Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү христиандарбы?

Жахабанын Күбөлөрү христиандарбы?

 Биздин христиан чиркөөлөрү менен эч кандай байланышыбыз жок. Биз өзүбүздү Машаяктын жолдоочулары деп эсептейбиз. Буга бир нече себеп бар:

  •   Биз Иса Машаяктын айткандарын аткарып, анын үлгүсүнө карманып жашайбыз (1 Петир 2:21).

  •   Иса Машаяк аркылуу гана түбөлүк өмүр аларыбызга жана «куткарылышыбыз үчүн асман астында адамдарга берилген башка ысым жок» экенине ишенебиз (Элчилер 4:12).

  •   Кудайдан тиленгенибизде Иса Машаяктын атынан кайрылабыз (Жакан 15:16).

  •   Кудайдын Иса Машаякты бардык элдерге Падыша кылып дайындаганына ишенебиз (1 Тиметей 6:15).

 Биз өздөрүн христианбыз деп атаган диний агымдардан көп жагынан айырмаланабыз. Мисалы, биз Иса Машаякты Троицанын (үч беттүү кудайдын) бир бөлүгү же Кудай деп эсептебейбиз, анткени Ыйык Китепте андай деп айтылбайт (Марк 12:29). Ошондой эле жандын өлбөс экенине, Кудайдын адамдарды тозокто түбөлүк кыйнай турганына ишенбейбиз. Андан тышкары, диний жетекчилердин аларды башкалардан жогору кылып көрсөткөн кандайдыр бир наамдары болушу керек дегенге кошулбайбыз (Насаатчы 9:5; Жезекиел 18:4; Матай 23:8—10).