Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый кырсык болгондо эмне кылса болот?

Табигый кырсык болгондо эмне кылса болот?

Табигый кырсык болгондо эмне кылса болот?

Табигый кырсыктар барган сайын каргашалуу болуп, тез-тезден болуп жаткандыктан, алдын ала кандай чараларды көрсө болот? Келгиле, буга байланыштуу айрым кеңештерди карап көрөлү.

Алдын ала чара көргүлө. Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:3). Табигый кырсыкка карата да ушул даанышман кеңешти колдонууга болот. Алсак, жанар тоосунун атылары, сел каптай турганы же катуу куюн болору кулактандырылганда коопсуз жакка качуу акылдуулукка жатат. Үй-жайга, оокат-кечекке караганда өмүр алда канча баалуу.

Айрымдардын андай кооптуу аймактардан биротоло көчүп кеткенге мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн. Бир беделдүү булакта мындай деп айтылат: «Жер шаарынын баары эле эмес, айрым жерлер гана табигый кырсыктар көп болушу мүмкүн болгон кооптуу аймакка кирет. Алдыда боло турган чоң табигый кырсыктардын көбү так ошол аймактарда болот». Ооба, бул айтылгандар дарыянын же деңиздин жээгиндеги деңиз деңгээлинен анча бийик эмес жерлерге жана жер титирөө бат-бат болуп турган жерлерге түздөн-түз тиешеси бар. Ошондой жерлерде жашабаганыңар же ошондой жакта жашасаңар коопсуз жакка көчүп кеткениңер абзел. Ошондой кылсаңар, табигый кырсыктан запкы тартышыңардын ыктымалдуулугу төмөндөйт.

Алдын ала ойлонуштургула. Бирок чаралардын баарын көргөн күндө да, табигый кырсык силер күтпөгөн убакта болуп калышы этимал. Ошондой учурда эмне кылууну мурун эле ойлонуштуруп койсоңор, кыйынчылыкты көтөрүп кетүү жеңилирээк болот. Бул да жогорудагы Накыл сөздөр китебинин 22-бөлүмүнүн 3-аятында айтылган кеңешке ылайык келет. Кырсык болгондо эң зарыл нерселерди дароо алып чыгып кеткенге даярдап койдуңарбы? Табигый кырсыктарга байланыштуу кеңештер берилген бир китепте эң алды: дары-дармектерди, документтерди, таза сууну жана бузулбай турган азык-түлүктү салып, даярдап кою зарыл экени жазылган. Ошондой эле силердин аймакта кандай табигый кырсык болушу мүмкүн экенин жана андайда эмне кылыш керектигин үй-бүлөңөр менен талкуулап алганыңар акылдуулукка жатат («Disaster Education»).

Кудай менен ынак мамиледе болгула. Эгер Кудай менен ынак мамиледе болсок, кандай гана кыйынчылык болбосун, туруштук бере алабыз. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Ал — боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай»,— деп айтылган. Ал эми дагы бир аятта анын «көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай» экени жазылган (2 Корунттуктар 1:3, 4; 7:6).

Кудай ага таянгандардын кандай жагдайга кабылганын жакшы билет. Ал сүйүүнүн Кудайы болгондуктан, ар кандай жолдор менен бизди бекемдеп, кайраттандырып турат (1 Жакан 4:8). Кудайдан ыйык рух сурап тиленсек, бардык кыйынчылыктарды көтөрө алабыз. Кайгырып, мүңкүрөп турганыбызда Кудайдын руху Ыйык Китептеги бизди жубатып, соорото турган аяттарды эстегенге көмөк кылат. Ырас, Кудайдан корккон, ага кызмат кылган адамдар: «Коюу караңгылык каптаган өрөөндө баратсам да, эч бир жамандыктан коркпойм, анткени сен мени мененсиң. Сенин таягың менен союлуң мени сооротот»,— деп айткан Дөөтү пайгамбардыкындай сезимде болушат (Забур 23:4).

Ишенимдештердин жардамы. 1-кылымда жашаган Агап пайгамбар «Клавдийдин тушунда» «катуу ачарчылык болорун рухтун жетеги менен кабарлаган». Ал ачарчылыктан Иса пайгамбардын көптөгөн жолдоочулары жапа чегишкен. Алардын башка жакта жашаган ишенимдештери бул тууралуу укканда эмне кылышты эле? Ыйык Китепте: «Ошондо шакирттер, ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша, Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечишти»,— делет (Элчилер 11:28, 29). Ооба, алар кыйналган бир туугандарына кам көрүп, чын жүрөктөн жардам беришкен.

Бүгүнкү күндө да ар кандай кырсык болгондо, Кудайдын кызматчылары бир туугандарына жардамга келишет. Жахабанын Күбөлөрүнүн кырсык болгондо ишенимдештерине дароо жардамга келгени баарына маалым. Мисалы, 2010-жылдын 27-февралында Чилиде катуу жер титирөө болгондо, Жахабанын Күбөлөрү жапа чеккендерге жардам берүү үчүн дароо чара көрүшкөн. Үйүн цунами агызып кеткен Карла мындай деп эскерет: «Кырсык болгон күндүн эртеси эле ар кайсы жерден ишенимдештерибиздин [Жахабанын Күбөлөрүнүн] бизге жардам бериш үчүн келгени мени аябай кубантып, кайраттандырды. Ооба, Жахаба Кудай ал бир туугандар аркылуу бизге кам көрүп жатты. Мен Жахабанын сүйүүсүн, мээримин сездим». Анын Жахабанын Күбөсү болбогон чоң атасы бир туугандардын жардам бергенин көрүп: «Менин чиркөөмдөгүлөрдүн ушундай кылганын такыр көргөн эмесмин!» — деген. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирине жардам бергени жүрөгүн козгогондуктан, ал Ыйык Китепти изилдегиси келерин айткан.

Кудайдан корккон, аны сүйгөн адамдардын арасында болсок, кыйын кезеңде алар бизди колдойт. Бирок табигый кырсыктар такыр болбогон убак келеби? Келгиле анда, бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.

[6-беттеги сүрөт]

Кырсык болгондо эң зарыл нерселерди дароо алып чыгып кеткенге даярдап койдуңарбы?

[7-беттеги сүрөт]

Кудайдан ыйык рух сурап тиленсек, бардык кыйынчылыктарды көтөрө алабыз

[7-беттеги сүрөт]

Кыйын кезеңде ишенимдештер бири-бирине жардамга келишет

[7-беттеги сүрөт]

«Мен Жахабанын сүйүүсүн, мээримин сездим»