Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбарга ишенеби?

Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбарга ишенеби?

 Ооба, ишенебиз. Ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6). Биз Иса Машаяктын асмандан жерге келип, өзүнүн жеткилең өмүрүн куткаруу курмандыгы катары бергенине ишенебиз (Матай 20:28). Анын өлүп, кайра тирилгенинин аркасында ага ишенген адамдар үчүн түбөлүк өмүргө жол ачылган (Жакан 3:16). Ошондой эле биз учурда Иса Машаяктын Кудайдын асмандагы Падышалыгында Падыша экенине жана жакында бүт жер жүзүнө тынчтык орноторуна ишенебиз (Аян 11:15). Бирок биз аны Кудайдай көрбөйбүз, анткени ал өзү да: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28). Андыктан Иса пайгамбарга сыйынбайбыз жана аны Кудуреттүү Кудай деп эсептебейбиз.