Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Зордук-зомбулукка кул болбой калдым»

«Зордук-зомбулукка кул болбой калдым»
  • Туулган жылы: 1956

  • Өлкөсү: Канада

  • Мурун: Жашоодон көңүлү калган, адеп-ахлаксыз жана ырайымсыз киши болгон

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен Канаданын Альберта штатындагы Калгари шаарында төрөлгөм. Ата-энем мен жаңы төрөлгөндө эле ажырашып кеткендиктен, апам мени алып, таята-таенемдикине көчүп барыптыр. Таятам менен таенем апам экөөбүздү жакшы көрчү, ошондуктан балалыгым аябай бактылуу өттү. Ошол бейкапар күндөрдү дагы деле жылуу сезимдер менен эскерем.

Жети жаштарга чыгып калганымда, жашообуз оордой баштады. Апам менен атам кайра жарашып, АКШнын Миссури штатындагы Сент-Луис деген шаарга көчүп кеттик. Көп өтпөй эле атамдын катаал киши экенин түшүндүм. Ал менин жаңы мектебиме барган биринчи эле күнү балдардан таяк жеп келгенимди, өзүмдү коргош үчүн эч нерсе кылбаганымды билгенде аябай ачууланып, мени мектептеги балдардан да катуу сабап салды! Ошондо жөн эле туруп бербешим керектигин түшүнүп, жети жашыман баштап эле башкалар менен мушташа баштадым.

Атам апамды сөз менен аябай кордочу. Ошондуктан апам экөө көп кыйкырышчу. Мен 11 жашымда баңгизат колдонуп, ичимдик иче баштадым. Барган сайын ырайымсыз боло бердим. Башкалар менен мушташып эле жүрчүмүн. Мектепти бүткөн кезимде мурдагыдан да катаал болуп кеттим.

18ге чыкканда АКШнын деңиз жөө аскеринде кызмат өтөй баштадым. Ал жактан үйрөнгөндөрүм ого бетер мыкаачы болгонго түрттү. Беш жылдан кийин аскердик кызматымды калтырып, Федералдык иликтөө бюросуна жумушка орношом деген максатта университетте психологиянын окуусун окуй баштадым. Окуумду Кошмо Штаттарда баштап, Канадага көчүп баргандан кийин ошол жактан уланттым.

Университетте окуп жүргөнүмдө адамдардан, деги эле коомчулуктан көңүлүм калды. Көптөр мага өзүмчүл сезилчү. Дүйнөдөгү эч бир нерсенин маңызы жоктой, адамзаттын көйгөйлөрү такыр чечилбечүдөй көрүнчү. Ошондуктан адам баласынын заманды жакшы жакка өзгөртө аларынан үмүт үзүп койгом.

Жашоонун маңызы жок экенин көргөндө ичкиликке, баңгизатка берилип, акчанын, жыныстык адеп-ахлаксыздыктын артынан сая түштүм. Эси-дартымдын баарын кийинкиде кайсы кечеге барам, кайсы кыз менен болом деген ойлор ээлеп алган. Аскерде кызмат өтөгөндүктөн өзүмдү ишенимдүү сезип, көп согушчумун. Адилеттүүлүккө карата өз оюм бар болчу. Башкаларга адилетсиз мамиле кылгандар менен кармаша кетчүмүн. Бирок, чынында, мындай кылуу менен барган сайын зордук-зомбулукка кул боло бергем.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Бир күнү досум экөөбүз нашаа чегип алып үйүмдүн жер төлөсүндө нашааны сатканы даярдап жатканбыз. Досум менден: «Кудайга ишенесиңби?» — деп сурап калды. Мен: «Эгер дүйнөдөгү азап-кайгыга Кудай күнөөлүү болсо, ал жөнүндө такыр билгим келбейт!» — деп жооп бердим. Кийинки күнү жаңы жумушка биринчи жолу барганымда, Жахабанын Күбөсү болгон кесиптешим: «Дүйнөдөгү азап-кайгыга Кудай күнөөлүү деп ойлойсуңбу?» — деп сурады. Анын ошол суроону өз учурунда бергени мени аябай таң калтырып, кызыгуумду арттырды. Кийинки алты ай бою ал экөөбүз көп талкуу жүргүздүк. Ал жашоого байланыштуу оор суроолорумдун жообун Ыйык Китептен көрсөтүп берди.

Ошол учурда сүйлөшкөн кызым менен чогуу жашачумун. Ал Ыйык Китептен билгендеримди айтышыма каршы болду. Бир жолу жекшемби күнү ага үйгө Жахабанын Күбөлөрүн биз менен Ыйык Китепти изилдегенге чакырып койгонумду айттым. Кийинки күнү жумуштан келсем, ал үйдөгү нерселердин баарын алып, мени таштап кетип калыптыр. Буга аябай жаман болуп эшикке чыгып алып, ыйладым. Анан Кудайдан тиленип, мага жардам беришин сурадым. Ошондо биринчи жолу ага ысмынан кайрылып, Жахаба деп тилендим (Забур 83:18).

