Забур 77:1—20
Башчыга. Жедутун. Асаптын забуру+. Ыр.
77 Бийик үн менен Кудайга жалбарам+,Кудайга бийик үн менен жалбарам, ошондо ал мага кулак салат+.
2 Кыйналганымда Жахабаны издейм+,Түнкүсүн сунулган колум талыбайт.Жаным да сооронгусу келбейт+.
3 Кудайды эстегенде, ичим уйгу-туйгу болот+,Сарсанаага батып, рухум алсырайт+.(Села)
4 Сен мага көз ирметпей жатасың+;Тынчым кетип, сүйлөөгө дарманым жок+.
5 Мен байыркы күндөр жөнүндө+,Эзелки жылдар тууралуу ой жүгүртөм.
6 Түнкүсүн кыл аспап черткенимди эстейм+,Жүрөгүм сарсанаага батат+,Рухум бардыгын кылдат изилдейт.
7 Жахаба биротоло таштап кетеби+,Кайра эч качан ырайым кылбайбы?+
8 Мээримдүүлүгү түбөлүккө көрсөтүлбөй турган болдубу?+Сөзү биротоло жокко чыктыбы?+
9 Кудай ырайымдуулугун унутуп койдубу?+Же каарданып, кайрымдуулугун көрсөтпөй калдыбы?+(Села)
10 «Эң Жогорку Кудайдын оң колунун жардам бербей калганы+Мени азапка салып жатат»,— дей беремби?+
11 Мен Жахтын иштерин эстейм+.Сенин байыркы убактагы кереметтүү иштериңди эстейм+.
12 Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм+,Иш-аракеттериң жөнүндө ойлоном+.
13 Оо, Кудай, сенин жолуң ыйык жайда+.Биздин Кудайдай улуу Кудай барбы?+
14 Сен ажайып иштерди жасаган чыныгы Кудайсың+,Күчүңдү элдер арасында көрсөтүп келдиң+.
15 Өз колуң менен элиңди,Жакып менен Жусуптун уулдарын эркиндикке чыгардың+. (Села)
16 Оо, Кудай, сени суулар көргөн,Суулар көргөн, алар буркан-шаркан түшкөн+,Суу туңгуюктары долуланган+.
17 Күн күркүрөп, булуттардан суу төгүлгөн+,Булуттуу асман күркүрөгөн,Жебелериң туш тарапка учкан+.
18 Сен күндү арабалардын дөңгөлөктөрүндөй күркүрөткөнсүң+,Чагылган жердин бетин жарык кылган+,Жер кыймылга келип, солкулдаган+.
19 Сенин жолуң деңиз аркылуу+,Чыйырың чоң суулар аркылуу өткөн.Баскан изиң таанылбай калган.
20 Сен Мусанын жана Арундун колу менен+Элиңди отордой кылып жетектеп жүргөнсүң+.