Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-БӨЛҮМ

Падышалык залдары эмне үчүн жана кандайча курулат?

Падышалык залдары эмне үчүн жана кандайча курулат?

Боливия

Нигерия, мурун жана азыр

Таити

Иса пайгамбар, негизинен, Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, Кудайдын өкмөтү жөнүндө кабар айткан. Ыйык Китепте да Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышыбыз керектиги баса белгиленет. Ошо себептен жыйналышыбыз өткөрүлгөн жер Падышалык залдары деп аталат (Лука 8:1).

Падышалык залдары. Жахабанын Күбөлөрү да Кудай жөнүндө кабар айтышат. Алардын жыйналыш өткөргөн залдары кабар айтуу ишинде маанилүү роль ойнойт (Матай 24:14). Андай залдар түзүлүшү, чоңдугу жагынан бири-биринен айырмаланып турат жана көбүндө бир нече жыйналыш өткөрүлөт. Жыйналышка келгендердин саны өсүп жаткандыктан, акыркы жылдары он миңдеген залдар курулду (орто эсеп менен, күнүнө бештен зал курулуп турду). Бул кандайча ишке ашууда? (Матай 19:26).

Залдар ыктыярдуу тартуулардын негизинде курулат. Ыктыярдуу тартуулар филиалга жөнөтүлөт. Филиал ал акчаны жыйналыш өткөрүлө турган залдарды курууга же оңдоп-түзөөгө бөлүп берет.

Ыктыярдуу куруучулар акы албай курушат. Көптөгөн жерлерде Жахабанын Күбөлөрүнүн залдарын куруу топтору уюштурулган. Ал топтогу куруучулар жана ыктыярдуу жардамчылар бир жерден экинчи жерге, атүгүл алыскы аймактарга чейин барып, ал жактагы жыйналыштарга Падышалык залдарын курууга жардам беришет. Ал эми айрым өлкөлөрдө залдарды куруу жана оңдоо жумуштарын көзөмөлдөөгө тажрыйбалуу бир туугандар дайындалат. Залды курууга иштин көзүн билген ыктыярдуу куруучулар жардам беришсе да, көпчүлүгүн жергиликтүү жыйналыштын мүчөлөрү түзөт. Ооба, залдарды куруу Жахаба Кудайдын жардамынын жана анын элинин чын жүрөктөн кылган иш-аракетинин аркасында ишке ашып жатат (Забур 127:1; Колосалыктар 3:23).

  • Жыйналышыбыз өткөрүлгөн жерлер эмне үчүн Падышалык залдары деп аталат?

  • Жыйналыш өткөрүлө турган залдарды куруу дүйнө жүзү боюнча кандайча ишке ашып жатат?