы менен андан чыгып кеттим.

Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү теске салууга кириштим

Андан сырткары, канчалык оор болсо да, тамекини, баңгизатты таштадым. Узун чачымды кырктырып, сөйкөмдү чечип салдым, жаман сөздөрдү сүйлөбөй калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү теске салууга кириштим.

Мен китеп окуганды жаман көрчүмүн, ошон үчүн Ыйык Китепти изилдөө учурунда оюмду топтой албай аябай кыйналып жүрдүм. Бирок аракетимди токтоткон жокмун. Ошентип, акырындык менен Жахаба Кудайга болгон сүйүүм өрчүй берди жана мурунку иштерим үчүн абийирим кыйнай баштады. Өзүмдү жек көрүп кеткен учурларым көп болчу, Жахаба Кудай кылган күнөөлөрүмдү кечирбейт го деп да ойлоп кетчүмүн. Андай учурларда Жахаба Кудайдын Дөөтү пайгамбардын чоң күнөөлөрүн кечиргени жөнүндө окуганда жеңилдей түшчүмүн (2 Шемуел 11:1—12:13).

Мага кыйын болгон дагы бир нерсе үйдөн үйгө кабар айтуу эле (Матай 28:19, 20). Анткени менден запкы көргөн адамдарды жолуктуруп калам деп корко берчүмүн. Бирок акырындап отуруп андай коркунучту да жеңдим. Абдан кечиримдүү, мээримдүү Кудайыбыз жөнүндө башкаларга айтуудан канааттануу алып, жүрөгүмө кубаныч толо баштады.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Жахаба Кудайды таанып-билгеним өмүрүмдү сактап калды десем болот. Мурун чогуу жүргөндөрдүн көбү азыр жок же түрмөдө отурушат. Менин жашоом болсо маңыздуу өтүп жатат, жаркын келечекке да үмүтүм бар. Момун болуп, тил алганды жана ачуумду тыя билгенди да үйрөндүм. Азыр башкалар менен жакшы мамиледемин. Кармен деген жакшынакай жубайым бар. Экөөбүз тең башкаларга Ыйык Китепти окуп-изилдегенге жардам бергенди жакшы көрөбүз.

Азыр мен ак эмгегим менен акча табам. Кээде банктарда да иштеп калам. Бирок мурда аларды тоноп жүрсөм, азыр тазалайм.