Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ТААЛИМ

Адеп-ахлактуулук

Адеп-ахлактуулук

АДЕП-АХЛАКТУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жогорку адеп-ахлак нормаларына кармангандар эмне туура, эмне туура эмес экенин так ажырата билишет. Алар муну сезимдерге жетектелип чечпейт. Анын ордуна, дайыма, атүгүл башкалар көрбөгөндө да принциптерге жетектелип иш кылышат.

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Балдарга классташтары, музыка, кино, телеберүү аркылуу жаман-жакшыга карата бурмаланган көз караш таңууланат. Ошондон улам бала ата-энеси үйрөткөндөрдүн тууралыгына шектене башташы мүмкүн.

Бул, өзгөчө, өспүрүм куракта көбүрөөк байкалат. Бир китепте айтылгандай, «балдар ошол куракка чейин эле аларга атактуу болууга же башкаларга жагууга кысым көрсөтүлөрүн түшүнүшү керек. Алар досторуна жакпаса да, карманган адеп-ахлак нормаларына ылайык иш кылганга үйрөнүшү зарыл» («Beyond the Big Talk»). Ооба, балдарды өспүрүм куракка чейин эле үйрөтүү абзел.

КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?

Жаман менен жакшыны ажырата билгенди үйрөткүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «[Жетилген адамдар] акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышат» (Еврейлер 5:14).

  • Туураны туура эместен айырмалаган сөздөрдү колдонгула. Мисалы, күнүгө мындай сөздөрдү колдонуп, экөөнүн айырмасын көрсөтсөңөр болот: «Бул чынчылдыкка, тиги болсо алдамчылыкка жатат». «Бул берилгендикти, тиги болсо чыккынчылыкты билдирет». «Бул боорукердикке, тиги болсо таш боордукка жатат». Бара-бара балаңар эмне туура, эмне туура эмес экенин түшүнүп калат.

  • Эмне үчүн жакшы, эмне үчүн жаман экенин түшүндүргүлө. Алсак, мындай суроолорду берсеңер болот: «Чынчыл болуу эмне үчүн жакшы? Калп кандайча достордун мамилесин бузат? Уурдоо эмне үчүн туура эмес?» Балаңарга жаман менен жакшыны айырмалаганга үйрөтүү үчүн ой жүгүрткөнгө түрткү бергиле.

  • Адеп-ахлактуу болуунун пайдасын баса белгилегиле. Мындай десеңер болот: «Чынчыл болсоң, башкалар сага ишенет. Боорукер болсоң, башкалар сага тартылып турат».

Бүт үй-бүлөңөр менен адеп нормаларына кармангыла.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Өзүңөрдү сынап тургула» (2 Корунттуктар 13:5).

  • Бүт үй-бүлөңөр менен адеп-ахлак нормаларына кармансаңар, мындай деп эркин айта аласыңар:

    • «Биз бүт үй-бүлөбүз менен калп айтпайбыз».

    • «Башкаларды уруп-чаппайбыз, аларга кыйкырбайбыз».

    • «Орой же кемсинтерлик сөздөрдү айтпайбыз».

Ошондо балаңар адеп-ахлак нормалары жөн гана эрежелер эмес, үй-бүлөңөрдү өзгөчөлөгөн нормалар экенин түшүнөт.

  • Үй-бүлөңөр баалаган нерселерди балаңар менен бат-бат талкуулап тургула. Ар кандай жагдайлардан пайдаланып, аны үйрөткүлө. Баалаган нерселериңерди телевизордон көрсөтүлгөн же мектепте айтылгандар менен салыштыргыла. Балаңардан: «Сен кандай кылмаксың? Биздин үй-бүлө кандай кылмак деп ойлойсуң?» — деп сурасаңар болот.

Туураны кылууга болгон чечкиндүүлүгүн арттыргыла.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Абийириңерди таза сактагыла» (1 Петир 3:16).

  • Мактагыла. Балаңар туура кылганда, мактагыла жана эмне үчүн мактап жатканыңарды түшүндүргүлө. Мисалы: «Сен чынчылдыкка жаткан иш кылдың. Сени менен сыймыктанам»,— десеңер болот. Туура эмес кылганын айтса, оңдоп-түзөөрдөн мурун ачык айтканы үчүн мактагыла.

  • Оңдоп-түзөгүлө. Балаңарга туура эмес кылганы үчүн жоопкерчиликти алууга жардам бергиле. Ал эмнени туура эмес кылганын жана анын кылганы бүт үй-бүлөңөр менен карманып келген нормаларга кандайча каршы келерин түшүнүшү керек. Айрымдар баласын капа кылгысы келбегендиктен ага туура эмес кылганын айтышпайт. Бирок баласынын кылганы туура эмес экенин түшүндүрсө, ага абийирин үйрөткөнгө, жаман иштерден качканга жардам беришет.