Эки күн өткөндөн кийин бир жубайлар менен биринчи жолу Ыйык Китепти изилдей баштадым. Алар кеткенден кийин Ыйык Китепти изилдеш үчүн чыгарылган «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» a деген китепти андан ары окуп, ошол түнү толугу менен бүтүрдүм. Жахаба Кудай менен анын Уулу Иса Машаяк жөнүндө билгендерим жүрөгүмдү козгоду. Мен Жахабанын абдан боорукер Кудай экенин, биз кыйналганда кошо кыйналарын түшүндүм (Ышая 63:9). Жахабанын мени сүйүп, өзүнүн Уулун мен үчүн курмандыкка чалганы мага өзгөчө таасир этти (1 Жакан 4:10). Ошондой эле ал «эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан» мага чыдап келгенин түшүндүм (2 Петир 3:9). Жахабанын мени өзүнө жакындатып жатканын сезе баштадым (Жакан 6:44).

Ыйык Китепти изилдей баштаган жумадан тартып эле жыйналыштарга бара баштадым. Чачым узун, кулагымда болсо сөйкөлөрүм бар болчу, түрүм үрөй учурарлык эле. Ошого карабай Жахабанын Күбөлөрү мени көптөн бери көрө элек тууганындай тосуп алышты. Алар Кудайдын чыныгы кызматчыларындай иш кылышты. Ошондо өзүмдү таята-таенемдикине кайтып баргандагыдай эле сездим. Бирок жыйналыш андан да жакшы чөйрө болчу.

Көп өтпөй Ыйык Китептен окуп-билгендерим жашоомду өзгөртө баштады. Мен узун чачымды кырктырдым, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштеримди таштадым, баңгизат колдонгонумду, ичкенимди койдум (1 Корунттуктар 6:9, 10; 11:14). Анткени Жахабага жаккым келе баштады. Ошондуктан мурда кылып жүргөн иштеримдин ага жакпай турганын билгенде андай жүрүм-турумумду актаган жокмун. Тескерисинче, окуп-билгендерим жүрөгүмдү көзөп өттү. Өзүмө: «Мындан ары андай иштерди такыр кылбайм»,— деп сөз бердим. Анан ой жүгүртүүмдү, жүрүм-турумумду өзгөрткөнгө бел байладым. Мунун аркасында көп узабай эле баарын Жахабага жаккандай кылганымдын пайдасын сезе баштадым. Ошентип, 1989-жылдын 29-июлунда, Ыйык Китепти изилдей баштаганымдан алты ай өткөндөн кийин, чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ

Ыйык Китеп мага мүнөзүмдү өзгөртүүгө жардам берди. Мурда бирөө жиниме тийгенде, мушташкандан кайра тартчу эмесмин. Азыр болсо «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» умтулам (Римдиктер 12:18). Мен өз күчүм менен өзгөрдүм деп айта албайм. Мунун баары Жахабанын Сөзүнүн жана ыйык рухтун таасиринин аркасында болду (Галатиялыктар 5:22, 23; Еврейлер 4:12).

Баңгизаттын, зомбулуктун, ыпылас каалоолорумдун кулу болбой, Жахаба Кудайга жакканга жана ага эң жакшысын бергенге аракет кылып жатам. Мисалы, башкаларга аны таанып-билүүгө жардам берүүдөмүн. Жахабанын Күбөсү болгонумдан бир нече жыл өткөндөн кийин жакшы кабар таратууга көмөк кылыш үчүн башка өлкөгө көчүп баргам. Көп жылдардан бери башкаларды окутуп-үйрөтүп, Ыйык Китеп алардын жашоосун кантип өзгөртүп жатканын көрүп чоң кубанычка бөлөнүп келем. Апамдын Жахабанын Күбөсү болгону да мага кубаныч тартуулады. Ага өзүн Жахабага арноого менин көз карашымдын, жүрүм-турумумдун өзгөргөнү түрткү берген.

1999-жылы Эль-Сальвадордо азыр Падышалыктын жарчыларынын мектеби деп аталган мектептен билим алдым. Ал мектеп кабар айтуу ишин жетектөөгө, жыйналыштагыларды окутуп-үйрөтүүгө жана алардын ишенимин бекемдөөгө жөндөмдүү кылды. Ошол эле жылы Евгения деген кызга үйлөндүм. Сүйүктүү жубайым экөөбүз учурда Гватемалада толук убакыт кызмат кылып жатабыз.

Мурда жашоодон көңүлүм калса, азыр бакытка бөлөнүп жашап жатам. Ыйык Китептеги билим мени ыпыластыктан, зордук-зомбулуктан эркиндикке чыгарды. Ошондой эле анын аркасында чыныгы сүйүүнү сезип, тынчтыкта жашап келем.

a Жахабанын Күбөлөрү азыр изилдөө куралы катары «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебин колдонушат.