Забур 146:1—10
146 Жахты даңктагыла!+Оо, жаным, Жахабаны даңкта+.
2 Жахабаны өмүр бою даңктайм+.Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңазалап ырдайм+.
3 Аттуу-баштууларга+,Куткара албай турган адам баласына таянбагыла+.
4 Анын деми чыгат да+, өзү топуракка кайтат+,Ошол күнү ойлору ойрон болот+.
5 Жакыптын Кудайынан жардам күткөн+,Жахаба Кудайынан үмүттөнгөн адам+ бактылуу.
6 Ал — асман менен жерди+,Деңизди жана алардагынын баарын жараткан+,Ишенимдүүлүгүн түбөлүккө сактаган+,
7 Алдангандарга акыйкат өкүм чыгарган+,Ачка болгондорго нан берген Кудай+.Жахаба туткундарды бошотот+,
8 Жахаба сокурлардын көзүн ачат+,Жахаба бүк түшкөндөрдү тургузат+,Жахаба адил адамдарды сүйөт+.
9 Жахаба келгиндерди коргойт+,Жетим менен жесирге жардам берет+,Ал эми ыймансыздардын+ жолун ийри кылат+.
10 Жахаба түбөлүккө,Оо, Сион+, сенин Кудайың муундан муунга падышалык кылат+.Жахты даңктагыла!+