Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?

Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?

Бир жолу Исанын айрым ишенимдүү жолдоочулары андан Кудайдын Падышалыгынын качан башкара баштаарын сураган. Ал аларга анын так убакыт-саатын эч ким билбей турганын айткан (Элчилер 1:6, 7). Бирок андан мурунураак «Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын» жана жер бетине бийлик кыларына аз калганын көрсөткөн айрым белгилер тууралуу сөз кылган. Анын жолдоочулары ошол белгилердин баары бир учурда аткарылып жатканын көрүшмөк (Лука 21:31).

ИСА АЙТКАН БЕЛГИЛЕР

Иса: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт. Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот»,— деген (Лука 21:10, 11). Манжанын изи бир эле кишиге таандык болгондой эле, ал айтып өткөн окуялардын баары Кудайдын Падышалыгы башкара турган убакка аз калган учурга гана туура келет. Алар дүйнө жүзү боюнча бир учурда болуп жатабы? Ооба. Келгиле, далилдерди карап чыгалы.

1. СОГУШТАР

Тарыхчылар 1914-жылы дүйнө түп-тамыры менен өзгөргөнүн айтышат. Себеби ошол жылы ага чейин болуп көрбөгөн Биринчи дүйнөлүк согуш тутанган. Ошондон тартып танка, авиа бомба, пулемёт, уулуу газ жана башка ушу сыяктуу курал-жарактар колдонула баштаган. Ал эми куйрук улаш башталган Экинчи дүйнөлүк согушта атом бомбалары колдонулган. 1914-жылдан бери улам бир жерде согуш чыгып, миллиондогон кишилер набыт болууда.

2. ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР

Беделдүү бир эмгекте айтылгандай, жыл сайын көп аймактын «таш-талканын чыгарган» 100дөй жер титирөө болот. Ал эми АКШнын геологиялык кызматы: «Көп жылдан бери (болж. м. 1900-жылдан бери) бир жылдын ичинде 16дай катуу жер титирөө болору күтүлүүдө»,— деп билдирген. Айрым изилдөөчүлөр учурда жердин силкингенин күн мурун аныктаган шаймандар бар болгону үчүн эле жер титирөө көп болуп жаткандай сезилерин айтышат. Ошондойбу же жокпу, дүйнөдө болуп жаткан чоң жер титирөөлөрдүн айынан далайлар жабыр тартып, атүгүл өмүрүнөн айрылууда.

3. ТАМАК-АШТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ

Тамак-аштын жетишсиздигине көп учурда согуш, жемкорлук, каржы каатчылыгы жана түшүмсүздүк себеп болот. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «2018-жылдагы жыйынтыгында»: «Дүйнө жүзү боюнча 821 миллион киши тамак-аштын жетишсиздигинен, ал эми 124 миллион киши катуу ачарчылыктан жапа чегет»,— делген. Чала тоюттан бир жылда эле 3 100 000дей бала набыт болот. 2011-жылы дүйнө жүзүндө каза тапкан балдардын 45тей пайызына ачарчылык себеп болгон.

4. ЖУГУШТУУ ООРУЛАР

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чыгарган бир адабиятта мындай деп жазылган: «21-кылымда чоң-чоң эпидемиялар кулач жайды. Холера, күлапса жана сары безгек сыяктуу эски оорулар кайрадан козголду. Ал эле эмес, САРС (дем алуу органдарын жабыркаткан оору), пандемияга айланган сасык тумоо, МЕРС (Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому), Эбола жана Зика (жаныбарлардан жуккан ылаң) сыяктуу жаңы илдеттер пайда болду». Акыркысы COVID-19 пандемиясы. Окумуштуулар, доктурлар көптөгөн ооруларды изилдешкени менен, алардын дабасын таппай келишет.

5. ЖАКШЫ КАБАРДЫН БҮТ ДҮЙНӨГӨ ТАРАТЫЛЫШЫ

Иса алдын ала дагы бир белги тууралуу айткан. Ал: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14). Дүйнөдө үрөйдү учурган окуялар болуп жатса да, ар кайсы улуттагы сегиз жарым миллиондон ашуун киши Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууда. Ал кабар 240 өлкөдө жана 1 000ден ашуун тилде айтылууда. Адамзат тарыхында мындай эзели болгон эмес!

БЕЛГИЛЕР ЭМНЕДЕН КАБАР БЕРЕТ?

Иса алдын ала айткан окуялардын баары учурда болуп жатат. Биз буга эмне үчүн кызыкдар болушубуз керек? Иса: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деп айткан (Лука 21:31).

Падышалык жакында жерди Кудай ниет кылгандагыдай кылып өзгөртөт

Иса айткан белгилер жана Ыйык Китепте жазылгандар Кудайдын Падышалыгы асманда 1914-жылы a орногонун көрсөтүп турат. Анын падышасы кылып Кудай өз Уулун, Иса Машаякты, дайындаган (Забур 2:2, 4, 6—9). Жакында ал Падышалык жердин үстүнөн бийлик кыла баштаганда бир-бирине атаандашкан бардык өкмөттөрдү жок кылат. Ошондой эле жер жүзүн адамдар түбөлүк жашай турган бейишке айлантат.

Жакын арада Исанын жолдоочуларынын: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген өтүнүчү аткарылат (Матай 6:10). Ал Падышалык 1914-жылы орногондон бери эмнелерди ишке ашырууда? Падышалык адамзатты башкарган убакта заман кандай болот?

a 1914-жыл тууралуу көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин 32-бөлүмүн карагыла.